– Гүланда айым, куш келипсиз! Жаңы жылды кандай тосуп алдыңыз?
– Саламатсыздарбы? Биз 5 жылдан бери Жаңы жылды досторубуз менен тосууну адатка айландырып алганбыз. Жыл сайын Кыргызстандын кооз жерлеринин бирине барып жагымдуу убакыт өткөрүп келебиз. Бул жылы Ысык-Көлдө тостук. Жаңы жылды кандай тоссоң, жыл ошондой өтөт деп коюшат го, сонун жыл болот деп ишенем.
– Сонун эле болсун. Катуу суук деп көпчүлүк дүрбөлөңгө түштү, бул абал сизге да таасир эттиби?
– Кышында суук түштү деп өтө деле дүрбөлөңгө түшпөш керек. Нарындыкмын да, Нарында кыш ушундай эле өтөт, жыл сайын ушундай эле суук болот. Суукта жүрүп эле чоңойгонбуз, көнүп калгам. Андыктан кышты кыштай, суукту сууктай эле кабыл алдым.
– Күндөн күнгө жашарып эле баратасыз...
– Ушундай суроо беришсе эле кызыктай абалда калам. Өзүнө көңүл бөлүп баштаганда ар бир айым жашарат деп ойлойм. Үй тиричилиги менен алышып, келбетине көңүл бөлбөй койсо, адам тез эле карып кетиши мүмкүн. Айымдар биринчи кезекте өздөрүн сүйүшү керек. Ар бир айым сулуу, ошол сулуулукка бир аз кам көрүп койсо эле жетет.
– Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?
– Бул боюнча жеке оюмду билдирсем, эмнеге жасатпаш керек? Кээ бир адамдардын отуруп алып сүйлөй бергенине таң калам. Заман өнүгүп жатса, ушундай мүмкүнчүлүктөр жаралып жатса, ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланса эмнеге болбосун? Кореянын кыздарын караңыздарчы, кандай татынакай. Ал жакта, билесиздер, пластикалык операция кеңири жайылган. Пластикалык операция жасатууга көз карашым түз. Мен эч жеримди жасата элекмин, бирок керек болсо жасатам. Ар бир адамдын жеке пикири бар. Бул жерим өзүмө жакпай жатат, операция жасатам десе, ага кантип “жасатпа” деп айта аласың? Ар ким каалагандай жашашы керек. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм. Башкалардын оюна да каршы чыкпайм.
– Жазында концерт бергени жатыпсыз, даярдыктар башталса керек?
– Ооба, 8-март мен үчүн кош майрам. Айымдардын майрамына, туулган күнүмө карата чай-концерт берейин деп турам. Учурда жаңы ырларды жаздырып, форма тиктирип даярданып жатам. Айымдардын майрамы болуп жаткандыктан аларга белектерибиз да болот. Концерт, оюн-зоок, күлкү болот. Сахналаш досторум ырдашат. Айымдар үчүн сонун маанай тартууласак деген жакшы тилек. Концертти улуттук филармонияда берсек деле болмок. Бирок ал жерде отуруп, концерт көрүп эле кетип калышмак. Мен болсо айымдар бул күнү өздөрүн ханыша сезип, жасанып, жакшы көйнөктөрүн кийип келип отурушса, кааласа бийлеп, кааласа тамак жеп, жакшы маанайга чөмүлүп кетишсе дедим.
– Алмаз Шаадаев менен дуэтиңиздер кантип жаралып калды?
– Концертимде айымдарга мырзалар ыр арнаса жагымдуу болобу деген ой келди. Ошондуктан мырзалар менен ырдайын деп жатам. Бул дуэт да ушул ойдон улам жаралып калды.
– Жакшы, жолдошуңуз Айбек Карымов менен ырдасаңызчы?
– Айбектин сахнадан кеткенине 5 жыл болду. Ал расмий түрдө сахна менен коштошкон да. Бирок сахна адамы сахнаны сагынат экен. Кайра сахнага кайтышы мүмкүн.
– Фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Кандай кабыл алдыңыз?
– Бул жакшы нерсе. Айтсаң эле шылтоо деп чыгышат, бирок чындыгында бизде шарт жок, ошол эле Спорт ордосунда. Кечээ курбуларым бир концертте ырдашыптыр. Башкасын коё туралы, микрофон жетишпейт же иштебейт. Колонка тешилип калгандай быркылдаган үн угулат. Ырчы ырдап жатканда үнү өзүнө жагымдуу угулуп турса, ошондон эргүү алып жакшы ырдайт. Жакшы аппаратура, мыкты микрофондорду даярдап, ырчыларга шарт түзүп берсе каршы эмеспиз. Башка бирөөнүн үнү менен ырдап жаткан жокпуз да. Эмнеге болбосун, шарт түзүп беришсе, ырдайбыз.
– Өзүңүз айтмакчы, “ырчылар техникага шылтай беришет, илгери тоо-ташта деле ырдап жүрүшкөн” деген да пикирлер айтылып жатат...
– Ооба, комуз, аккордеон менен ырдасаң болот. Бирок замандын агымынан да артта калбашыбыз керек да. Азыр техниканын заманы, анын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл.
– Шоу-бизнестегилер тапкан кирешесинен салык төлөшсүн деген маселе кайрадан көтөрүлүп жатат, бул боюнча да оюңузду уксак...
– Негизи өлкөгө салым кошуш керек. Каршы эмесмин, туура эле. Салык төлөсөк, ал акча өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эле жумшалат да.
– Үй-бүлөңүздө баары жакшыбы? Балдарыңыз чоңоюп, сизге жардамчы, курбу болуп калышса керек?
– Ооба, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Сиз айткандай, балдарым чоңоюп, өздөрү менен өздөрү болуп, мага да жардам берип калышты. Кызым 6-класска келди. Аны менен чоң адам менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, сырдашып калдым. Кыз бала чоңойгон сайын энеге жакын боло баштайт экен, мага жакын болуп келатат. Экөөнүн тең ырчылыкка кызыгуусу жок.
– Үй-бүлөңүздөр менен жыл сайын чет өлкөдө эс алчу элеңиздер, быйыл барган жоксуздарбы?
– Ооба, Жаңы жылды өткөрүп коюп кетчүбүз. Пандемиядан бери бара албай калдык. Быйыл баралы деп жатканбыз, концертке байланыштуу барбадык. Концерттен кийин, балким, пландайбыз.
– 20 жылдан кийинки жашооңузду кандай элестетесиз?
– 20 жылдан кийин баламды үйлөнтүп, кызымды турмушка узатып коюп, үйдө неберелерди карап отурганымды элестетем. Кудай ошого жеткирсин. Ар бир адамдын кыялы болуш керек бул.
– Кыялдар ишке ашсын, иштериңизге ийгилик каалайбыз!
Перизат Музуратбекова