Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МЕН ҮЧҮН ШОУ-БИЗНЕСТИН ПАДЫШАСЫ – БЕК БОРБИЕВ»

Бул ирет жылдыздардын суроолоруна ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков жооп берет.

Айпери Кулбаеванын суроосу:

– Атайын мага деп качан ыр жазып бересиз?

– Айпериге өзүнүн диапазонуна жараша ыр жазып бериш керек, ага сөз бергем. Негизи эле ыр жазып, ага аткаруучу издейм. Ылайыктуу ырчы таппай өзүм ырдап калган учурлар болот. Ырларымдын ичинен сага деп багып жүргөнү бар.

– Бала кезиңизге кайрылып, баёо сезимдериңизди эске сала кетсеңиз...

– Балалыктан арманым жок, Кудайга ыраазымын. Себеби ойноп-жыргап, балалыкка канып чоңойдум. Эми арман кылсаң арман, ырдасаң ыр, сүйлөсөң сөз, балалык ушундай.

– “Жаралдың кайдан өмүргө?” деген “Өмүр” аттуу ырыңыздын тарыхын айтып берсеңиз. Ушул ырыңыз аябай жагат.

– Айылымда аяш атам бар эле, көзү өтүп кетти. Ошол киши айылдын башына бир бак өстүргөн. Айылга барган сайын акелерим менен чогулуп ошол жерде отурат элек. Бир агам “карачы, Гүлжигит, жакшыдан жашыл бак калат, жамандан жүрөк так калат, кайран киши ушул бакты өстүрүп койгон экен, үзүрүн көрүп жатабыз” деп айта берчү. Анын ушул сөзү семирип отуруп “Өмүрдүн” жаралышына себеп болду. Тилекке каршы, ал агамдын да көзү өтүп кетти.

Зияш Турдубековдун суроосу:

– Тамашалуу ырларыңыз бар, ошого сизге тамашалуу суроо... Жөнөкөй бака менен таш бака бири-бирине эмне болот?

– Ооба, тамашалуу ырларды да жазып жүрөбүз. Жөнөкөй бака менен таш бака бири-бирине бөлө болот.

– Эгер таш бака менен жөнөкөй бака баш кошуп калса, балдары кандай бака болот?

– Таш бака менен жөнөкөй бака баш кошсо, балдары чур бака болот.

– Вай-Файдын акчасы төлөндүбү же дагы деле төлөнө элекпи? Илгери кыргыздар чай-пай барбы дейт эле, азыр Вай-Фай барбы дешет. Вай-Файсыз жашай аласызбы?

– Вай-Файдын акчасын кааласак, каалабасак да төлөйбүз. Вай-Файы, интернети жок жашоо азыр оор экен. Муну чет жакка чыкканда байкадым, интернет болбосо телефонуң жөн эле оюнчук болуп калат тура. Вай-Файсыз жашоо жок.

Элдана Элебаеванын суроосу:

– Шоу-бизнестин учурдагы падышасы ким?

– Шоу-бизнестеги падыша мен үчүн – Бек Борбиев. Ушул кишиден таасир алып чоңойдук, жакшы көрөм дагы деле. Мен ушул кишини сап башына коёт элем.

– Кандай түштөрдү көрөсүз?

– Керемет түштөрдү көрөм, бирок түштү бирөөгө айткан болбойт. Чынында, укмуш, жакшы түштөрдү көрөм.

Өктөм Сапар уулунун суроосу:

– Гүлжигит экөөбүз курсташпыз да, студент кезде эле ыр жазчу. Ошол кезде жазган ырларың дагы деле барбы?

– Өктөм экөөбүз 1997-жылы Ош шаарында таанышканбыз, курсташпыз. Ал убакта Ош жогорку колледжи болчу, экөөбүздүн жаштык кезибиз, студенттик күндөрүбүз ошол окуу жайда, жатаканада чогуу өткөн. Ошол кезде эле Өктөм Ямахасын көтөрүп алып аранжировка жазам деп жүрчү. Студент кезде бир топ ырларды жазганбыз, ыр дептерлер бар эле, жоголуп кетти. Азыр эсте калгандарын эле ырдап жүрөм. Обончулугум ошол мезгилде башталыптыр да, жакшы ырлар эсте калып, калгандары унутулуп калат экен.

– Аяш атабыз менен аяш энебиз “айылга келип жаша, чыгармачылыгыңды ушул жактан уланта бер” деген талап коюшса, айылга барып биротоло жашап калууга даярсыңбы?

– Айылга жашаганга даярмын, чынында. Айыл мага энергия, өзгөчө дух берет. Ата-энем айтса мен баш тартпайм, анткени алардын ар бир сөзүнө реакция кылышым кажет, айтканын аткарышым да керек.

Жазгүл Жумаканованын суроосу:

– Обончунун жүрөгүнө жакын өзгөчө бир обону болот. Сага кайсы ырыңдын обону көбүрөөк жакын?

– Мен муну мындай түшүндүргүм келет, обон – бул менин балдарым. Балдарыңдын бирин жүрөгүмө жакын, калганын алысыраак дей албайсың да.

– Атактуу, элдин уулу болууга обончулук өнөр менен гана жеттим деп эсептейсиңби же башка да сапаттарың мененби?

– Элдин уулу болдумбу, болбодумбу билбейм. Эл мени ырчы, обончу катары тааныйт деп билем. Жакшы сапатты көрсөтүш керек, Элмирбек Иманалиевдин бир жакшы сөзү бар, “Бу дүйнө азабы менен жыргалы тең берилген дүйнө” дегендей. Жакшы сапат дагы, жаман сапат дагы болот адамда.

– Апаңа биринчи жолу кандай белек берүүнү кыялдандың эле?

– Эсимде жок экен, ошентсе да ата-эне үчүн баласынын аман-эсен, жакшы жүргөнү эле чоң белек деп билем.

Гүлсүн Бостонкулованын суроосу:

– “Туси-туси” деген ыр жазалы деп жатпадык беле, качан жазабыз?

– Бул дээрлик 60-70 пайызы жазылып бүткөн чыгарма, эски телефондордо архивде жатат. Сааты чыккан күнү жазылат, буюрса, быша берсин, азыр демделип турат.

– Мекендештер Москвага “Вау” дуэти менен концерт коюңуздар деп чакырып жатышат, барасызбы?

– Албетте, барыш керек. Чакырган жерге сөзсүз барыш керек. Вау-вау-вау.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан