Жаңы жылдыз - МЕРТ РАМАЗАН ДЕМИР

Ферит Корхан! Түрк сериалдарын кууп көргөндөр бул ысымды жакшы таанышат. Фериттин жашоосун, мүнөзүн, кыймыл-аракетин карап бир чети жакшы көрүп, ошол эле учурда кыжырдана бересиң. Оң-терс эмоцияларды бирдей жараткан бул каарманды көпчүлүккө тааныткан актёр – Мерт Рамазан Демир.

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган күнү: 1998-жыл, 1-январь

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 178 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Мугалим”, “Өлүүгө убакыт келди”, “Зимородок”, “Шахмаран” жана башка

2022-ЖЫЛДАГЫ ТҮРК КИНОСУНУН АЧЫЛЫШЫ...

Түрк киносунун 2022-жылдагы жаңы жүзү, ачылышы Мерт Рамазан Демир болду окшойт. “Зимородок” сериалынын популярдуулугу андагы баш каарман Мерт Демирге да ийгилик кушун алып келди. “Жылдын сериалы” аталган “Зимородок” долбоорунун аталышы 2 маанини түшүндүрөт: “чымчык” жана “ак сарайдагы кыз жандуу эркек”. Экинчи маанини камтыган тасмада Мерт бай үй-бүлөнүн баласы Ферит Корхандын ролун ойноп жатат. Чет өлкөдө жашап, билим алган Ферит түрктөрдүн үй-бүлөлүк баалуулуктарынан, илгерки салт-санааларынан алыс чоңоёт. Анын бейжай жашоосун иретке келтириш үчүн түрк менталитетине сугарылып чоңойгон айылдык Сейран аттуу (актриса Афра Сарачоглу) кызга үйлөнтүшөт. Бирок Ферит мурдагы эркин жашоосун, аялзатына болгон кызыгуусун токтото албай убара. Дал ушул Ферит Корхандын ролу менен миллиондогон күйөрман топтогон Мерт үчүн 2022-жолборс жылы карьерасында чоң секирик жасаган жыл болду. Аталган сериалдан кийин актёрдун персонасына болгон кызыгуулар күч алды. Кызыккандардын арасында биз да барбыз.

3-ИРЕТ БИРИККЕН МЕРТ-АФРА ТАНДЕМИ

Мерт Демирди жаңы жүз дегенибиз менен, анын актёрлук карьерасы 2015-жылы эле башталган. Бир катар тасмаларда өзүн сынап келген жигит көпчүлүккө 2020-жылы экранга чыккан “Мугалим” сериалындагы ролу менен тааныла алган. Ушул эле сериалда “Зимородоктогу” өнөктөшү актриса Афра Сарачоглу да роль жараткан. Кызыгы, Афра экөө буга чейин “Фазилет айым жана анын кыздары” сериалында да иштешкен эле. “Мугалимди” тартып жүргөндө режиссёр Афра менен Мерттин жакшы тил табышканын байкап, кайсы тасмада экөөнү бириктирсем деп ойлонгонун айтат. Убакыт-сааты келип, 2022-жылы Мерт+Афра тандеми 3-ирет биригип, “Зимородок” сериалында Ферит+Сейрандын образын жаратып жатышат. “Сериалдын мынчалык популярдуу болушун күткөн эмесмин. Бир нече тилге которулуп, бир нече өлкөдө көрсөтүлүп жатканы эң жагымдуу жаңылык болду. Афра менен көп жылдан бери таанышпыз. Экөөбүздүн достук мамилебиз экранда түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү химиясын эркин, жандуу чагылдырганга жардам берди”,- дейт Мерт.

Мерт Демирден дагы бир жагымдуу жаңылык – 20-январда актёр тартылган “Шахмаран” фантастикалык жанрындагы сериалы “Нетфликс” платформасына чыкты. Бул тасмада түрк киносунун алптары Серенай Сарыкая жана Бурак Дениз да бар. “Өзүм фантастика, мистика дегенди жактыра бербейм. Бирок “Шахмаран” карьерама өзгөчөлүк кошкон, кызыктуу тажрыйба болду”,- деген Мерт Демирди эми жаңы сериалдан жаңы образда көрө алабыз.

АТА-ЭНЕСИНИН КӨКҮРӨК КҮЧҮГҮ

Стамбулдун четиндеги Шиле айылында жашаган үй-бүлөгө 5-уул болуп кошулган Мерт Рамазан Демир 1-январда жарык дүйнөгө келген. “Ата-энебизге, айрыкча апама 5 уулду чоңойтуу оор эле болсо керек. Анткени тентек элек. Бирок агаларым менен көңүлдүү күндөрдү өткөрүп, бактылуу балалыкта чоңойдук”,- дейт Мерт. Апасы балдарын карап, үй тиричилиги менен алек болсо, атасы чакан бизнесин иштетчү. Бир туугандардын баары Шиледеги мектепти окуп бүтүрүштү. Мерт эс тартканы футбол, баскетбол оюндарына кызыгып, профессионалдык деңгээлде спортчу болом дейт эле. 17 жашка чыкканда келечекке койгон максаты өзгөрүп кетти. Денизли шаарындагы университетте билим алып жаткан агасына барган жигит театралдык ийримде Уильям Шекспирдин “Гамлет” пьесасына катышып калат. “Мерт эмес, башка адам болуу өзгөчө жагымдуу эмоцияларды жаратты. Ошондо актёр болом деп чечтим”. Жигит – айтты, жигит – аткарды. Азыр Мерт Рамазан Демир Түркиядагы таланттуу жана популярдуу актёр.

КИМДИН ЖИГИТИ?

Бойдок демекчи, 25 жашка чыккан жигит буга чейин кайсы бир сулуунун колун кармап папараццинин кылтагына илине элек. “Зимородок” сериалындагы өнөктөшү Афра экөөнүн ортосунда бир нерсе бар. Афра Мерт үчүн жигити менен урушуп кетиптир” деп лупа менен жаңылык издегендер жок эмес. Бирок экөө тең жөн гана кесиптеш жана дос экенин айтып келишет. “Азыр мамиле курганга такыр убактым жок, жумушума араң жетишип жатам. Убагы келгенде баары болот” деген Мерт Демирдин сөзү күйөрман кыздарына майдай жагат. Өзүн ашыкча эмоционалдуумун деп эсептеген Мерт токтоо, жөнөкөй кыздарды жактырат.

Спортту жашоосунун бир бөлүгүнө айланткан актёр футбол, баскетбол, стол тенниси, сууда сүзүү жана бокс менен машыгат. Бош убактысында кино көрөт же жыргап уктап эс алат. Мерт актёрлукка эле эмес, кино жаратууга да кызыгат. Бир-эки тасмага операторлук кылууга жетишкен ал келечекте режиссёрлук пультту колго алып, мыкты фильм тартам дейт. А биз өз кезегибизде Мерт Рамазан Демирге ар тараптуу ийгилик каалайбыз!

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан