Сүйүн Өмүрзаков, Жогорку Кеңештин депутаты: «СПОРТЧУЛАРДЫН БААРЫ ЭЛЕ КРИМИНАЛ БОЛУП КЕТКЕН ЖОК»

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты Сүйүн Өмүрзаков 33 жыл укук коргоо органында иштеген. Учурда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы. Эл өкүлү “мамлекеттик кызматка караганда парламенттеги жоопкерчилик татаал” дейт. Депутат менен кеңири баарлаштык.

“АПАМ ЧЫРАКТЫН ЖАРЫГЫНДА КИТЕП ОКУП БЕРЧҮ”

– 1968-жылы 1-июлда Кара-Кулжа районунун Сай айылында төрөлүп-өстүм. Айылым абдан кооз эки тоонун ортосунда жайгашкан, айылды аралап Тар дарыясы агат. Үйүбүз ушул дарыянын жээгинде эле, андыктан балык кармап чоңойдук. Ата-энем карапайым адамдар. Атам колхоздун жумуштарында иштеп жүрдү. 12 бир тууганбыз, экөөсү кичинесинде чарчап калган. Азыр 10 бир тууганым бар, мен жетинчисимин. Көп бир туугандуу болгон жакшы, күйүмдүү, боорукер, бири-бириңе камкор болуп чоңоёт экенсиң. Ата-энемдин көзү өтүп кеткенден кийин ага-эжелеримди ата-энемдей, карындаш-инилеримди балдарымдай көрүп калдым. Азыр деле ай сайын бир туугандар чогулуп бири-бирибиздин үйүбүзгө барып “эмне көйгөй бар?” деп талкуулап, ал-жай сурашып турабыз. Атам кээде жумушта суткалап иштечү. Ошондо апам баарыбызды отургузуп алып чырактын жарыгында бизге китеп окуп берер эле. “Каныбек”, “Жаныш-Байыш” чыгармалары ошол апам окуп берген чактан бери эсимде. Ата-энем туура тарбиялады, обу жок тентек болгон жокмун. "Жалган айтпа, бирөөнүн акысын жебе, кек сактаба" деп көп айтышчу. Баарын турмушта колдонуп келем. Кичинемде юрист болом дечүмүн, анткени детектив кинолорду көп көрчүмүн. Жаман адамдарды кармап, жазалайм дейт элем. Ал кыялым орундалды.

Ошол замандын эли абдан кең пейил экен азыр ойлосом. Кошуналар менен аябай жакшы катташат элек, кезүү айдап барганда “кел кир, чай ич” десе кирип курсагыңды тойгузуп чыкчусуң. Азыркыдай бийик короолор жок эле, короо-жай ачык эле турчу. Апам тандырга нан жапса сөзсүз кошуналарга бирден нан жеткирип берер элек “ооз тийип койгула” деп. Алар тамак жасаса бир чыны бизге куюп келишчү. Көөдөнү таза адамдар айылда жашайт дегенге ишенем.

“КЛАССТАШЫМА ҮЙЛӨНГӨМ”

– 22 жашымда өзүмдүн классташыма үйлөнгөм. Жубайымды өзүм карап чоңойттум десем болот (күлүп). Бала бакчага чогуу бардык, бир айылда жашадык, бир класста окудук. Кийин мен аскерге кеттим, ал күттү. Ал Ошто чет тилдер факультетине окуп жүргөндө мен күттүм “окуусун бүтүп алсын, анан үйлөнөм” деп. Бири-бирибизди күтүп жүрүп баш кошконбуз. Үйлөнгөндөн кийин Беларуска кеттик, Минск шаарынан уулдуу болдук. Учурда 1 уул, 2 кыздын бактылуу ата-энесибиз.

“УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНДА 33 ЖЫЛ ИШТЕДИМ”

– Көп жерде иштедим. Кадимки опер кызматкеринен жетекчилик кызматка чейин. Карьералык тепкичимдин тарыхын айтсам, бардык учурда эле жашыл жол чырак күйүп турган жок. Минскте бир тууган агам ИИМ академиясында 3-курста окучу, ошол агам “келип бул жактан оку” деп чакырган. Ал жакта курулуш иштеринде иштеп жүрдүм, Белорусияда, Орусияда, Европада мигрант болдум. 4 жыл окуп, окууну бүткөндөн кийин опер кызматкер болуп ишке орноштум. Катардагы кайгуул кызматында иштеп жүрдүм. Кийин атам каза болуп калып, Кыргызстанга которулуп келе бергем. Келгенден кийин 1997-жылы январда Ош шаарында опер кызматкери болуп жумушка орношуп, андан бери милицияда 33 жыл 8 ай 23 күн иштептирмин. Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп 5 жарым жыл иштедим. 2021-жылы саясатка аралашууну максат кылдым. Укук коргоо органында деле эл көйгөйүн чечесиң, парламентте деле ушундай. Бирок мага парламенттеги жумуш мамлекеттик кызматтагыга караганда татаалыраактай сезилди, анткени жоопкерчилик жогору. Биздин милдет – элдин пайдасына иштеген туура мыйзамдарды жазуу, эл түйшүгүн жеңилдетүүгө болгон аракетибизди жумшоо.

“КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ МУРДАГЫ МЫЙЗАМДАР ЖАКШЫ БОЛЧУ”

– Учурда парламентте Кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин төрагасымын. Статистикага таянсак, акыркы мезгилде кылмыштуулук азайды. Кылмыштуулук илгертен болуп келген, боло берет, аны жок кыла албайбыз. Бирок туура мыйзамдар аркылуу күрөшүп, алдын алып, санын азайтса болот. Айрым жетекчилер туура иш жүргүзбөсө кылмыш дүйнөсү тайраңдап кетет. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген сөз бар. Азыркы мыйзамдар такыр туура эмес, мурунку мыйзамдар жакшы болчу. Эгер кайсы бир кылмыштуу топ кылмышка даярданып жатса опер кызматкер шектүүлөрдү чакырып сурак алганга акысы бар болчу. Азыр андай жок, адамды суракка алыш үчүн тергөөчүнүн токтомун алып барыш керек. Ага чейин кылмышкер кылчусун кылып, кыл жип менен бууп койбойт деп ким кепилдик берет? Кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн милициянын колу-бутун тушаган мыйзамдарды жок кылуу керек. Негизги көйгөй ушунда, муну көбү түшүнбөй жатат.

БИЗДЕН СУРОО, СИЗДЕН ЖООП...

– Өлкөдө, айрыкча Ошто милиция кызматкерлери менен кылмыш дүйнөсү аралашып кеткен дешет?

– Жок, кошулбайм. Бул милицияны каралагысы келгендердин божомолу. Укук коргоо органдарынын душманы көп болот. Албетте, беш кол тең эмес, арасында бар. Аларды жетекчилери тартипке салыш керек.

– Эмне колуңуздан келбейт?

– Адамдын колунан бардык иш келет. Ошто бир майып жигит өз колу менен чоң там салып, 5 гектар жерге жүгөрү айдап, көп киреше тааптыр. Мына ушундай адамдар бизге үлгү.

– Эмнени майын чыгара жасайсыз?

– Атам талапты катуу койчу. Иштин майын чыгара жасабасам, кайра жасатчу. Анан бир жумушту эки жолу жасабаш үчүн, албетте, майын чыгара жасайсың.

– Сизге жаккан учкул сөз?

– “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”. Күндө эртең менен уйкудан ойгонгондо ушул сөздү эстейм. Чынында эле күн сайын адам болуу кыйын.

– Айрым кесиптештериңиз “спортчуларды саясатчылар каржылайт, жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушат” деп чыкты...

– Чынында, 1990-жылдардан кийин көп спортчулар бузулуп, криминалга аралашып кетти. Мен Дене тарбия институтун бүтүргөм. Спортчуларды колдойм, алар чет өлкөдө желегибизди желбиретет, кыргызды таанытат. Спортчулардын баары криминал болуп кетти дегенден алысмын, 100 пайыздын 1 пайызы, балким, болсо болгондур. Бирок калганы курулушта иштеп, мигрант болуп, такси айдап жүрүшөт. Мамлекет тарабынан аларга колдоо гана керек.

– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

– Жаш кезде волейбол, бокс менен машыккам. Кийин кесибиме байланыштуу самбо менен алектенип жүрдүм. Куралды жакшы атам. 3 жыл мурун куралдуу күчтөр арасында ок атуу боюнча мелдеште 1-орунду ээлегем. Бирок жаныбарларды атууну жек көрөм, жер бетиндеги жандыктын баарын Кудай жараткан, алардын жанын Кудай өзү гана алышы керек деп эсептейм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан