“АВАТАР: СУУНУН ЖОЛУ” РЕКОРДДУ ЖАҢЫЛАЙБЫ?

Күттүргөн тасма. Биринчи бөлүгү кинематографияда революция жасагандан кийин экинчи бөлүгүн көргүсү келгендер 13 жыл күтүштү. 2022-жылдын декабрь айында хитмен режиссёр Жеймс Кэмерондун “Аватар: Суунун жолу” тасмасы экранга чыкты. Көрөрманга жаңы дүйнө, жаңы маданият, жаңы эл, жаңы тарых тартуулаган Пандора планетасы, на’ви элинин жашоосу 10 жылдан ашык убакыттан кийин кандай болуп өзгөрдү?

Аталышы “Аватар: Суунун жолу”

Чыккан жылы2022-жыл, 6-декабрь

ЖанрыФантастика, боевик, драма

Режиссёру Жеймс Кэмерон

Сценарийин жазган Жеймс Кэмерон, Рик Жаффа, Аманда Силвер, Жош Фридман, Шэйн Салерно

Башкы ролдордо Сэм Уортингтон, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Стивен Лэнг, Кейт Уинслет жана башка

Узактыгы 3 саат 12 мүнөт


“Аватар” vs “Аватар-2”

2009-жылы Жеймс Кэмерон кино дүйнөсүнө визуалдык өнүгүү киргизип, компьютердик технологиянын, графиканын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп алгачкы жолу толугу менен 3D форматында тартылган “Аватар” тасмасын тартуулаган. Тасма феноменалдык ийгиликке жетишкенин сандар айтып турат. 237 миллион доллар бюджет менен тартылган тасма прокаттан 2,9 миллиард доллар топтоп, азыркы күнгө чейин тарыхтагы эң кымбат тасма катары лидерлик сапты эч кимге бербей келет. Биринчи бөлүгү чыкканда эле Кэмерон тасманын уландысы тартыларын айткан. Ана чыгат, мына чыгат деген долбоор сагыздай чоюлуп отуруп арадан 13 жыл өтүп кетти. Эки тасманын ортосундагы 10 жылдан ашык убакыт экинчи бөлүккө ийгилик алып келеби, көрөрмандын кызыгуусу бул убакыт аралыгында жоголуп кеткен жокпу, кеткен каражат акталабы деген кооптонуулар болгон. Ошентсе да өз ишинин фанаты болгон режиссёр 2022-жылдын декабрь айында “Аватар: Суунун жолу” аталышы менен франшизанын экинчи бөлүгүн көрөрманга тартуулады. Алдыда дагы 3 бөлүк тартылат. “Аватар-2нин” короткон бюджети 350-460 миллион доллар деп бааланууда. Азыркы күндө прокатта турган тасма
1,9 миллиард доллар топтоду. Эми көпчүлүктү кызыктырган суроо: “Аватар” vs “Аватар-2” тирешинде ким утат? Экинчи бөлүк биринчинин рекордун басып өтүп, лидерлик позицияны тартып алабы же?.. Бул суроонун жообун жакынкы күндөрдө чогуу билебиз.

Океан түбүндөгү жашоо

Эске салсак, тасманын биринчи бөлүгүндө Жейк Салли Жерге кайтпай, мындан аркы жашоосун Пандорада, на’ви элинин арасында өткөрүүнү чечкен. Экинчи бөлүк. Арадан 10 жылдан ашык убакыт өттү... На’ви элинин башында Жейк Салли менен жубайы Нейтири турат. Экөөнүн 2 уулу жана 1 кызы бар, кошумча 1 уул, 1 кызды багып алышкан. Бактылуу үй-бүлөнүн тынч жашоосу бузулуп, кайрадан на’вилердин башына коркунуч жаралат. Тасма фантастика жанрында дегенин актады белем, анткени биринчи бөлүктүн аягында каза болгон полковник Майлз Куоритч тирилип, болгондо да каардуу на’виге айланып чыга келди. Андан сырткары Пандоранын байлыгына кызыккан адамдар мурункудан да мыкты куралданып келишти... Элин сактап калгысы келген Жейк океан түбүнө кетүүнү чечет. Бирок алардын жолунан кургакта да, сууда да эркин жүргөн Меткайин эли чыгат. Меткайиндер океанга Жейк на’вилерге кошо адамдар менен болгон тирешти да алып келет деп кооптонушат. Ошентсе да алардын алдында биргеликте душмандарга каршы туруу, океан жашоочуларын сактап калуу максаты турат.

Суу...

Тасманын 70 пайызы сууда тартылган.

Тартуу иштери башталганга чейин актёрдук курам суу түбүндө дем алуу, сүзүү боюнча фридайверден сабак алган. Тасманын экинчи бөлүгүнө кошулган актриса Кейт Уинслет суунун астындагы трюктардын баарын өзү аткарган. Ал суунун астында 7,5 мүнөт дем албай тартылып рекорд жараткан.

Суудагы кыймылдар чындыкка окшошушу үчүн 4 миллион литрден ашык суу бата турган резервуар курулуп, тартуу иштери ошол резервуарда жүргөн.

Океан түбүндөгү флора, фаунанын кооздугун, сүрүн чагылдыруу үчүн Жеймс Кэмерон Тынч океандын эң терең жери деп эсептелген Мариана траншеясына түшүп, тартып келген.

Технология...

Тасма мүнөтүнө 48 кадр менен тартылган (стандарт боюнча 24). Бул Япониянын бир катар кинотеатрларында көрсөтүүдө көйгөйлөрдү жараткан. Жогорку технология өнүккөн мамлекет да мындай жаңы технологияга жана визуалдык эффекттерге даяр эмес болгондуктан, тасманы көрсөтүүчү жабдуулары иштен чыгып калган. Натыйжада тасманын көрсөтүү убактысы жылдырылып, алдын ала билет алгандарга акчасы кайтарылган.

Жеймс Кэмерон оюндагыдай кадрларды жаратуу үчүн өзүнүн “Lightstorm Entertainment” жана “SONY” компаниясы менен биргеликте Venice аталышындагы жаңы камераны иштеп чыгышкан.

Экран сыртындагы кызыктар

  • Голливуд тасмаларына тыюу салынган Кытай мамлекетинде “Аватар: Суунун жолу” тасмасы прокатка чыгып, бул өлкөдө көрсөтүлгөн саналуу Голливуд блокбастерлеринин катарына кирди.
  • Тасма 160тан ашык тилге которулган.
  • Тасманы тартуу иштери 2017-жылы башталып, 2020-жылы аяктаган. Кошумчалай кетчү нерсе, Кэмерон “Аватардын” үчүнчү бөлүгүнүн 95 пайызы тартылып бүткөнүн айтат. Тасманын бет ачары 2024-жылга белгиленүүдө. Ал эми 4-бөлүк 2026-жылы, 5-бөлүк 2028-жылы чыгат деген маалыматтар бар.
  • Тартуу иштери АКШдан сырткары Жаңы Зеландияда да жүргөн.
  • Тасмага башкы саундтрек катары The Weeknd’дин аткаруусундагы «Nothing Is Lost (You Give Me Strength)» ыры тандалган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан