Асел Эшимканова: «МЕЛИСТИН АЙРЫМ ДОСТОРУНА ТААРЫНЫП ЖҮРДҮМ»

Кыргыз журналистикасында бийик орду бар курч калемгер, саясий ишмер Мелис Эшимканов арабызда болсо быйыл 60 жашка толмок. Жубайы Асел Эшимканова “Мелисти бир эле жакындары эмес, кыргыз журналистикасы, саясаты, жарандык коому жоктошот. Бардык тармакта өз орду бар көп кырдуу адам болчу” деп эскерип отурду.

“РЕЖИССЁР БОЛОМ ДЕГЕН КЫЯЛЫНА ЖЕТПЕЙ КЕТТИ”

- Мелистин арабыздан кеткенине быйыл 11 жыл болду. Атасы каза болгондо улуу балам 6, кызым 4 гана жашта эле. Ата мээримине тойбой калышса да, артында аны алкаган эли, өчпөй турган ысымы бар экен, гезит-журнал, интернеттен атасы тууралуу маалыматтарды такай окуп чоңоюп жатышат. Балдарынын атын Мелис эки жума ЗАГСта жыйын кылып “ушундай ат койсом болобу, болбойбу?” деп кеңешип жатып өзү койгон. Уулумдуку Адам Асаналы тегин Мелис, кызымдыкы Мелис Миэла. Балам 17 жашта, учурда Варшавада журналисттик кесипке окуп жатат, кызым 15те, быйыл 11-классты бүтүп жатат. Мелис бардык тармакта өз орду бар ар тараптуу адам болчу. Мейли, журналистикада, саясатта, коомдук иштерде болсун аны жоктогондор көп. Бала кезинде режиссёр болом деп кыялданган экен. Ал эмес 16 жашында Москвага сценарийин жөнөтүп, ал жактагылар жактырып Мелисти чакырышат. Ата-энеси акча тартыш болуп досторунан акча чогултуп, билет алып Москвага учуп барганын айткан. Бирок “режиссёрлук факультетке 21 жаштан өйдө алабыз, жашың жеткенде кел” дешип кайра артка жөнөтүшөт. Кыргызстанга келип “21 жашка чейин күтүп жүрө бермек белем” деп журналистика факультетине тапшырып окуп калган. Кийин деле “сөзсүз кино тартам, башымда жакшы сценарийди бышырып жүрөм” деп калчу. Экөөбүз сонун кино тартмакчы болгонбуз. Бирок анын баарын ишке ашырганга жетишпей калды.

“МЕЛИСТИН АЙРЫМ ДОСТОРУНА 1-2 ЖЫЛДАЙ ТААРЫНЫП ЖҮРДҮМ”
- Мен табиятымдан абдан таарынчаак, ыйлаак жанмын. Адам болгондон кийин жакшы мамиле күтөт экенсиң. Өзгөчө Мелис каза болгондон кийин анын айрым досторуна 1-2 жылдай таарынып жүрдүм. Көрсө, Мелис башкача адам болгон экен. Дос, туугандарынын, тааныштарынын жакындары каза болуп калса аларга каралашып, жардам берип турчу. Мен анын баарын көргөм да. Көрбөсөм, балким, мынчалык көңүлүмө алмак эместирмин. Ошол адамдардын Мелиске ошондой мамиле менен жооп бербегенине ичтен ыза болуп, “эмнеге достору Мелистей мамиле кыла алышкан жок” деп таарынып жүрдүм. Кийин ал таарынычтардын баарын коё бердим. Көрсө, адам өзүнө гана таянып, эч кимден жардам, жакшы мамиле күтпөш керек экен. Мелис каза болгондон кийин чөйрөбүз тарыды. Ар кимдин өз турмушу бар тура. Мелистин көзү өткөнүнө көп жыл болсо да мени азыркыга чейин колдоп жүргөн адамдарга рахмат айтам. Алар саналуу эле, өздөрү билишет.

“БУЛАР ӨЛКӨГӨ ЭМЕС, ЖЕКЕ АМБИЦИЯЛАРЫ ҮЧҮН САЯСАТТА ЖҮРҮПТҮР ДЕП КАПАЛАНГАН”
- Мелисти өтө ашынган оппозициячы болчу деп айта албайм. Оппозициянын митинг-пикеттеринде кыйкырып жүргөндө да бийлик менен сүйлөшүүгө, кызматташууга даяр адам эле. Адамдар менен тез тил табыша алчу. Ал кезде бийлик “оппозициянын кимиси менен сүйлөшсөк болот, кандай кылалы?” деп Мелис менен кеңешип турчу. Мындайча айтканда, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө эле. Жолдошум бийликке барган учур да болду. Ошондо айрымдар “тарапташтарын сатып кетти, Бакиевдер Мелисти кызмат менен сатып алышты” деп чыгышты. Эмнеге ошондо КТРКнын директору кызматына барганын Мелисти түшүнгөндөр эле билбесе, көпчүлүк бийликке сатылып кетти деген эле ойдо калды. Чынында, Мелис ошол учурда оппозициядагы досторуна таарынып жүргөн. 10 оппозициячы болсо, анын тогузунун президент болом деген амбициясын көрүп “булар өлкө үчүн, кыргыз үчүн эмес, жеке амбициясын канааттандыруу үчүн саясатта жүргөн турбайбы” деп капаланган. Бийлик Мелистин ошол абалынан пайдаланып дароо кызматка чакырып алды. Сүйлөшүү учурунда көп сөздөр айтылыптыр, “канча жылдан бери оппозицияда жүрөсүң, кыйкыра берүү ар бир адамдын колунан келет, күчүңдү ишиң менен көрсөтпөйсүңбү” дешиптир. Мелис аябай ойлонуп, чечимди да көптөн кийин кабыл алган. Каза болор жылы жумушу жок үйдө отуруп калды. “Дайыма активдүү жүргөн адам жумушсуз отурууга чыдабай кетти” деп да айтышты. Башында жүрөгү ооруп каза болгонуна ишенбей, уулантып коюштубу деген шектенүүлөр болгон. Анткени дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, текшерилип турчу. Бирок Түгөлбай Казаков “чогуу бильярд ойногондо сол колум көтөрүлбөй жатат деп көп даттанчу, жүрөгүңдү текшертип кой деп айтчумун” деп калды. Балким, чындап эле бош отурганына кыжалат болуп ичинен сызып жүргөнбү, билбейм. Мага эч нерсе билдирчү эмес.

“БИЗДИН МАМИЛЕ ТУУРАЛУУ АЙТЫЛГАН СӨЗДӨРДҮ 10 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ”
- Мелис экөөбүздүн жаш айырмачылыгыбыз 15 жаш. Биз 2,5 жыл сүйлөшүп баш кошконбуз. Ата-энеме биздин мамиле тууралуу айтуу абдан кыйын болгон, Мелис “ата-энеңе өзүм айтам” десе, мен болбойм “өзүм айтышым керек” деп. Айтор, Мелис колумду сурап шакек салган күнү апама айтууга туура келди. Башында жакшы эле тилдеди “эл эмне дейт, балдары менен кантип тил табышасың?” деп. Бирок артка жол жок болчу, ата-энем макул болгуча 5 жыл болсо да күтмөкмүн. Бирок кийин билдим, апама мен айткыча эле туугандар Мелис экөөбүздүн мамилебизди жеткирип коюшуптур. Биздин мамиле тууралуу журналисттер арасында кандай кептер болгонун 10 жылдан кийин билип жатпаймынбы. Ушак, майда-чүйдө сөздөргө такыр жокмун. Анткени Мелис “ар кандай кептер айтылат, баарын көңүлгө ала берсең ден соолук кетет” деп койчу.

“СҮЙҮҮ КҮНҮН ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН ЧОГУУ ТОСКОНБУЗ”
- Мелисти көбү “кыз жандуу болчу” деп калышат, бирок мага такыр сезилген жок. Дайыма эркелетип, жакшы мамиле жасап, гүл, белектерин берген камкор жолдош болду. Адатта, күйөөсүнүн көңүл буруусу азайып калганда аялдар шекшип калышат эмеспи. Менде шекшигенге шылтоо болгон жок. Туулган күндөрүмдө эртең менен керебетимде кучак толо роза, белектер турар эле. Мен да майрамдарда таттууларымды жасап ашканага чакырчумун. Бир жолу 14-февралда ашканага кирип “бүгүн эмне майрам” деп таң калып мени тиктеп калды. Сүйүү күнү экенин айтсам “кечинде даяр болуп тур, бир жакка барабыз” деген бойдон жумушуна кетти. Кечки тамактанууга бардык, ал жакка Текебаевдердин үй-бүлөсүн чакырып коюптур. Өмүрбек мырза жубайы Айгүл айым менен келди. Айгүл айым “эмне силер 14-февралды да майрамдайсыңарбы? Өмүрбек эч качан минтип чакырмак эмес, ушу Мелистин эле идеясы болуш керек” деп күлүп калды. Айтор, сүйүү күнүн тосуп, майрамдоону Мелиске мен үйрөткөм.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан