1. Ден соолугуңузду текшертиңиз
Кыргызда ооруп, такыр баспай калганда гана врачка барган жаман адат бар. Ага чейин “койдун майын сүйкөп кой” деп кеңеш бергендер четтен чыгат. Узакка жана дени сак жашагыңыз келеби, анда эч жериңиз оорубай турса деле терапевтке барыңыз, организмдин саламаттыгын текшерген анализдерди тапшырыңыз. Ден соолугуңузда маселе болсо, эрте билип, эрте алдын алган жакшы. Ал эми стоматологго жарым жылда бир барып туруңуз, болбосо 50 жашка жетпей кийме тиш кийип каласыз.
2. Каражатыңызды анализдеңиз
Өзүңүздүн ден соолугуңузду текшергендей эле, каражатыңызды да текшериңиз. Бир жыл ичинде эмне өзгөрүү болду, деги өзгөрүү болдубу, алдыга жылуу барбы же артка кеттиби? Чоң нерсе сатып алдыңызбы? Карызыңыз барбы? Ушул суроолорго жооп бериңиз. Эгер өзгөрүү жок болсо же бюджетиңиз артка кетсе, анда жашооңузду өзгөртүүгө мезгил келди. Балким, жумуш ордуңузду алмаштырасыз, кошумча каржы булагын табасыз.
3. Айланаңызды иретке келтириңиз
Алгач гардеробго баш багыңыз, жыл ичинде кийилбеген, жыртылган, түлөп кеткен, чоюлган кийим-кеченин баарын жок кылыңыз. Эскиден арылбай, жаңыга жетпейсиз. Ушул эле темп менен китептерге, идиш-аякка, майда-чүйдө буюм тайымдарга “ревизия” жасаңыз. Колдонулбаганынан арылыңыз. Эмеректердин ордун алмаштырып жылдырып, актап-сырдабасаңыз да үйүнүздү жалтырата жууп-тазалап коюңуз. Телефон, компьютериңизди да тазалаңыз. Сүрөттөрдү иретке келтирип, кереги жогун өчүрүңүз.
4. Жаңы нерсе издеңиз
Жыл ичинде эмне жаңы нерсе жасадыңыз, эмне көрдүңүз, эмне окудуңуз? Чет өлкөгө чыкканга мүмкүнчүлүк жок болсо, жашаган аймагыңыздан деле мурда көрө элек жерлерге барыңыз. Жаңы адамдар менен таанышыңыз, билбеген нерсени билгенге умтулуңуз.
5. Бактылуусузбу?