ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БАЙ 5 АДАМ

2023-жылга карата дүйнөдөгү эң бай адамдарды иргеген Forbes’тун тизмеси жарыяланды. Буга чейин лидерлик сапта келе жаткан Илон Маск ордун башкага бошотуп бериптир...

1. Бернар Арно – 176,6 миллиард доллар
(73 жашта, Франция)

Белгилүү “Louis Vuitton” компаниясынын ээси Бернар Арно үй-бүлөлүк бизнестин аркасы менен Илон Маскты экинчиликке жылдырып, 176,6 миллиард доллар каражат топтоп, дүйнөдөгү эң бай адам статусуна ээ болду. Арнолорго “Christian Dior” компаниясы да таандык. Баса, орусиялык атактуу модель Наталья Водянова бул бай үй-бүлөнүн келини.

2. Илон Маск – 146,5 миллиард доллар
(51 жашта, АКШ)

Tesla, SpaceX компанияларынын жана Twitter социалдык тармагынын ээси Илон Маск 2022-жылы 100 миллиард доллардан ашык каражатынан ажыраган. Натыйжада ал 146,5 миллиард доллары менен бай адамдардын тизмегинин күмүш медалына ээ болду. Фантазиясы күчтүү Илон мырза келечекте лидерлик чылбырды колго алуу үчүн кандай кадамдарга барат, ким билсин...

3. Гаутам Адани – 121,4 миллиард доллар
(60 жашта, Индия)

121,4 миллиард доллар байлыгы менен индиялык ишкер Гаутам Шантинал Адани коло медалга татыды. Чакан дүкөндө материал саткан соодагердин баласы чоңоюп, иштин көзүн таап “Adani Group” компаниясын түптөгөн. Учурда бул компания электр энергиясын өндүрүү, кен байлыктарды казып, иштетүү, порт бизнеси сыяктуу олуттуу иштер менен алектенет.

4. Жефф Безос – 108,5 миллиард доллар
(58 жашта, АКШ)

Учурунда Жефф Безос да эң бай адам катары биринчиликте турган. Бирок эч нерсе түбөлүктүү эмес дегендей, бүгүнкү күндө ал бай адамдардын арасында 4-орунда. “Amazon” жана “Blue Origin” компанияларынын ээси кайрымдуулукка көп каражат коротору маалым.

5. Уоррен Баффет – 106,3 миллиард доллар
(92 жашта, АКШ)

Эс тартканы акция, инвестиция иштерине кызыккан Уоррен 11 жашында биринчи жолу 5 долларга ээ болгон. 16 жашында ал 53 миң доллар капитал топтоп койгон. Баймын деп акчаны оңго-солго чачпай, тескерисинче, үнөмдөп жашаган. Фаст-фуд жеп, арзан машиналарды айдап, жөнөкөй жашоо образын кечирген ишкер бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмегинде 5-орунда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан