Азиз Биймырза уулу, манасчы: “ЖУБАЙЫМДЫН МУҢАЙБАС КАБАГЫН ЖАКТЫРГАМ”

Манас театрынын жетекчиси, манасчы, алпаруучу Азиз Биймырза уулу жана жубайы, алпаруучу Алтынай Турарбекова менен маектештик. Турмуштун улуу жолуна түшүп, бирге түтүн булатып, эки баланы өстүрүп келе жаткан түгөйлөрдүн махабат баянына көз чаптырыңыз, окурман.

– Саламатсыңарбы, кош келипсиңер!

Азиз: – Кош келдик. Биринчиден “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарына салам айтам. Ар бир үйдө дайыма жакшылыктар болсун!

– Кеп башынан болсун. Экөөңөрдү тааныштырган, табыштырган күнгө бир барып келбейлиби...

Алтынай: – 2019-жылы күз мезгилинде таанышканбыз. Экөөбүз тең КТРКда иштечүбүз. Баары бат эле болуп кеткен. 1-2 айдай эле сүйлөшүп, баш кошконбуз.

Азиз: – Ысмайыл Борончиевдин “жалындап күйүп чок денең, жаш болуп көргөн жок белең” деген бир сөзү бар. Жалындуу жаштыгымда студент болдум, келди-кетти сүйүүлөр болуп жатты. Үйлөнөм деген чечимди кабыл алгандан кийин, өзүмө өмүрлүк жар, жөн эле жубай эмес, балдарга эне издей баштадым. Жумуштан таанышып калдык. Сезим менен акыл эки башка нерсе да. Сезим дайыма акылды баш ийдирип алат. Кыска эле убакыт сүйлөштүк. Мага жубай боло турган адам экенин сездим, ишендим. Адегенде апама айттым, анан телеканалдагы Алтынайдын жетекчисине “кызыңыздын колун сурайын деп жатам” десем, “вай, той качан” деп эле сүйлөшүп калдык. Ошентип Максат деген досум менен барып Алтынайдын колун сурасам “сиз кандай немесиз?” дейт. Мен ушундай жигитмин дедим.

Алтынай: – Бири-бирибизди жакындан жакшы деле тааный элекпиз да. “Эмнеге бат эле чечим чыгарып салдыңыз, бир аз сүйлөшөлү, балким, бири-бирибизге жакпай калсакчы” десем, болбой эле Азиз чечимди өтө чечкиндүүлүк менен кабыл алды. Мен да макул болдум.

– Каршы болуп баратып эле кантип макулдугуңду берип калдың?

Алтынай: – Анткени көзүм жетти.

Азиз: – Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат да (күлүп).

Алтынай: – Кыз кулагы менен сүйөт деп коёт го, ушундай бир сөздөрдүн гүлүн терип жазат, ырларды жөнөтөт. “Каалагын, мейли, каалаба, карап тур сага үйлөнөм” деген ыр саптары бар болчу. Кулагым менен эле сүйүп койбостон, келечекте балдарыма мыкты ата, мага мыкты жолдош болуп берерине көзүм жетти. Азиздин колунда камкордукка алынгандаймын, мени коргой аларын сездим. Ушундай жигит жактырып жатса кантип макул болбой коёсуң?

Азиз: – Дагы мактачы мени (күлүп).

Алтынай: – Экөөбүз КТРКнын эки башка бөлүмүндө иштечүбүз. Биз баш кошкондон кийин “Баластан” менен “Маданият” куда болуп калышты.

– Жубайыңдын кайсы сапаты жүрөгүңдү багындырды?

Азиз: – Муңайым тартып турса да муңайбагандыгы. Ашың болбосо да, кашың болсун, тамагың болбосо да, кабагың болсун дейт го, кандай учур болбосун кенебестик менен кабыл алып күлө билген адам ийгиликке өзү да жетет, башканы да жетелейт. Ийгиликтин бир сыры – жылмаюу. Менден бешбетер эле жылмая берет экен. Үйлөнөрдө мен да жалмайып эле оозум кулагымда жүрсө, келинчегимдики да ушундай болсо, балдарыбыздын ооздору кулакка чейин болуп калабы дегем (күлүп). Бирок жылмаюу адамга дайыма позитив тарттуулап, жакшы жакка жетелейт да. Жылмаюу бар жерди жылуулук, жылуулук бар жерди мээрим, мээрим бар жерди сүйүү, сүйүү бар жерди бакыт уялайт. Бакыт уялаган жерде ден соолук болот дегендей...

Алтынай: – Ортобузда бир жаш айырма бар. Бирок Азиз билими, түшүнүгү жагынан менден улуудай көрүнөт. Биз таанышкыча бир жолу Азизди таңкы эфирге чакыргам, эфирде сонун сөздөрдү сүйлөп, ыр айтып берген. Сонун экен деп ал ырды жаттап да алгам. Мага биринчи ирет “кандайсың, карындашым?” деп жазса менден улуураак окшойт деп ойлогом, сиз деп калгам. Ошону менен Азизге карындаш боюнча калдым, бул мага агамдай эле. Жашыбыз тең болгону менен, сый жагынан улуу эле.

– Жашоо кандай өтүп жатат анан? Бир чөйрөнүн өкүлдөрү катары бири-бириңерди жакшы түшүнсөңөр керек?

Азиз: – 2019-жылдын 19-октябрында үйлөнгөнбүз, эки балалуу болдук. Кудай көз тийгизбесин, казан-аяк кагышып, таарынышып, Алтынай төркүнүнө кетем деген учур болгон жок. Боло турган болсо ушуга чейин болмок, мындан ары да болтурбаганга аракет кылабыз. Кудай көздөн-сөздөн сактаса, түшүнүшүү менен тайгак кечүү, тар жолдорду чогуу басабыз. Балдарыбыз баарын жеңдирет, кызым чоңоюп калды. Кээде үйгө маанайсыз барсам, “ата, ноу, ноу” деп коёт болду. Ошону менен баары токтойт.

Алтынай: – Ынтымактуу жашоонун сыры бир гана түшүнүшүүдө деп ойлойм. Анткени Азиз үйгө маанайсыз келсе, башкача сүйлөп жатса, демек, жумушунда көйгөйлөр болушу мүмкүн, чарчады болуш керек деп түшүнүү менен мамиле кылам. Азыр балдар менен үйдө отурам да, мен буулугуп калган учурда Азиз туура түшүнөт. Бала кезде апам дайыма “жаштын тилегин берет, күйөөм жакшы болсун, мага жакшы мамиле кылсын, кулк-мүнөзү жакшы болсун” деп тилен дечү. Кичирээк кезимден эле ушуну тилечүмүн. Тилегенимдей күйөө туш келди.

Азиз: – Өзүңдүн көзүң тийип кетпесин, эй (күлүп).

– Келиндик статус, мамиле тууралуу да сөз кылбайлыбы...

Алтынай: – Көңүлүм менен турмушка чыккангабы, өзүмдү келин деле сезген жокмун. Кыйналган, уялган учурлар деле болгон жок. Мени жакшы кабыл алышты, бат эле көнүп кеттим. Коноктун баарын тосуп бүтүп, өзүбүз калганда тамак жасашым керек болду. Ошондо аппак кылып аш басып бергем. Атам күрүч жебейт экен, Азиз да апама “эмне аппак кылып жасагансыңар?” дептир. Апам капа болуп калбасын деп мага айтпаптыр, кийин билдим.

Былтыр балдарды алып айылга бардык. Интернеттен казанга самсы жасап жаткан видеону көрүп калдым. Анан “апа, бүгүн сизге сонун самсы жасап берем, казанга бышат экен” дедим. Апам “койчу айланайын, электр мешине эле бышырчы” деди. Мен болбой казанга жасайм дедим. Казанга чаптасам асты бышып, үстү бышпай калбасын деп отту аябай жагып, самсыларды чаптап, үстүнө аппак поднос жаап коюп үйгө кирип кеттим. Кайра чыксам күйүк жыттанат, казан түтөп, поднос капкара болуп калыптыр. Апам балдарды ойнотуп көчөдө жүргөн. Апамдын тилин укпай койдум эле, эми урушат го деп коркуп, баарын катып койдум, бирок күйүк жыттанат да. Апам келип “күйүп кеттиби, мейли эми” деп эле койду. Калган самсыны электр мешине бышырып, казан менен подносту 2 саат жышып агарттым.

– Кызыктуу маегиңерге рахмат. Бактыңар бөксөрбөсүн!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан