“МЕНИ ТАШТАП КЕТКЕН АПАМДЫ ИЗДЕГИМ КЕЛЕТ”

– Чоңойдум, элге аралаштым, көп жерлерди көрдүм. Бирок жашоомдогу бир учурду эсимден чыгарып, жок, эсимден чыгарып десем болбой калат го... Эч эле коё бере албай койдум, азыр да кайрадан көз алдыма тартыла түштү. Мындай окуяларды кагазга жазсаң көкүрөгүң бошой түшкөнүн сезесиң деп коюшат го. Ошол чын болсо, мен дагы жазып көрөйүн деп чечтим.

Апам... Апам дей берейин эми. Негизи апа деп айтуу кыйын эле. Анда кеп башынан болсун.

Анда 2-класс элем. Апам биз жашаган райондун борборунда иштечү. Атам талаа иштери, мал-жан менен үйдө карындашым экөөбүздү карап калар эле. Кичинекей болгонум менен, өтө зирек болчумун, баарын баамдачумун. Апам жумуштан кеч келген күнү үйдө катуу жаңжал болчу. Атам биздин курсагыбызды тойгузуп жаткырып койчу. Бирок түндө ызы-чуудан баары бир ойгончубуз.

– Ушуга чейин эмне кылып жүрдүң?

– Жумуш көп, текшерүү келет. Иштен башка эмне кылмак элем?

– Сенин текшерүүң качан келип бүтөт деги?

Бул сөздөр кадимкидей кулагыма сиңип калган. Биз мындай жаңжалдарда көп эле ары-бери чабалактадык. Карындашым апама, мен атама чуркайм, арачы түшкөнгө аракет кылабыз. Урушка кирип кеткен немелер бизди көзгө илет беле? Идиштер, күзгүлөр канча сынды... Бир учурда атам сыртка чыгып кетчү да, уруш ушул жерден токточу. Мен жатып алып атама эмне болду деп санаа тартам, күтөм. Бөлмөнүн жарыгы өчкөндө гана үйгө кирчү. Ошону менен эч ким бири-бирине сүйлөчү эмес. Апам эртеси жасанып жумушка кетип калар эле. Биз ал учурда үйдө уруш чыгарып жатат деп атамды жаман көрчүбүз. Кийин үйдөгү ошол көрүнүштөрдү көпкө анализдедим. Ар дайым атам менен апамдын тытышып урушуп жатканы көз алдымдан сызылып өтө берет. Көрсө, байкуш атам апамдын көлөкөсүндө калып бара жаткан кез экен. Бир күнү апам дагы кечикти, биз жаттык, апам жок. Кыш болчу. Катуу суук эле. Атам түнү менен мешке от жагып, улам эшикке чыгат. Мен анын кыймылын сезип, уктап жаткандай түр көрсөтүп жаттым. Атам таң эрте биздин курсагыбызды тойгузганга шашты. Атам үйдөн чыкканча апам келип калды. Карындашым экөөбүз элеңдеп, ичибизде коркунуч. Бирок адаттагыдай уруш болгон жок. Эшиктен эмне сөз болгонун билбейм. Бирок “басчы, үйгө кирип сүйлөшөлү” деген атамдын үнү угулуп калды. Апам кирип келип бизди төркү бөлмөгө киргизип, эшикти жаап койду. Мен экөө урушуп кетпесин деп каалганын жанында тыңшап жаттым.

– Сабыр, эми экөөбүз жашай албайбыз.

– Себеп?

– Кайда жүрдүң, кайдан келдиң деген урушуңдан чарчадым.

– Болгон себебиң ошолбу?

– Мен кетем. Айдайды бер, Актан сенде калсын,- деген сөздөрдү даана уктум. Уруштан үшүгөн жүрөк эч нерсе эмес экен. Көз жашым мөлтүрөп агып кетти. Апам мени жакшы көрбөйбү деген ойго кептелдим. Андан аркы сүйлөшүүнү уккан жокмун. Айдай мени карап жалдырайт. Үйдө эмне жөнүндө сөз болуп жатканын ал кайдан түшүнсүн?

Бир оокумда “кет, азыр кет, бирок балдардан айлан!” деген атамдын үнү өктөм чыкты. Кайрадан шыкаалай калдым. Атам каалганы аңырайта ачып апама колу менен сыртты көрсөттү. Апам биз турган бөлмөгө бир кылчайды да, чыгып кетти. Бир аздан соң унаанын жүрүп кеткен дабышы угулду. Ушундан кийин апам менен биздин жолдор кесилишкен жок. Көп узабай биз башка шаарга жер котордук. Үйдө апа деген сөздү айтууга катуу тыюу салынган эле. Атамдын кийинки аялын жеңе деп чоңойдук. Жакында эле батынып апам эмнеге бизден кеткенин атамдан сурадым. Көрсө, апам ата-энелердин каршылыгынан улам баш кошпой калган эски сүйүүсүн жолуктуруп калган экен. Апа деп сөз кылбай, ушунча жыл ансыз жашасак дагы, эмнегедир апамды көргүм, издегим келип жүрөт.

Актан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан