«ДАЙЫМА ШАШЫП ЖҮРЧҮ...» Ырчы Бегимай Бекбоеваны жакындары эскерет

Сахнада жарк этип жанып, "Кантем, ай?" "Жаш жигит", "Атама", "Алыстарга" деген ырлары менен элге таанылган ырчы Бегимай Бекбоева 17-январда, 32 жаш курагында каза болду. Таланттуу үй-бүлөдө өскөн кыз эле, белгилүү куудул, обончу Токторбек Бекбоев менен куудул, актриса Жаңыл Кудайбергенованын кызы.

Назира Канайбекова, курбусу: «ЖАНЫНДА ЖҮРГӨН АДАМДАРДЫ БАЛАСЫНДАЙ ЭЛЕ КАРАЧУ»

– Бегимай экөөбүз 9-класстан бери доспуз. Канттагы үйүндө атасы болуп чогуу жашачубуз, Токтор байке үчөөбүз чогуу концерт коюп гастролдоп да жүрдүк. Бегимай экөөбүз бир туугандай эле болуп калганбыз, мен анын менеджери катары көп жыл иштештим. Ал дайым камкор эле, жанында жүргөн адамдарды баласындай эле карачу. Гастролдордо жүргөндө концерт учурунда ар кандай окуялар болот эле да, мен эшик тосуп турганда балдар келип мени түртүп кетишсе, ал ырдап жаткан жеринен концертин токтотуп мага чуркап келген учурлары болду. Сахнада ырдап жатса дагы эки көзү менде болуп турчу. Куудул дагы эле, жанында жүргөн адамдарды күлкүгө бөлөчү.

Жашоосунда көп кыйынчылыктар болду, ден соолугу начарлап, башынан шишик алдырды, байкушум өзүн таба албай жүрүп эле кетип калды. Акыркы учурларда байланыша албай жаткам, акыркы жолу былтыр сентябрда сүйлөшкөн элем. Минтип жаман кабар айтышты.

Асхат Субанбеков, досу: «АЙЛАНАСЫН ШАҢГА БӨЛӨП ТУРАР ЭЛЕ»

– Бегимай менен 2006-жылы гезитте иштеп жүргөндө таанышкам. Анда “Алло, алло, жаш жигит” деген ыры аябай популярдуу болуп жаткан. Ичимден “өң десе өңү бар, талант десе таланты бар, чыныгы жылдыз боло турган кыз экен” деп ойлоп койгом. Кийин эле киного тартылып, актрисалыкка басым жасап кетти. Анан 2013-жылы Назира деген курбусу экөө келишти. “Асхат, чыгармачылыкка билек түрө киришейин деп жатам. Мага продюсер болсоң жакшы болот эле” деди. Мурда-кийин продюсер болуп көрбөгөн соң алгач чочуладым. Акыры макулдашып, 2-3 жылдай кызматташтык. Бул аралыкта клиптерин тарттык, жаңы ырларын жаздырдык. “Кел, муну кылабыз” деп идеяларын айтып туруп, бат эле ошону жасап салганына баа бергем. Тамашаларды айтып, өзү да каткырып күлүп, айланасын шаңга бөлөп турар эле. Актриса да, ар кимдин үнүн келиштире туурачу. Кейип-кепчип, көйгөйлөрүн айтканын бир да жолу уккан жокмун.

Бир ирет клип тартабыз деп Ысык-Көлдүн Жомок капчыгайына 2 унаа менен жөнөдүк. Бегимай шашып көз айнегин унутуп чыгыптыр. “Силер бара бергиле, мен Балыкчыдан көз айнек сатып алып, артыңардан бара калам”,- деди. План боюнча күндүн батып бараткан учурунда тартышыбыз керек. Биз капчыгайдын ичине кирип кеттик. Ал жактан телефондун антеннасы чыкпай, такыр байланышыбыз үзүлдү. Акыры караңгы кирип кетти. Клип тартылбай, чыгармачыл жамаат асканын башынан сүрөткө түштүк да, кайра кайттык.

Бегимай ар дайым шашып жүрчү, бул жашоодон да шашып, эрте кете бергенин угуп нес болдум. Ажалга айла жок тура. Атасына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бегимай Бекбоеванын ата-энеси, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан