Аяна Рустам кызы: «7 ЖАШЫМДАН БЕРИ ОРУСИЯДА ЦИРКТЕ ИШТЕЙМ»

Мекендешибиз Аяна Рустам кызы алдына “циркте иштейм” деген максат коюп, ата-энесинин каршы болгонуна карабай өжөрлүк менен тилегине жетиптир. Учурда 18 жашта. “Орусиядагы мамлекеттик циркте иштегениме быйыл 11 жыл болду. Эми 4 жылдан кийин пенсияга чыгам”,- деп жылмайды ал.

“ЦИРКТИ БИР КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ”

– 2004-жылы Бишкекте төрөлгөм. Төрөлгөнүмө 40 күн болгондон кийин эле ата-энем Москвага алып кетишиптир. Анткени ата-энем ага чейин эле Москвада жашап, иштеп жүрүшкөн. Агам, сиңдим бар, Москвада отурукташып калдык. Абдан активдүү, тынчы жок элем. Бир жолу мени циркке алып барышты. Ошондо көрүп аябай жактырып, “циркте иштегим келет” дегем. Көшөгө артында эмнелер болот деп кызыга берчүмүн, чын эле кызыктуу экен. Манежде баары кооз, сонун көрүнөт да. Ал эми артында көп аракет, уруш-талаш, кыйынчылыктар, жыргалчылыктар жатат. Ошентип кызыгып жүрдүм. Апама “кайсы бир ийримге барайынчы, циркке барсам андан жакшы болмок” дей берчүмүн.

Бала бакчага барчу жолдо Никулин атындагы цирк жайгашкан. Анын жанынан өткөн сайын “ушул жакка киргим келет” деп жүрдүм.

“АПАМ ИШЕНБЕЙ ЖАТТЫ”

– Бир жолу апам экөөбүз балдар аянтчасына барганбыз, бир маалда апамдын жанына бир аял келип отуруп калды. Мен так секирип ойноп жүргөм. Ошол аял мени көрүп “бул кыздын таланты бар экен, циркке берүүгө аракет кылып көрдүңөр беле?” деп калды. “Акча төлөп көркөм гимнастикага барган” десе, тиги аял “мындай талант үчүн, тескерисинче, силерге төлөшү керек, циркке алып баргыла” деп даректерин берди. Мен бул сүйлөшүүнү уктум. Ошол түнү өзүм да уктаган жокмун, апамды да уктатпадым (күлүп). Эртеси таң эрте жөнөдүк, 3-4 циркке барсак, албайбыз деп коюшту. Апам “көрдүңбү, алышпайт экен, биз кыргызбыз да” деп жатты. Айтор, апам менин циркке кабыл алынарыма ишенген жок. Жанагы Никулин атындагы цирктен да албайбыз деген жооп уктук. Бирок мен артка кайткан жокмун.

“БИР ТРЮКТУ АТКАРА АЛБАЙ КӨПКӨ КЫЙНАЛДЫМ”

– Бир күнү Орус мамлекеттик циркине бардык. Ал жактан бизге “чалып көргүлө” деп 2-3 телефон номерди берди. Бирине чалсак “бир саатта келип калсаңар байкап көрөбүз” дешти. Дал ошол учурда кыздарды кабыл алып жатышкан экен. Жетишип бардык, өнөрүмдү көрсөтүп, өтүп кеттим. Анда 7 жашта элем, аябай кубангам. Ал учурда бизде Орусиянын жарандыгы бар эле, ушул үчүн да мага циркке кирүүгө мүмкүн болду окшойт. Негизи циркке 18 жаштан кабыл алышат. Акробатика – 7 жаштан кабыл алчу жалгыз жанр. Эртеси эле репетициялар башталды. Тапшырмаларды жакшы эле аткарып жаттым, бир трюкту гана жасай албай көпкө чейин кыйналгам. Ал үчүн көп уруш-талаштар болду, ыйладым. Бирок чыдап, аракет кылып жатып аны да үйрөндүм. Анткени каалоом күчтүү болчу.

“АЙ САЙЫН МЕКТЕП КОТОРУП ОКУДУМ”

– 1 жылдай репетицияда жүрүп, андан кийин гастролдорго чыга баштадык. Биринчи жолу Краснодарга баргам. Башында ата-энем каршы болуп жүрдү, айрыкча атам мени жанынан алыс чыгаргысы келчү эмес. 1,5 ай сайын шаар которуп гастролдойбуз, демек, 1,5 ай сайын мектепти да которууга туура келчү. Оор болду, анткени сабактарды кууп жетип окуш керек. Учурда Самарада гастролдомун, мындан ары Астраханга барабыз. Учурда батутта, төөнүн үстүндө жигитовка жасайм, номерлер арасындагы бийге катышам.

Акробаттар 15 жыл иштегенден кийин пенсияга чыгышат. Мен 11 жыл иштеп койдум, дагы 4 жылдан кийин, буюрса, пенсионер болуп калам (күлүп). Циркте иштегениме ыраазымын, кесибимди аябай жакшы көрөм, жумушумдан энергия алам. Манежде өзүмдү суудагы балыктай сезем. Көрүүчүлөр кол чапса кадимкидей толкунданам. Алардын эмоциясы үчүн иштеп жатат окшойм.

“КЫЗЫКТУУ ДА, КООПТУУ ДА КЕСИП”

– Мага төөлөр менен иштеген кызык. Жаныбарлар ар кандай, алардын эмнени ойлоп жатканын, маанайы качан өзгөрүп кетерин билбейсиң, андыктан дайыма абайлап, байкап жүрүш керек. Алар да чарчашат, кыялын көрсөтүшөт. Кудай сактасын, бизде коркунуч туудурган учур болгон эмес. Башка цирктерде жаныбарлардын артисттерге кол салганын угуп калабыз. Жакында кайсы бир циркте артистке арстан кол салайын дептир. Андыктан бир чети кызыктуу, бир чети кооптуу кесип. Убактылуу эмоцияга алдырып, цирктен кетким келген учурлар болгон. Бирок эч качан “кетем” деген эмесмин. Цирктен тышкары бий ийримдерине барам, хай хилс абдан жагат.

“МОСКВАДА ЖАШАГАН ЖАГАТ”

– Ата-энем азыр мени менен сыймыктанат. Дос, тааныштарына мен жөнүндө айтып бергенден тажашпайт. Кыргызстандагы чоң ата, чоң энемдер дагы тааныштарына мени айтып макташат. Кыргызстанга 6 жылдан бери бара элекмин. Ушул жылы жайында барганга аракет кылам. Чоң атамдар чакырып, күтүп жатышат. Мен кыргызмын, кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам. Бирок мага Москвада жашаган жагат. Бул жактан үй алып, ушул жакта эле калгым келет. Кыргызстандагы туугандарыма тез-тезден барып турсам дейм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1050, 20-26-январь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан