Жаныш Майр, режиссёр, актёр: «СЫНДЫ ТРЯПКАДАЙ БЕТКЕ ЫРГЫТПАЙ, ПАЛЬТОДОЙ КИЙГИЗИП АЙТЫШ КЕРЕК»

Талантында кеп жок, башкасын мындай кой, “Эл эмне дейт?” долбоорундагы образдары эле атайын сөз кылууга арзыйт. Бул жолку апта каарманыбыз – белгилүү режиссёр, актёр Жаныш Майр. “Кино тартуудагы негизги максаттарымдын бири – элдин көңүлүн көтөрүү” дейт ал. Шатыра-шатман сүйлөп, шар жүргөн Жаныш мырзада кеп.

– Жаныш, кандайсыз? Көптөн бери маектеше элек экенбиз, кепти сиздеги ысык жаңылыктар менен баштасак.

– Баарыңыздарга салам! Айымдардын юморун тартуулап көрөлү деп “Чайки-зайки” деген тасма тарттык. Ага ачылбаган көп темалар, социалдык көйгөйлөрдү камтыдык. Көрүүчүлөрдүн көңүлү ачылсын деп атайын треш-комедия жанрын тандадык. Эски-жаңы заманды салыштырып “Алтын апакем” аттуу мини сериал да тартканбыз. Ысыгынан айтсам, “Жез” деген кино тарттык, ушул аптада кинотеатрларда коюлуп баштайт. Бул тасмага “Эл эмне дейт?” долбоорундагы элге жаккан, кызыктуу эки персонажды тандап алганбыз.

– Актёр, режиссёр, сценарист... Бул үчөөнүн кайсынысы сизге көбүрөөк ырахат тартуулайт?

– Кичинемден режиссёр болом дечүмүн. Ошондо эле кино көргөндө “кантип тартышты?” деп кызыга берчүмүн. Азыр деле ошондой, мага экрандын ичинде жүрүүгө караганда сыртында болуу жагат. Сценарий жазган да кызыктуу. Илгери 2 сааттык кинону шашпай көрүп отурчубуз, азыр кыска метраждуу тасмалар жакшы көрүлөт. Сценарий жазууда ушул талаптарды эске алып, улуттук, үй-бүлөлүк, гендердик баалуулуктарды да камтыйбыз. Азыркы заманда адамды отургузуп алып бир нерсе үйрөтүү кыйын, адамды кызыктырыш керек. Кинодо деле айтайын деген ойду бир процесске камтып, калганында көңүл ачуу, оюн-зоок, позитив, жылмаюу тартуулайын деген ой менен комедия жанрында сценарий жазабыз. Негизи ар ким өз ишин туура, так аткарса эле өнүгөбүз. Биз деле маселени чечип, өзгөртүп жиберчү киши эмеспиз, бирок таасир эте алабыз. Биздин тасма жок дегенде бир кишини жакшы жакка өзгөртсө, анда кубанычтабыз.

– Сынды кандай кабыл аласыз?

– Сынды тряпкадай бетке ыргытпай, пальтодой кийгизип айтыш керек. Азыр көбүнчө бирөөнүн кемчиликтерин тымпыйып курал катары топтоп жүрүшөт да, адам алсыз болуп турган учурда атып жатышат. Бул эми жанагы жараатка конгон чымындай, жаныбар жараат алары менен канаган жерге чымындар үйүлүп калат го. Сынды жакын адам айтат. Бизде тааныбаган эле бирөөлөр интернет желесинде Кыргызстанга негатив чачып жүрүшөт. Ошолор аман болгула, тизеңер сыйрылбасын! “Хейт” деген ушул, жек көрүү, жалаа жабуу. Бирөөнү “аа, чын эле ушундайбы” дедире алсаң, туура айтылган сын ушул. Туура сынды мен да жакшы көрөм. Сындын аягы пайдалуу болушу зарыл, азыр сынды пайдасы тийсин деп эмес, тиги адамды басынтыш үчүн айткандар көп.

– Бизге берген мурдагы интервьюңузда “бал айын Баткенден өткөрмөкмүн” деген экенсиз. Бул тилек орундалдыбы?

– Тилекке каршы, Баткенге жете албай калдык. Бал айын «ана болот, мына болот» деп жатып эле балалуу болуп калдык. Буюрса, Баткенге да барабыз, бал айы алдыда. Жубайым экөөбүз кокустан табышып калганбыз, тагдырыбызды 1 секунд чечип койду. Бир аз эле башкача болгондо, балким, бири-бирибизди көрбөй калмакпыз. Көрүп эле “мен сени издеп жүрүпмүн” деп айткам.

– Бойдок Жаныш менен үй-бүлөлүү Жанышта кандай айырма болду?

– Чоң эле айырма болот экен. Токтолот экенсиң. Адатта, керексиз кыялдарды мээге топтоп жүрө беребиз да, аларды иргей баштадым. Мурда үйлөнгөндөн кийин туугандардан алыстай баштасаң керек деп ойлочумун, тескерисинче, туугандар менен абдан жакшы болуп калат экенсиң. Биргелешип, бири-бириңе жардам берип жашаган жакты, жашоонун дагы бир кызыктуу этабы башталды. Кыздуу болгонбуз, 9 ай болуп калдык. Мурда жашоомдун баары сыртта, үйгө барганда уктайм деп ойлочумун. Азыр тескерисинче, сыртта иштейм, жашоомдун баары үйдө. Ушул эң чоң өзгөрүү.

– Ата болуу сезими кандай экен, кандай ата болуп жатасыз?

– Ал сезим дароо келбейт тура, күндөн-күнгө сезиле баштайт экен. Ата болуу сезимин, жоопкерчилигин, өзүңдүн бирөөгө керек экениңди түшүнүп, “кой, балама керекмин, өлүп калбайын” деп өзүңдү аяп калат экенсиң.

– Алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?

– Буюрса, кино тартууну уланта беребиз, студиябыз бар, шүгүр. Мурда оор болчу, шарт жоктугунан эптеп жамап жатып кино тартчубуз. Бизде азыр мамлекеттик деңгээлде бир эле киностудияда жакшы шарт бар, бирок алар өздөрү менен өздөрү эле кайнай беришет. “Булар КВНден чыккан” деп бизди актёр катары да эсептешпейт. Баягыда санап көрдүк, биз тамада катары да, КВН, кино аркылуу казынага жылына 25 миң доллар таштайт экенбиз. Бул – биздин тааныш студиялар, достор эле салган киреше. Бирок 30 жылда бир да театр курулган жок, туурабы? Мисалы, Орусияда атайын мамлекеттик кинофонддор бар, бири спортту, экинчиси маданиятты, үчүнчүсү тарыхты өнүктүрүү үстүнөн иштейт дегендей.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bazana
2023-01-30 09:58:00
Аягына чыкпай бутуруп салгандай болуп калыптыр
0
surgeon777
2023-01-30 12:48:00
Абдан орундуу суйлойт экен,бирок кызык маекти кыскартып салганынар жаман болуптур...
0
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан