КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бир жолу ушуларды ойлоп отуруп, ага «апаңды издеп көрбөйлүбү?» деп сунуш кылгам. Мага апасын издешип, табышып койсом эле Акберметтин жашоосу жеңилдей түшчүдөй сезилди да. Ишенесизби, айтканыма бушайман болдум. Анын ичинде мен ойлоп, мен туюп, мен көргөндөн да чоң таарыныч бар экен. Таарыныч бар экенин билчүмүн, бирок анын канчалык оор экенин ошондо билдим. Акбермет ушунча жылдан бери «ошол аял кокус алдымдан чыгып калса айтам» деп даярданып жүрсө керек. Менин сунушума шак эле жооп берди. Жоопту жаттап алгансып шатыратып жооп берди. «Жок. Мага ал аялдын эми кереги жок. Бала кезимде мен аны көп күттүм, бир күнү издеп келип калат деп жолун карадым. Жеңем менен абам капа кылган сайын, көңүлүмдү сындырган сайын өз апам келип алып кетет деп кыялданчумун. Айылда жол-белден бейтааныш аял кезиксе «балким, ушул менин апам болуп жүрбөсүн?» деп үмүттөнүп тиктечүмүн... Айылга келген бейтааныш аялдардын баары мага апам болуп көрүнчү... Бирок бир да бейтааныш аял апам болуп чыккан жок. Апам гана бейтааныш бойдон калды. Эми мындан ары да бейтааныш бойдон калсын, кереги жок!»- деди. Ушуларды айтып жатып ыйлаган жок. Мелтиреп туруп ушинтип жооп берди. Ошол аялдын келбесин билип, үмүтү үзүлүп, анан ушул жоопту өзү үчүн даярдап алганы көрүнүп турду. Кийин Акбермет эс тартканда күтпөй, үмүтүн үзүп калганда апасы аны бир издеп келген экен. Анда абасы менен жеңеси бербей коюптур. «Ушунча жыл кайда жүрдүң? Бир келип ал-абалын, өлүү-тирүүсүн сураганга жараган жоксуң. Биз чоңойтуп жолго жорттуруп койгондо, кол-аякка жарап калганда эми сага бала керек болуп калдыбы?»- деп бербей коюптур. Аны да айтып берди. «Апам ошондо келди, бирок бетин көрбөдүм же көрсөм деле эстеп калбадым бекен, билбейм» дейт. «Же башымды көтөрбөй койдум бекен, жер карап турдум бекен?» дейт. Эч эле апасынын жүзүн эстей албай койду. Апасы аны өпкөн-өппөгөнүн да эстей албай койду. «Менин жаныма келди беле, же үйдөгүлөр эшиктен кетирип жиберди беле?» деп көпкө буйдалды. Апасы бир жолу издеп келсе, ошону эстеп калбаганына өкүнөт окшойт...

– Эмнеге сени бербей коюшту?- деп сурадым. – Баары бир өз апаң эле да...

– Менден эч ким «апаң менен кетесиңби?» деп сураган жок, мен да «апам менен кетем» деп айта албадым. Кичинемден жалтак, жер карама болуп өстүм да. Бир да жолу өзүм чечим чыгарып, бир да жолу өз тандоом болгон жок. Анан кантип ошол учурда чечим чыгара алат элем? Анын үстүнө өмүрүмдө көрбөгөн чоочун аялды ээрчип кайда барат элем? Кандай тагдырга туш болот элем? Ага караганда жеңем менен абам кандай болсо деле мага жакын көрүнгөн. Алар мени апама бербей койгондо, мени жакшы көргөнүнөн бербей койду деп сүйүнгөм. Кийин ойлосом, мени кара күчүм үчүн бербей койгон тура. Анткени ошол үйдүн түйшүгү бүтүндөй менин моюнумда эле. Абамдын балдары мага удаа болгону менен, мендей болуп не талаа жумушун, не үй жумушун жасаган жок. Бардык жумушту мен жасачумун. Чоң энем бар кезинде мени аяп, мага жан тартып, катып-кутуп акчасын, бекиткенин бере калчу. Алынын жетишинче жаман тилден, ур-токмоктон коргочу. Кийин ал да алдан-күчтөн тайып, ал үйдө мага жан тарткан, менин таламымды талашкан киши калган жок. Ошончо азапты мен өзүм жалгыз тартып, жалгыз жеңдим. Жалгыз ыйлап, жалгыз соорондум. «Жакшы көргөн жигитим бар» деп айта албай, тааныбаган бирөөгө күйөөгө кетип баратканымда, ошол күйөөдөн балалуу болуп, эне болуп маңдайым жарылып сүйүнгөндө, ошол күйөө эшикке чыгарып койгон учурда жанымда болбогон эне эми жанымда болсо эмне өзгөрөт?!- деп кайра мага суроо берди. Бул апасын дагы эле күтүп жүргөн, бирок келбейт деп үмүтүн үзүп калган айласыз адамдын сөзү да. Таарынычтын сөзү... Мен ошондон кийин ага апасы жөнүндө сөз козгогон жокмун. Жарасын тырмагандан корктум. Акберметтин тагдырын уга берип, уга берип, анын жеңесин биротоло жаман көрүп калдым. Өзүн али көрө элекмин, бирок көрбөй эле жаман көрүп жатам.

ххх

– Мен сага такыр жооп бергидей болбодум. Жумушта жүрдүм. Төрт эркек бир кызды зордуктаптыр. Канча күндөн бери ошолор менен убарамын. Букадай төрт эркек зордуктаган кызды элестете албасаң керек. Ылайым ошондой болсун. Элестетпе... Кылмышкердин үчөө кармалды, бирөө качып кетти. Кылгылыкты кылып бүтүп, үчөө кызды зордуктаган жерде эле дардайып уктап жаткан экен. Кылмыш жасалган жерден эле кармалыптыр. Коркпой уктап жаткандарынын да жөнү бар. Кызды жылаңач видеого тартып алып «арыздансаң, ушул видеону интернетке жүктөйбүз» деп коркутуптур. Эми ошол өздөрү тарткан видео кылмыш ишинде далил катары колдонулат. Үчөө аны эске албай эле жандарын жеп жатат. Аларга кошулуп канча күндөн бери мен да жанымды жеп жатам. Жеп жатып чарчадым. Колума кудум биринчи жолу зордуктоо боюнча кылмыш иши тийгенсип чарчадым. Ушундайда өзүмө «колумдан келген жумушту эле аткарсам эмне?» дейм ар дайым. Ушунча жылдан бери жамандыкка көнүп кетпегениме же сүйүнөрүмдү билбейм, же күйүнөрүмдү билбейм. Төрт жигиттин жоругу бир тең, алардын туугандарынын жоругу бир тең болду. Тергөө бөлүмүнө туугандары келип, жанымды кашайтып жиберди. Аларды биринчи көргөндө «балдар жакшы эле бүлөнүн балдары экен, кантип ушуга барды?» деп ойлоп жаткам. Ал оюмдан кайттым. Жакшы эмес экен. Жакшы бүлө болсо, баласы кыз зордомок беле? Үчөөнүн тең Москвадагы туугандары окуяны угуп, баары бөлүмгө келиптир. Коридордо катар отурганбыз. Эркектери зордукталган кызды ачык эле сөгүп, аялдары каргап жатты. Кыз тез эле шуркуяга чыгып калды. Биринен бири озунуп «ал өзү бузулган кыз экен, ошол жерге өзү барыптыр» дейт улам эле. Балдардын жоругу тууралуу сөз жок. Бузулган кызды зордуктай берсе болот деген түшүнүктү алар кайдан алганын билбейм, бирок баары кудум мыйзамда ошентип жазылгансып ишенимдүү сүйлөп жатты. Ошончо кишинин окшош, бир кылка ойлонгону кыжырымды келтирди. Чыдабай кеттим. «Кыз өзү барган жок, балдарыңар сүйрөп алып кетиптир» дедим. Деп алып эле тилимди тишиме баса калдым. Дебешим керек болчу. Бул сөздү айтканы акым да жок болчу. Ошентип алардын колуна өзүмдү-өзүм салып бердим. Анан башталды. Бир туруп «азыр балдардын бири сага үйлөнөт дегин да, кыз чуркап келип арызын алат» дейт... Бир туруп «балдардын бирин тандасын, айт, каалаганына алып беребиз» дейт. Бирок бири да «кыз алардын бирине тийгенди каалайбы, деги эле мындан кийин ошол кыз эркекти каалайбы, каалай алабы?» деп ойлонуп койгон жок. Бири да кызга кыжалат болгон жок. Баары мени ороп алып «каалаган баласына алып беребиз, кызга сен айт, өзүнүн абийири деле жабылып калат» дей берди, дей берди. Кайсы абийир тууралуу сөз болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Кимдин абийири тууралуу сөз болуп жатканын да түшүнгөн жокмун. Зордукталган кызды аны зордуктаган балдардын бирине алып берип койсо, кыздын абийири жабылабы же зөөкүрлөрдүнбү? Деги эле төгүлүп бүткөн абийирди жапса болобу? Ал башка бирөөнүн абийири менен жабыла турган нерсеби?.. Эч нерсе түшүнгөн жокмун, анан мен бул сөздөрдү жабырлануучу кызга айтпасымды аларга түшүндүрө алган жокмун. «Айтпайм» десем, «бул деле ошолордун бири да» деп орой сөгүндү бир киши. Ал кишини улай бир аял «уятсыздар көбөйдү» деп үшкүрүндү. Уятсыз кишилер бирөөнү уятсыз десе кызыктай угулат экен. Тергөөчүнүн кабинетине кире качып кутулдум. Ушундай болду... Сен эмне кылып жатасың? Мен жокто эмнелерди кылдың? Дагы кимдин барагын тытып отурасың?

– Сактандын...

– «Ыйыктардын», «Лелиндердин» барагы бүтүп, кайра Сактаныңа кайттыңбы?

– Жаңы ыр жазган экен.

– Баары өзүн өзгөчөмүн деп ойлойт, бирок баары окшош эле. Биринин барагына кирсең эле жетиштүү. Калганы ошонун эле аркы бети, капталы, алды, арты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан