КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Анан:

– Артурду тааныбайсыз. Аны өзүм да жакшы тааныбайм. Таптакыр чоочун... Кайсы күнү сүйүп калганым деле так эсимде жок. Бүгүн достору менен биздин кафеге тамактанганы келди. Мурда деле көп келчү, ортобузда жөн тааныштардай мамилебиз бар. Бирок бүгүн негедир аны көрүп сүйүнүп кеттим. Тээ качантан күтүп жүргөн адамым келгендей жаркылдап сүйүндүм. Достору менен тамактанып жаткан. Ал бир убакта аш айрыны жерге түшүрүп алды. Менден башкасын сурады. Өзүм деле башкасын алып жөнөп калдым эле, ал да ошол учурда сурады, аш айрыны берсем, ага кошуп колумду бекем кысып койду. Сүйүү ушинтип башталчу беле, эже? Жүрөгүм дүкүлдөп, сүйүнүп, толкунданып кеттим. Анан кетеринде менин жаныма келип «дагы жолугабыз, дагы көп келет окшойбуз» деди. «Сени сүйөм» дегендей эле угулду мага. Кетип бараткан караандарын карап туруп «эртең да келсе экен» деп ойлонуп жатыпмын. Өз оюмдан өзүм чочуп кеттим. Сүйүү ушул окшойт... Бирок менин жашымдагы кыздын ушинтип сүйгөнү туура элеби? Деги эле ушуну сүйүү дегеним туурабы? Туура эмес го... Анын үй-бүлөсү бар да. «Үй-бүлөм бар» деп деле айткан жок. Айтыштын деле кереги жок. Мындай жаштагы адамдарда сөзсүз үй-бүлө болот да. Билип турсам деле өзүмө-өзүм «анын үй-бүлөсү бар, сен аны сүйбөшүң керек» дей алган жокмун. Антип акыл калчай ала турган болсок сүйбөй калмакпыз. Же мен өзүмө-өзүм актанып жатамбы? Сүйө турган адамды тандап алуу биздин колубузда эмес деп ойлоп жатам. Менин колумда болсо биз тарапты кылчак-кылчак карап кетип бараткан адамдын көңүлүн азгырууга, анын убактысын, сүйүүсүн үй-бүлөсүнөн талашууга даяр сезим менен аны узатып карап турмак белем? Үй-бүлөлүү адамды сүйүп калган оор, аны жон терим менен сезгем, мурда да сизге айткам го. Айтып берип, арызданып жатып эле кайра ошол жашоого кайрылган жатам. Үй-бүлөлүү адамды сүйүп калгандар сүйүүсүн чуркап барып колдон кармап токтотуп кала албайт, же ээрчип кете албайт. «Үч мүнөт мурун кучакташканыбызды эч ким көргөн жокпу?» деген шек менен жашайт. Каалаган убагында жолуга албайт, жетелешип баса албайт. Жашынып жашайт, коркуп жашайт. Айтканда эмне, баары мага тааныш эле сезимдер. Бирок ошол опурталдуу тааныш эле сезимдерди дагы бир ирет жашагым келип жатса эмне кылайын?

ххх

Бутыркага барып иштеп келдим. Түрмөлөрдүн көбүн эле көрүп, ушу атактуу Бутырканы көрө элек болчумун. Аны да көрдүм. “Өзгөчө кылмышкерим” дагы өлгөнү аракет кылып, бирок өлбөй калыптыр. Кайра-кайра өлүп көрө бергенинен тажаштыбы, же дагы башка себеби барбы, билбейм, бирок мындан ары ал ошол жакта кармалат экен. «Өзгөчө кылмышкеримдин» кейпин тиктеп болбойт. Арыктап кетиптир. Сакал-чачы өскөн. Өзү нестейет. Моюну таңылуу. Мен андан «эмне болдуң, эмнеге анттиң?» деп сураган жокмун. Баары бир жооп бербейт болчу. Буга чейин деле сураган эмесмин. Анын үстүнө түрмөдө отурган кишини «сен жашашың керек, жашоо бир берилет, жашоо сонун нерсе, өзүңдүн жаныңды кыюу – чоң күнөө, тозокко түшөсүң» деген сыяктуу сөздөр менен алдай албайсың. Коркута да албайсың. Түрмөдөгү кишиге мындай сөздөрдү айткан жарашпайт дагы. Шылдыңдай эле угулат. Ансыз деле мунун тозогу өзүндө, өзү менен... Ошого унчуккан жокмун. Ал да сүйлөгөн жок. Бир да документке кол койгон жок. Биз аны тиктеп отуруп эле кайттык. Эмнеге экенин билбейм, бирок ушул өлбөй калган сайын сүйүнөм, ошол эле учурда боорум ачыйт. Кызыктай, коркунучтуу боорум ачыйт. Ошончо ойлонуп, ошончо күч кетирип, ошончо убара болуп, ошончо жаны кыйналып, бар болгон эрдигин жумшап, анан өлбөй калганына боорум ачыйт… Бул үчүнчү жолку аракети…

– Деги ушул кылмышкерден кутулсаңыз болот эле кыйналбай.

– Иши сотко өтмөйүн, кутула албайм.

– Менде жаман кабар бар, эже. Былтыр алган бээм өлүп калыптыр...

– Койчу, эй! Жаман кабар дейсиң да... Бээ эле экен го...

– Бээси кара жерге кирсин. Ошол алганда эле тууй албай өлүп калган экен. Эми уктум.

– Аны дагы шашпай угузуштубу?

– Ооба. Суук кабар да. Ичпей-жебей акча чогултуп сатып алсаң, анан ал да өлүп калса... Болбойт. Мындан ары тоок да албайм!

– Ошондой боло берет. Айрыкча, бизде. Биздикилер «акча чогултуп мал алып кой, көбөйүп турат» дей берет да. Иним экөөбүз да беш жыл алдын үйдөгүлөргө он кой алып бергенбиз. Ошол койлор беш жылда бешөө болду.

– Не болду? Сиздин койлоруңуз да өлдүбү?

– Жок, тойго, ойго сүйрөп барып кошо берип түгөндү. Ошондо он кой бешөө болуп көбөйдү да.

– «Күндө туусам, күндө жок, күндө жылан жеп коёт»...

– «Айда туусам, айда жок, айда жылан жеп коёт»...

ххх

– Акберметтин кыздары үчүн ишеним кат даярдап келдик. «Жайкы каникул башталары менен кыздарымды Москвага алып келем, эч болбосо эки ай жанымда жүрүшсүн» дейт. «Өзүң эле барып келбейсиңби, чыгым аз кетет» дегениме көнбөдү. Не аба-жеңесинин, не кайын журтунун босогосун аттагысы жок. Бирок кыздарды бул жакка алып келүүнүн да машакаты көп экен. Аларды коштоп келгенге жанында чоң адам болуш керек. Ал-бул деп отуруп жеңесине токтолду. Жеңеси бул сунушту сүйүнүп кабыл алды. Анын Акберметке күйгөнүнөн же кыздарга күйгөнүнөн макул болбогонун мен дароо эле түшүндүм. Менимче, Акбермет өзү деле түшүндү, бирок айласыздын иши болду окшойт. Кыздарын көргүсү келип жатпайбы... Жеңесине эмне, «барып эл көрүп, жер көрүп келем» деп ойлоду да. Мен ага «балким, кыздарыңа кошуп кайненеңди чакырганың жөндүүдүр, жакшыбы-жаманбы, канча жылдан бери кыздарды карап жатат, кандай болгон күндө да кыздарыңдын чоң энеси го» деп бир ооз айттым. Ал көнгөн жок. Мен кайненесинин деле тарабын алган жокмун, мага кайненеси менен жеңеси экөө бирдей эле. Болгону анын кыздарын аядым. Эми кайненеси «мен силерди карасам, чоңойтсом, кир-когуңарды жуусам, анан эс алганы келгенде жеңеңер барат бекен?!» деп кыздарды жемелейт го. Жемелебей коймок беле? Ошентип наалытпаш үчүн деле кайненесин чакырып, көңүлүн алып койсо болот болчу... Жеңеси деле оңой эмес экен, Москвага келерин уккандан тартып Акберметке жармашты да калды. Улам телефон чалып пландарын айтып, эмне алып келерин айтып, анын кыздарынан кабар алып, иши кылып тынбай койду. Уялган жок. Өзүнүн кыздарына-балдарына берген мээримди, билимди Акберметке бербегенин, аны 17 жашында окуусун бүтүрүп-бүтүрбөй күйөөгө бере салганын унутуп калды. Же аны эстебейт делеби, билбейм... Мен Акберметтин тагдырынын ушул бөлүктөрүн угуп эле анын жеңесинен жакшылык күтпөй калгам. Ушунун баарын өзү жашап, өзү көрүп,өз башынан өткөрүп отуруп эле анын жакшылыктан үмүт үзбөгөнүнө таң калам. Тиги аялдын Акбермет үчүн эмес, аны көрүш үчүн эмес, Москва үчүн, Москваны көрүш үчүн келатканы, анысын жашыра албаганы, ошон үчүн заматта мээримдүү, камкор боло калганы көзүмө ушунчалык жагымсыз көрүнүп жатат. Ага караганда анын кыздарын урушса деле алдында алып отурганы үчүн какшаал кайнене жагымдуураактай... Ошон үчүн өз, өгөй деген бар окшойт, эже. Ушул кыздын өзүнүн энеси болсо эмне деп ойлоно берем. Балким, өз энеси болгондо Акберметтин тагдыры мындай болмок эместир... Негедир мен анын тагдырын ойлогондо, апасынын тагдырын кошо ойлоном. «Кантти экен, кандай күндү көрдү экен, кантип кызын ойлободу, неге издебеди?» деп ойлоном. Бир туруп «катуу аял экен» дейм. Бир туруп «кызын издеп кайрылып келбегенинин бир себеби бардыр» дейм. Ошол аялдын бул дүйнөдө бар экенин, тирүү экенин билген үчүн аны жакшы, боорукер, өз күнөөсүн сезген, ичинен Акберметти келет деп күтүп жүргөн аял катары элестетем. Кызына келбегенине бир нече себеп, бир нече тоскоолдуктарды ойлоп таап, аны аяп жиберем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан