СИЦИЛИЯ – МАФИЯСЫ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ АТАГЫ ЧЫККАН АЙМАК

Аянты: 25 832 чарчы чакырым

Калкы: 5 миллиондон ашык (2019-жыл)

Жайгашкан өлкөсү: Италия

Эл арасында “мен нарындык эмесмин, кочкорлукмун. Жалал-абаддык эмесмин, токтогулдукмун” деген тамашалуу кеп айтылып жүрөт эмеспи. Сицилиялыктар да ушинтишет, өздөрүн италиялык эмес, сицилиялыкпыз деп тааныштырышат. Чындыгында тили, жашоо шарты, жаратылышы, маданияты менен Италиянын башка аймактарынан айырмаланат. Дүйнөгө атагы чыккан аймак Сицилия атайын сөз кылууга арзыйт.

ТИЛИН БИЛБЕСЕҢ ДА ТҮШҮНӨ АЛАСЫҢ

Сицилия – Италиядагы аянты боюнча эң чоң облус. Аралдардан турат. Бул аймакты Италиядан Мессина кысыгы бөлүп турат. Негизинен тоолуу, түздүктөр 14 пайызын гана ээлейт. Жайы ысык, кышы жылуу. Эң жогорку температура июль жана августта катталат, орточо +26°C, ал эми минималдык температура декабрь жана февралда катталат, анда күндүн табы +10°C’ге чейин жетет. Сицилия өлкөнүн башка аймактарынан чын эле айырмаланып турат. Жашоочулары италиялыкпыз дешпейт, сицилиялыктарбыз дешет. Буга чейин бул аймакта италиялыктар гана эмес, викингдер, арабдар, гректер, француздар, испандыктар жашашкан. Ошондуктан кебетелерин арабдарга, француздарга, гректерге жана башка улуттарга окшоштура аласың. Тили да салттуу итальян тилинен айырмаланып турат. Атүгүл италиялыктар кээде аны жакшы түшүнбөй калышат. Анткени грек, араб, француз сөздөрү аралашып кетет. Жесттерди көп колдонушат. Тилин билбесең да жесттеринен эмне деп жатканын түшүнсөң болот.

ТАМАК, АЗЫК-ТҮЛҮК ТУУРАЛУУ КӨП СҮЙЛӨШӨТ

Сицилия – бул деңиз, күн, пляждар жана тоолор. Сицилия – апельсин плантациялары, жүзүмзарлар, зайтун токойлору жана лаванда талаалары. Сицилия — байыркы гректердин храмдары жана римдиктердин амфитеатрлары, араб аркалары, кыскасы укмуштуудай архитектурасы бар, 16-17, андан да байыркы кылымдарга таандык имараттар сакталып калган. Эң кызыктуусу – ырахат менен тамактанууну жактыргандар үчүн идеалдуу жер. Сицилияда 2 дин бар делет. Биринчиси – католицизм, экинчиси – тамак. Андыктан азык-түлүк сатылган базар алар үчүн экинчи храм десе болот. Сицилиялыктар үчүн базардагы сатуучу үй-бүлө мүчөсүндөй эле. Алар өмүр бою бир эле сатуучудан соода кылышат. Аны “мураска” да калтырып кетет. Дегеним, эгер сиз Жованниден эт алып жүргөн болсоңуз, демек, сиздин балдарыңыз дагы ошондон сатып алышат. Сицилиялыктар тамак жөнүндө көп ойлонушат, ал жөнүндө көп сүйлөшөт, тамактануудан ырахат алышат. Тамактануу алар үчүн абдан маанилүү болгондуктан түшкү тамактануу убактысы негизинен 4 саатка созулат. Кечки тамактанууда да аз дегенде 2 саат отурушат. Тамактануу учурунда көбүнчө тамак, азык-түлүк тууралуу сүйлөшүшөт. Жагымдуусу – алар тамактануу учурунда телефон чукулап отурушпайт, бири-бири менен сүйлөшүшөт. Ашканасы аябай даамдуу делет. Негизинен деңиз азыктарын жешет. Вино, зайтун майы кеңири колдонулат.

ЖАНАР ТООНУН ЖАРЫЛЫШЫН КҮТҮП ЖАШАШАТ

Бул аймактагы эң коркунучтуу жер – Этна жанар тоосу. Этна Европадагы эң активдүү жанар тоо. Канчалык коркунучтуу болсо деле анын аймагында эл жашайт. Этнадан корккондун ордуна жанар тоонун ойгонушун күтүп жашашат. Анткени Этна жарылганда аны көрүш үчүн бул жакка көптөгөн туристтер келишет. Туристтер үчүн бул өзүнчө бир аттракцион болсо, сицилиялыктар үчүн бул акча. “Биз Этнадан коркпойбуз, тескерисинче, ансыз жашай албайбыз. Ал биздин үй-бүлөбүздүн мүчөсүндөй эле” дешет жергиликтүүлөр. Этна каалаган учурда “кыялын” көрсөтүшү мүмкүн. Кээде анын жарылышын 3 айдай күтүш керек болот. Ал эми Липари аралдарынын биринде жайгашып, дайыма активдүү болгон Стромболи жанар тоосу да бар, ал бат-баттан жарылып турат. Жанар тоону үй-бүлө мүчөсүндөй көргөн сицилиялыктар чындыгында үй-бүлөнү аябай баалашат. Сицилиялык дубалы урап жаткан үйдөн көчпөй жашай бериши мүмкүн. Анткени ал үйдө мурда анын үй-бүлөсү жашаган, ыйык. Кайсы бир иштин актуалдуулугу жоголсо деле, үй-бүлөдөн калган мурас деп ал ишти уланта бериши мүмкүн. Сицилиялыктар ынтымактуу, “баарыбыз бир чоң үй-бүлөбүз” дешет.

40 ЖАШКА ЧЫКСАҢ ДЕЛЕ СЕНИ АТА-ЭНЕҢ БАГУУГА МИЛДЕТТҮҮ

Сицилияда үй-бүлөгө байланыштуу кызыктай бир мыйзам бар. Мыйзамга ылайык, бала ата-энесинин үйүндө жашаса, аны ата-энеси багууга милдеттүү. Мунун жаш куракка тиешеси жок. Андыктан 40 жашта деле иштебей, ата-энесинин моюнунда отургандар бар. Андай үйдө ата-эне неберелерин да багууга милдетүү болот. Ошол эле учурда ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жок болуп калса, баласынын жумушу болсо, анда баласы ата-энесин багууга милдеттүү. Дагы бир кызык – университетте өмүр бою окуп жүрө берсе болот. Университеттен чыгарып салуу деген түшүнүк жок. Студент сынактан өтпөй калса, кайсы убакта ыңгайлуу болсо, 2-3 жылдан кийин деле кайра тапшырып, окуусун уланта берсе болот. 10-15 жыл окуп жүрө бергендер көп. Студенттердин 67 пайызы бекер окушат. Анткени үйдүн кирешеси жылына 25 миң евродон аз болсо, студент келишимдик акыдан бошотулат. Үйдөгү киреше бул суммадан ашса гана төлөшү керек болот. Окуу менен катар студенттердин иштөөсү сейрек көрүнүш.

30 ЖЫЛ БОЮ ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН МАФИЯ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Сицилияда “Жашоо оор, экинчи атасыз жашоо болбойт” деп тамашалашат. Бизче айтканда ар бир жарандын өкүл атасы бар. Бирок биздегидей үйлөнгөндө эмес, кичине кезинен дайындалат. Ымыркайларды чиркөөгө алып барып сыйындырышып, өкүл аталарын шайлашат. Мэрлердин, таасирдүү адамдардын мындай балдары көп. Тасма, китептерден улам Сицилияны “мафия” сөзү коштоп жүрөт. Бул түшүнүктүн өзү ушул жакта жаралган. Мафия азыр деле өз ишин улантып жатат дешет, бирок туристтерге, карапайым калкка алардын бар экени билинбейт. Коза ностра деген сөздү уккан белеңиз? Бул Сициялиядагы аты дүйнөгө белгилүү кылмыштуу топ. Саясатчылар менен байланышы, ритуалдары, мыкаачылыгы, байлыгы менен белгилүү. Коза ностра – сицилия тилинен которгондо “биздин ишибиз” дегенди билдирет. Топ 19-кылымдын башында пайда болгон. Башында апельсин плантацияларынын ээсин жана чоң жер тилкелерине ээ болгон ак сөөктөрдү бандиттерден коргошчу, бул үчүн алар эң каардуу ыкмаларды колдонушчу. Кийин Коза ностра кеңейип, кылмыштуу топко айланган. 20-кылымда алардын негизги иши – бандиттик болуп калган. Уюм үй-бүлө деп аталган топтордон турган. Коза ностра сөзү Марио Пьюзонун “Крестный отец” романынан кийин дүйнөгө популярдуу болгон. 2023-жылдын 16-январында Палермодо “Коза ностранын” башчысы делген Маттео Мессина Денаро колго түштү. Ал 30 жыл бою издөөдө жүргөн. 2002-жылы Италиянын бийлиги Маттео Денарону көп сандаган адам өлүмү үчүн сырттан соттоп, өмүр бою эркинен ажыраткан. Алардын арасында 1992-жылы прокурорлор Жованни Фальконе жана Паоло Борселлинонун да өлүмү бар. Бул прокурорлор мафиянын кылмыш иштерин, Милан, Флоренция, Римдеги жардырууларды жана уурдалып, кыйналып өлтүрүлгөн 11 жаштагы баланын өлүмүн тергешкен. Италиянын соту жана мурдагы башкы прокурору мафия башчысынын кармалышын “тарыхый окуя” деп атады. Өлкөнүн премьер-министри муну “өлкө үчүн чоң жеңиш” деп баалады.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан