ТУКУМСУЗДУК: ЭРКЕКТЕРДЕ СПЕРМАТОЗОИД 2 ЭСЕ АЗАЙЫП КЕТТИБИ?

Тукумсуздук – адам жашоосундагы негизги маселелердин бири. Жубайлардын сабырын сынаган бул илдеттин тамыры жыл өткөн сайын жайылып баратканы да чындык. Дүйнөлүк окумуштуулар “эркектерде сперматозоиддердин саны жана кыймылы кескин азайып кетти” деп билдирүү жасай башташты. Көйгөйдүн башкы себеби ушулбу?

Уруктуктун активдүүлүгү да төмөндөөдө

Медицинасы күчтүү делген Израилдеги окумуштуулардын изилдөөлөрүн карап көрөлү. Иерусалим Еврей университети менен АКШнын “Синай тоосундагы Икандын медициналык борборунун медицина мектебинин” окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөрдө эркектердин бел суусундагы сперматозоиддердин саны акыркы 50 жылда 50 пайызга азайып кеткени айтылат. 1970-жылдары эркектердин 1 миллилитр уругунда орточо 101 миллион сперматозоид болсо, бүгүнкү күндө 49 миллионго чейин түшкөнүн белгилешет изилдөөчүлөр. Бул гана эмес, акыркы 10 жылда сперматозоиддердин кыймылы да азайган. Албетте, пассивдүү сперматозоиддер энелик клетканы уруктандыра албайт.

Маалыматка таянсак, 1970-1990-жылдар аралыгында эркектерде сперматозоиддердин саны жылына 1,6 пайыздан азайып келсе, 2000-жылдан тарта жылына 2,64 пайыздан азайып баратат. Бул тенденция дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө, айрыкча Европа, Борбордук жана Түштүк Америка чөлкөмүндө жүрүүдө дешет окумуштуулар.

Кыргызстанда бул жаатта абал кандай? Мирлан Айбашов, Жаныбек Мамбетов, Данияр Рысалиев баштаган уролог-андрологдор 2019-жылы эркектерге тиешелүү оорулар, патологиялар, тукумсуздук жаатында атайын изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөдө эркектер арасындагы тукумсуздук 40 пайызды түзөрү аныкталган. Кыргыз адистери да бул илдеттин негизги себептеринин бири деп сперматозоиддердин саны жана кыймылынын азайгандыгын баса белгилешти.

Албетте, мындай жыйынтыктар коомчулукту, айрыкча эркектерди ойлондурууга тийиш.

Сперматозоиддердин саны жана кыймылы эмне себептен азаят?

Окумуштуулардын айтканына таянсак, сперматозоиддердин саны жана кыймылын төмөнкү факторлор азайтат:

Психоактивдүү заттар. Наша, кокаин, спайс, вейп, алкоголдук ичимдиктер, тамеки (никотин), насыбай, булчуңдарды чыгаруучу анаболикалык стероиддер жана башкалар.

Тамекиге караганда насыбайдын зыяны аз деген туура эмес. Насыбайга тамеки, отундун күлү, акиташ, желим, суу кошулат. Тамеки, акиташ, желим – уулуу заттар. Эркектерге таандык тестостерон гормонун урук бези иштеп чыгарат. Насыбайды дамамат чеккенде уулуу заттар кан аркылуу урук безине барып, анын иштөөсүн бузат. Башкача айтканда, сперматозоиддердин жаралуусу жана өсүп жетилиши, сапаты начарлайт, саны азаят. Спирт ичимдиктерин ичкенде, баңгизат колдонгондо да ушундай абал күтүлөт.

Анаболикалык стероиддердин башкы курамы тестостерон жана синтетикалык андрогенден (тестостерондун аналогу) турат. Муну узакка колдонгондо эркектин организми тестостеронду иштеп чыгуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт да, аны иштеп чыгарууну бара-бара токтотот. Врачтар муну “психоактивдүү заттар менен бычылуу” деп аташат.

Жыныстык жол менен жугуучу оорулар. Хламидиоз, гонорея, сифилис, трихомониаз жана башкалар. Мындай оорулар жыныстык органдарды, анын ичинде урук безин сезгендирип, ооруларды, гормоналдык бузулууларды жаратат. Дарыланбай жүрө берүү тукумсуздукка жеткирет.

Ашыкча салмак, суук. Ашыкча май тестостерондун аз иштелип чыгышын шарттайт.

Суукта жука кийимчен жүрүү, муздак сууга жуунуу простатит, эпидидимит ооруларын жаратышы мүмкүн. Бул илдеттерде иштелип чыгып жаткан сперматозоиддердин көбү патологияга учурайт жана араң жан болушат. Алардын көбү урук чыктагыч безге келгенде өлүп калат.

Тизедеги ноутбук, ысык. Урук безинин температурасы денедеги температурадан 1-2 градус төмөн болушу шарт. Мисалы, ноутбукту алдыга алып узакка иштегенде ал ысып, урук безиндеги сперматозоиддердин сапатына терс таасир этет. Мончого ашкере көп түшпөө, унаада салон менен отургучту суук күндөрү өтө ысытпоо керек.

Дарылардан уулануу. Антибиотиктерди ашыкча жана өз алдынча колдонуу сперматозоиддердин жаралышына жана өсүп жетилишине терс таасир этет.

Бир жолу колдонулуучу пластик идиштер. Пластик идиштер жумшак жана ийкемдүү болушу үчүн курамына фталаттарды (химиялык элементтер) кошушат. Андай идиштерге салынган тамакты ичкенде аталган заттар тамак менен кошо ичке кирип, канга кошулат. Эркектерде сперматозоиддердин санын азайтышы ыктымал.

Жашылчалардагы пестициддер. Булардын өлчөмү жашылчаларда нормадан көп болгондо жаш балдарды убагынан эрте жетилүүгө алып келет. Улууларда сперматозоиддердин саны кыскарат жана көбү патологияга учурайт. Мисалы, 2 баштуу же 2 куйруктуу, же моюну адаттан тыш узун болуп. Албетте, бул эркектин балалуу болуусуна кедергисин тийгизет.

Туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук, начар экология. Булардын таасири да эркекте тестостерондун аз иштелип чыгышын шарттайт. Демек, сперматозоиддердин өлчөмү калыптагыдан аз болот дегендик.

• Коронавирус. Орусиялык окумуштуулар коронавирус менен ооруган эркекте тестостерондун саны 3 айга чейин аз болуп, сапаты начарлай турганын билдиришти.

Азыркыдай ыргакта жүрүп отурса, 2050-жылдардан кийин балалуу болуу глобалдык маселеге айланышы мүмкүнбү? Уролог окумуштуулар “жок, бул сперматозоиддердин санынын азаюу процесси кайсы бир учурда басаңдайт. Буга эркектердин медицина боюнча түшүнүктөрүнүн кеңейиши, урук клеткаларына зыян тийгизчү факторлордун алдын алышы жана медицинадагы жаңы технологиялар себеп болот” дешет.

Көйгөйдүн алдын алуу

• Туура тамактануу жана сергек жашоо образын кармануу

• Физикалык жактан активдүү болуу, ичимдик менен тамекини таштоо

• Баш аламан жыныстык катнаштан качуу, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан алыс болуу

• Жыныстык органдарды ысыктан жана сууктан сактоо

• Өз алдынча антибиотиктерди колдонбоо

• Ооруп калганда дарылануу жана башкалар

Макаланы даярдоого салым кошкондугу үчүн уролог-андролог Мирлан Айбашовго ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан