ДҮЙНӨНҮН ЭҢ КЫМБАТ ТРАНСФЕРЛЕРИ КИМДЕР?

Футбол – глобалдуу бизнес, мыкты, таланттуу оюнчулар дайыма “соодалашып” клуб которуп турушат. Мыкты клубдар мыкты оюнчуларды сатып алууга умтулушат. Мыкты оюнчулардын агенттери эң жакшы келишимди издешет. Ал эми мыкты оюнчуларын сатууга аргасыз болгон клубдар өтө арзан сатпаш үчүн баарын жасаганга аракетин көрөт. Бүгүн биз трансфердик баасы миллиондорду чапчыган эң бай футболчуларды тизмектеп беребиз.

ТРАНСФЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?

Футболдогу трансфер – бул футболчуну бир клубдан экинчисине өткөрүү же алмашуу боюнча келишим. Башкача айтканда, башка клубдан оюнчу сатып алуу. Сатып алуучу суроо-талапты жөнөтөт, андан кийин ээси каалаган бааны жарыялайт. Сүйлөшүү процессинде клуб оюнчунун кызыкчылыктарын, бонустарды жана башка төлөмдөрдү эске алат. Оюнчу менен клубдун ортосундагы байланыштыруучу ролду сүйлөшүүлөр учурунда спортчунун кызыкчылыгын коргогон агенттер аткарышат. Дүйнөлүк футболдун тарыхында күчтүүрөөк оюнчуну арзаныраак баага сатып алган учурлар болгон. Мисалы, ПСЖ Мессини Неймардан арзан сатып алган. Трансфердик келишим 1 жылдан 5 жылга чейин түзүлөт. Эгер оюнчу клубдагы келишими бүтө электе сатып алынса, жаңы клуб эскисине компенсация төлөп берет. Оюнчуларды сатып алуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын трансфердик мезгил болот, алар жай жана кыш мезгилдери.

ЭҢ КЫМБАТ ТРАНСФЕРДИК БАА НЕЙМАРДЫКЫ (222 миллион евро)

Бразилиялык чабуулчу Неймарды “Барселонадан” сатып алыш үчүн ПСЖ клубу 2017-жылы 222 миллион евро төлөгөн. Аталган трансфердик баа учурда дүйнөдө бир оюнчу үчүн төлөнгөн рекорддук баа деп саналат. Неймар ал учурда Мессинин көлөкөсүнөн чыгып, дүйнөнүн мыктысы болгусу келген. Себеби ал аргентиналык футболчу менен бир клубда ойноп, андан мыкты боло алган эмес. Анын “Барселонадан” кеткенин спорт сынчылары дал ушундай сыпатташат. Өз кезегинде каталониялыктар да Неймарды жөн кетирбей, олчойгон компенсация талап кылып өндүрүп алышкан. Неймар ПСЖдан алган акчасын актап ойной алдыбы? Көпчүлүк бул суроого баш чайкап жооп беришет. Анткени футбол жылдызы ПСЖ үчүн ойноп жүргөндө 19 жолу жаракат алып, клубдун 100гө жакын беттешин өткөрүп жиберген. Көптөгөн жаракаттардан кыйналган оюнчу 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунда да Бразилия үчүн көңүл толорлук оюн көрсөтө алган жок. Неймар атактуулугун пайдаланып чуулгандуу жүрүм-туруму, интрига, ушактар менен медиадан түшпөйт. Балким, ПСЖга бренд түзүү жана маркетинг маселелери боюнча жардам бергендир. Бирок маркетологдун эмгеги 222 миллион еврого барабарбы?..

“МОНАКОДОН” ЖЕҢИЛИП ЧЫЧАЛАГАН ПСЖ МБАППЕНИ САТЫП АЛГАН (135 миллион евро)

Француз чабуулчусу Килиан Мбаппенин трансфердик баасы
135 миллион евро. ПСЖ аны “Монако” клубунан дал ушундай суммага сатып алган. 2016-2017-жылдагы Франция чемпиондугунда “Монако” менен ПСЖ беттешип, анда 18 жаштагы Мбаппе укмуштуудай оюн көрсөтүп, командасын финалга чыгарып, ПСЖнын чемпиондук таажысын чечип алганга жетишкен. Оюн талаасында шамалдай учуп, голдук абал жаралса колдонгонду билген жаш оюнчуга көзү түшкөн ПСЖ аны 135 миллион еврого сатып алып монаколуктарды байыткан. Килиан Мбаппеге көз артып, өз командасына миллиондорду төлөп азгыргысы келген европалык клубдар азыр деле көп. Мбаппенин трансфердик келишими 2022-жылы бүткөндө Франциянын президенти Эммануэль Макрон өзү Мбаппеге чалып, башка клубга кетпей Францияда калуусун өтүнгөн. Президенттин өтүнүчүнөн кийин футболчу ПСЖ менен келишимин 2025-жылдын жай мезгилине чейин узартты. Мбаппе учурдун эң бай футболчуларынын бири. Статистика боюнча, 2014-жылдан бери эң бай футболчулардын тизмесинен түшпөй келген Роналду менен Мессини дал ушул Мбаппе 2022-жылы басып өткөн.

ФУТБОЛДУН КЕЛЕЧЕГИ – ЖУАН ФЕЛИКС (126 миллион евро)

Гризманн “Атлетикодон” кеткенден кийин анын ордун толуктоо үчүн аталган клуб жанып келе жаткан жаш жылдызга инвестиция салууну чечкен. Жуан Феликс 2018-2019-жылдары Португалия чемпиондугунда 15 гол киргизип, Европанын башкы жылдызына айланган эле. 23 жаштагы португалиялык футболчу Жуан Феликсти “Атлетико Мадрид” 2019-жылы 126 миллион еврого “Бенфика” клубунан сатып алган. Жогорудагы сумманын 30 миллион евросун оюнчуга Атлетико дароо төлөп, калганын бөлүп төлөп берүү шарты менен алган. Оюнчу келери менен буга чейин Гризманн ойноп жүргөн 7-номурду тандаган. Жуан Феликс 2023-жылдын январь айында “Челси” клубуна 11 миллион еврого ижарага берилди. Белгилей кетсек, жаш футболчунун “Атлетико Мадрид” менен келишими 2027-жылга чейин деп түзүлгөн.

“БАРСЕЛОНАНЫ” КРИЗИСКЕ КЕПТЕГЕН ГРИЗМАНН (120 миллион евро)

Антуан Гризманнды 2019-жылы “Атлетико Мадридден” “Барселона” 120 миллион еврого сатып алган. "Атлетиконун" күйөрмандары Гризманндын башка клубга кеткенине таарынып, социалдык тармактардан түрдүү мемдерди чыгарып, кемсинткен сөздөрдү жазышкан. Кала берсе Гризманндын Япониядагы оюнунан кийин стадиондогу мемориалдык тактасын талкалап кетишкен. “Барселона” – өзүн актабаган кымбат трансферлердин падышасы дешет. Клубдун Гризманн менен келишими буга далил. Аны сатып алгандан кийин “Барселона” каржы кризисине кептелип, Испаниянын мыкты клубу деген статусунан кол жууган. Антуан “Барсада” 102 беттеш өткөрүп, 35 гол киргизген. 2021-жылы Антуанды мурунку клубу кайра 40 миллион еврого сатып алганын жарыялаган. “Атлетико” оюнчусун 120 миллионго сатып, кайра 40 миллионго сатып алганын эң ийгиликтүү трансфердик келишим десе болот. Сизде деле футболчу 2 жылда 80 миллионго арзандап кеттиби деген суроо жаралдыбы?...

НЕМИСТЕРГЕ КЫР КӨРСӨТКӨН УСМАН ДЕМБЕЛЕ (105 миллион евро)

Усман Дембелени “Барселона” 105 миллион еврого немистердин “Боруссия” клубунан сатып алган. Дембеленин бала кездеги кыялы “Барселонада” ойноо болчу. Бирок “Боруссия” да аны арзан акчага коё бергиси келген эмес, германиялыктар оюнчу үчүн 150 миллион евро сурашкан. Эки клуб оюнчунун баасын чече албай көпкө тирешет. Ал ортодо Дембеле “Боруссиядагы” кесиптештери менен машыгуу учурунда мушташып, ага алар менен сүйлөшүүгө тыюу салынган. Футболчу клубдун расмий жолугушууларына, машыгууларга келбей койгон. Анын “каприздерине” чыдабаган “Боруссия” аягында аны 105 миллион еврого сатууга макул болот. Бирок мындай жоруктары менен футболчу көп немис күйөрмандарынан кол жууган. Ал эмес, белгилүү немис футболчулары Дембеленин “бунт” аркылуу маселе чечкенин ачык сындашкан.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан