АБАКТА ОТУРГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТИНИН СӨӨГҮ УКРАИНАДАГЫ СОГУШТАН КЕЛДИ

Редакциябызга Асылбек Абдибалиев аттуу жаран кайрылып Орусиянын абагында отурган агасынын сөөгү Украинадагы согуштан келгенин айтып берди. Мекендешибиз кан майданга кантип барып калган? Жоопту иниси айтып берет.

“ЖАЛАА ЖАБЫЛЫП АБАККА ТҮШҮП КАЛГАН ЭЛЕ”

– Агам Аян Алишеров 1993-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан болобуз. Агам 5 бир туугандын улуусу эле. 2019-жылы Орусияда 3 шериги менен абакка түшүп калды. Ага “адам уурдоо” жана “опузалап акча талап кылуу” беренеси менен айып тагылган.

Агамдын шеригинин классташ кызына бир жигит тийишип койгон экен. Шериги агамды чакырат, анан ал жигитти тарбиялап коёлу деген максатта “жүр, машинага отур, сүйлөшөбүз” деп түрткүлөп жатышканы көчөдөгү видеокамерага түшүп калыптыр.

Опузалап акча талап кылуу боюнча... Агам иштеген жердин администратору анын айлык маянасын бербей көпкө кыйнайт. Агам шериктери менен барып айлыгын талап кылганда ал кыз “менден опузалап акча талап кылып жатат” деп арыз жазып коюптур. Болбосо алар байкемдин айлыгын бербей созуп жүрүшкөн. Арыз жазган тарап да кыргыздар болчу. Биз Москвада деле бири-бирибиздин үстүбүздөн арыз жазып жүрөбүз. Кыргыз кыргызды соттотот, ынтымак, биримдик деген жок, акча дегенде айрым адамдар намыс, ариет, патриоттук сезим, баарын жыйыштырып коюп жатышат.

“УКРАИНАДАН КАЗА БОЛДУ ДЕП СӨӨГҮ КЕЛДИ”

– Агам абакта отурганда такай телефондон сүйлөшүп турчумун. Бир жолу сүйлөшкөндө “ЧВК Вагнер келди бизге, Украина аркылуу эркиндикке чыгуунун жолдору бар экен” деп калды. Согушка катышам, кеткени жатам деп такыр айткан эмес. Бирок абдан эркиндикке чыккысы келип жүргөн. Апам агамды Кыргызстандын абагына которуп алуу үчүн Орусиядагы Кыргыз элчилигине аябай көп барды. Орусиянын абагында жатып, кантип Украинадагы согушка барып калганы бизге да табышмак. Өз каалоосу менен кеттиби, же мажбурлаштыбы, билбейбиз. Агам 2022-жылдын 24-ноябрында Донецк облусундагы Артёмовск шаарында каза болуптур, бизге 12-январь күнү кабар келди. Бир жолу апам “Аян такыр эле байланышка чыкпай жатат” деп ыйлап калды. Жүрөгү оорубасын деп “апа, абакта телефон кээде өчүк, кээде күйүк болот, балким, жоготуп алгандыр” деп жубатып койгон элем. Көрсө, эненин жүрөгү сезген экен. Ошондо агам 2 айдай дайынсыз болуп кеткен. Кыргыз деп күйгөн, ар-намысы бийик, патриот жигит болчу. Абдан ак көңүл, берешен эле. Акыркы тыйыны болсо да бирөөгө жардам берип, өзү эч нерсеси жок отуруп калганын көрүп калдым. Сүйлөшкөн кызы бар эле, агамдын абактан чыгышын күтүп жүргөн. Эркиндикке чыксам эле үйлөнөм дечү.

“ОРУСИЯДАГЫ ЭЛЧИЛИК АБАКТАГЫ ЖАРАНДАРДЫ ЭМНЕГЕ КАРАБАЙТ?”

– Силердин редакцияга кайрылганыбыздын себеби – башыбыздан өткөн окуя чет жердеги башка мекендештерге сабак болсун деген тилек. Орусиянын абагында отурган Кыргыз жарандары көп. Элчилик эмне кылып отурат, ошолордон кабар алып, ал-жайын сурашпайбы? Агам 2 ай дайынсыз болгондо биз аны абакта эле отурат деп ойлодук. Украинада согуштан каза болуп келери үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Балким, абактан ары мобилизацияга кетиришкенби деп да ойлодук, бирок ал Кыргызстандын жараны болчу. Агамдын арабызда жок экенине дагы деле ишенбей турабыз. Оор кайгыдан атам инсульт алып, апам ооруп калды. Бийлик төбөлдөрүнөн, элчиликтен өз жарандарына кайдыгер болбоону өтүнөбүз.

Салтанат Митиева, котормочу: “АЯН АЛИШЕРОВДУ ИЮНЬ АЙЫНДА КЫРГЫЗСТАНГА КОТОРУУ БОЮНЧА ЧЕЧИМ ЧЫККАН ЭЛЕ”

– Көптөгөн кыргызстандык мигранттардын сот иштеринде котормочулук кызматты аркалап келем. Аян Алишеровдун сот процессине өзүм катышкан эмесмин, бирок анын шеригинин эжеси менден кеңеш сурап турчу. Аян шериктери менен абакка түшүп, Мордовиядагы абакта отурган. 2022-жылдын июнь айында аны Кыргызстанга которуу боюнча чечим чыккан эле. Ал кабарды мен өзүм чалып сүйүнчүлөгөм, абдан сүйүнгөн. Кыргызстанга мына которулам деп күтүп жаткан соттолуучунун кантип Украинага барып калганы бизге да табышмак болууда. Бирок абакта согушка барууга эч ким мажбурланбайт, барса соттолуучулар өз каалоосу менен барышат. Балким, бирөө жарым “күтпөй, эртерээк эркиндикке чыгасың” деп азгыргандыр.

Теманы улай...

“ИНИМДИ МОБИЛИЗАЦИЯГА АДАШЫП ЧАКЫРЫП АЛЫШЫПТЫР”

Эске салсак, 2022- жылдын 21-сентябрында Орусияда аскерге жарамдуу адамдарды жарым-жартылай мобилизациялоо башталган. Буга чейин №1034 саныбызда “Орусиядагы мобилизация: Кыргыз мигранттарын эмне күтөт?” деген аталышта макала жарыкка чыккан. Анда мекендешибиз Назгүл Мыктыбекова бир тууган инисин жумуштан ары эле аскер комиссариатына алып кетишкенин, апасы оорулуу, үйдө жалгыз камсыздай турган багуучу экенин эске албай алып кетишкенин айтып берген эле. Назгүл айымга байланышып инисинин ал-абалын сураганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Инимди армияда кызмат өтөгөн эмес, аскердик даярдыгы жок десек болбой алып кетишкен. Көп медициналык маалым каттарды да чогултуп көрсөткөнбүз, жаратпай коюшкан. Бирок алып кеткен күндүн эртеси эле инимди кайра коё беришиптир. “Эмнеге коё берип жатасыңар?” деп сураса “сизди адашып чакырып алыптырбыз” дешиптир. Бизге ошол күнү эле чалып “мени коё беришти, үйгө баратам” деп чалган. Кудайга шүгүр, азыр Москвада үй-бүлөсү менен иштеп жатат. Орус жарандыгымды алмаштырбайм, согушка чакырса бара берем деди. Эми ушунча жыл иштеп, ошол жактан нан таап жеп жаткандан кийин барам десе барат да.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан