Азат Эркимбаев, машыктыруучу: “МАШЫКТЫРУУЧУЛАР ҮЙ БЕТИН ДЕЛЕ КӨРБӨЙТ”

Өлкөбүздө грек-рим күрөшүнүн өнүгүүсүнө, бул тармакта сыймыктанарлык ийгиликтердин жаралып жатышына чоң салымын кошуп келе жаткан инсандардын бири – машыктыруучу Азат Эркимбаев. Ал 2017-жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу кызматын аркалап келет. Азат мырза менен спорттун ушул түрү жаатында баарлаштык.

– Арыбаңыз, Азат мырза, жаңы эле грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Кепти ушундан баштайлы...

– Саламатсыздарбы? Быйылкы өлкө чемпиондугун абдан жакшы деңгээлде өткөрүп алдык. Курама команда тандалды десек болот. Кыргызстандын чемпиондугу өзүбүздүн спортчулар үчүн абдан маанилүү. Айрымдары “өлкө биринчилигине караганда сырттагы мелдештерди утуу жеңилирээк” деп айтып калышат. Себеби ушул жакта жеңүүчү болгондон кийин гана Азия, Дүйнө чемпиондугуна жол ачылат да. Эми улуттук курамды толук топтоп, быйылкы турнирлердин графигин карап, убакыттарын бөлүштүрүп, кайсынысына барарыбызды чечебиз.

– Салмактык чендерде бирдей деңгээлдеги күчтүү балбандар көп. Атаандаштык күчтүүбү? Мисалы, Азия, Дүйнө чемпиондуктарына баруу көбүнө буюрбайт да.

– 10 салмакта 250 балбан катышса, алардын ону гана жеңүүчү болот. Спорт деген ушундай да. Ар бир салмакта спортчунун жеке атаандаштары бар. Баары биргеликте машыгып, алардын арты менен жигиттерибиз чоң ийгиликтерге жетишип отурат. Бирөөнүн чемпион болушунун артында чоң команданын эмгеги турат. Эгер алар болбосо булар ким менен даярданмак, өсүш болбойт эле да. Биздин балбандар килем үстүндө гана бири-бирине атаандаш болбосо, жашоодо абдан ынтымактуу, жакын мамиледе.

– Өлкө чемпиондугу калыс өтөбү? Курама командада мурдатан бери жүргөн спортчулар бар, аларга жан туртуу болбойбу?

– Жок, андай нерсеге жол берилбейт. Калыс болсун деп чемпиондукка коңшу мамлекеттерден олимпиадалык категориядагы калыстарды чакырабыз. Бул ирет Казакстан жана Өзбекстандан калыстарды чакырдык. Биз дагы өлкө биринчилигинде курама команданын мүчөлөрүнүн машыгууларына киришпейбиз, өздөрүнүн жеке машыктыруучулары менен даярданышат.

– Эми жакынкы мелдештерге даярдык башталат да?

– Ушул аптада Ысык-Көлгө окуу-машыгууга кетебиз. Өлкөбүзгө Түштүк Кореянын курама командасы келет, алар менен бирге окуу-машыгуу өткөрөбүз. Алдыдагы эң чоң мелдештердин бири – Азия чемпиондугу. Ага чейин эки эл аралык турнирге катышсакпы деп турабыз. Быйыл өзгөчө жыл, анткени Олимпиадага жолдомо берүүчү рейтингдик турнирлер башталат. Андан тышкары Кытайда Азия оюндары өтөт. Пандемияга байланыштуу 2023-жылга жылып кеткен болчу. Бул да 4 жылда бир боло турган маанилүү мелдештердин бири.

– Бир кезде улуттук курамды жетектейм, чоң ийгиликтерди жаратабыз деген кыялыңыз болгонбу?

– Спортчунунбу, машыктыруучунунбу, баарыбыздын максатыбыз – Олимпиададан, дүйнөлүк чемпиондуктардан алтын медаль алуу. Албетте, машыктыруучулар Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев менен биргеликте буларды да алдыга максат кылып койгонбуз. Кудай буюруп, өткөн жылы эки балбаныбыз Дүйнө чемпиондугунан алтын медаль утту. Тарыхта биринчи жолу Дүйнө кубогунда биздин курама команда 5-орунду ээледи. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк күрөш уюмунун жалпы рейтингинде Жоламан Шаршенбеков биринчи орунга чыкты. Спортту чын жүрөгүбүздөн жакшы көрбөгөндө биз бул жерде жумуш кыла албайт элек. Грек-рим күрөшү жашообуздун бир бөлүгү. Баштап алган нерсени аягына чыгарыш керек. Толук максатыбызга жете элекпиз. Кудай буюрса деп ошого аракет кылып жатабыз.

– Спортко болгон сүйүүнүн ойгонушуна эмне түрткү болгон?

– Мен Талас шаарында чоңойгом. Өзүмдөн улуу байкелердин күрөшүп жүргөнүн көрүп, кызыгып ээрчип баргам. Өзүмдүн агаларым да күрөшүп калышчу. 1995-жылы Бишкектеги спорттук жатак мектепке тапшырып, ошондон бери эле спортто жүрөм.

– Улуттук курамдын жүгү моюнуңузда, санаадан уйку көрбөй калган учурлар сөзсүз болсо керек?

– Андай учурлар көп болот. Өтө жоопкерчиликтүү мелдештердин алдында санаа абдан күчөйт. Ушул күнгө даярдык көрүп келдик да, эми жыйынтык кандай болот деп ойлоносуң. Кыйын күндөр көп эле болду. Ийгилик жаралганда ал кыйынчылыктын баары унутулуп калат экен.

– Ошондой кыйын учурларда машыктыруучулуктан кетүү тууралуу ой болгонбу?

– Жок, андай ой болгон жок. Алдыга койгон максаттарыбыз бар, ошого карай гана умтулуу керек. Алдыда Олимпиада оюндары турат. Олимпиаданын алтыны Кыргыз элиме деле керек болуп турат. Буга чейинки ийгиликтер алдыга умтулуубузга абдан түрткү берип жатат. Буюрса, максатыбызды ишке ашырабыз деген чоң үмүтүбүз бар.

– Машыктыруучулар педагог да болуп калышат эмеспи, балбандардын тарбиясына канчалык көңүл бурасыздар?

– Профессионалдуу спорт тарбияга, тартипке, бардык нерсеге үйрөтөт. Ансыз чоң спортто ийгилик жаратуу мүмкүн эмес. Азыркы балбандарыбыз жаштарга абдан жакшы үлгү болуп жатышат.

– Декабрда Бишкекте коммерциялык негизде күрөш мелдеши өттү. Негизи коммерциялык мелдешке кандай карайсыз?

– Балбандардын күрөшө турган же күрөшпөй турган да убактысы бар. Жоопкерчиликтүү мелдештерге катышып жатканда андай мелдештердин такыр кереги жок. Себеби спортчулардын ою бир жерде болушу керек. Мындай мелдештер маанилүү турнирлер бүткөндөн кийин гана жылдын аягында болушун туура көрөм.

– Машыктыруучуларга да тажрыйбасын жогорулатуу боюнча иш-чаралар өтүп турабы?

– Андай семинарлар эми күчүнө кире баштады. Биздики көбүнчө иш жүзүндө болот. Башка өлкөлөрдүн курама командалары менен чогуу машыгуу өткөрүү, тажрыйба алмашуу дегендей. Машыктыруучулар тыгыз байланыштабыз, 4-5 мамлекет чогулган жерге барып окуу-машыгууларды өткөрөбүз.

– Мурункуга салыштырмалуу коомдун спортко болгон көз карашы жакшырды десек болобу?

– Бүгүнкү күндө спортко көз караш абдан жакшы. Мамлекет, федерация, спорт жетекчилиги, олимпиадалык комитет жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатышат. Баары жакшырды. Спорт – бир орунда турбаган нерсе. Бир аз убакыт токтоп калсаң артта калып каласың, кайрадан кууп жетүү кыйын болот.

– Жумушуңузду үй-бүлөңүз туура түшүнөбү?

– Курама команданын машыктыруучулары, чынында, үй бетин деле көрбөйт. Жыл бою окуу-машыгуу, мелдештер токтобойт. Жубайым менен мен спортчу болуп жүргөн кезде баш кошконбуз. Эки жакка кеткениме көнүп калган. Азыр ата-энем менен бирге турам, алар дагы, жубайым, балдарым, баары менин ишимди колдоп, дем-күч берип турушат. Алардын колдоосу менин иштешиме жакшы шарт түзүп берди. Жакшы ийгиликтердин жаралышына үй-бүлөмдүн да салымы чоң.

– Балдарыңыздан сиздин жолду жолдой турганы, күрөшкө кызыкканы барбы?

– 2 кыз, 1 уулум бар. Уулум бир жылдан бери грек-рим күрөшүнө барып жүрөт. Жайкы каникул учурунда улуттук курамдын машыгууларына мени ээрчип барчу. Өзү кызыгып жүргөнүнөн машыгуу залына жаздырып койдук. Азырынча жактырып, барып жатат. Жактырса мындан ары улантат, эми бул жагы өзүнүн каалоосу.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңиз ийгиликтүү болуп, кыргыз элин жеңиштер менен кубанта бериңиздер.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан