Кутман Садыбакасов, төкмө: “АЙТЫШТЫН АУРАСЫ, КУМАРЫ КЫЗЫК”

Төкмөлүк өнөрдүн учугу үзүлбөйт. Анткени айтышты улуу муундун артынан жаштардын толкуну каптап, элге үмүт тартуулай алышты. Алардын бири – Нарындын кулуну Кутман Садыбакасов. Тааный жүрүңүз, окурман.

– Кутман, салам! Чыгармачыл чөйрөгө кантип аралашып калдың?

– Саламатсыздарбы? Кичинемден манасчыларга аралашып жүрүп, кийин айтышка кызыгып кеттим. Мектепте окуп жүргөндө Манас айтып сынактарга катышчумун. Айтыштарды көп көрчүмүн. Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев байкелердин айтыштарын көрүп таасирленип, комуз үйрөндүм. Айтышка келгениме 6 жылдай болуп калды.

– Алгачкы жолу кайда, ким менен айтышкансың?

– Нурсултан Малдыбаев деген төкмө акын досум болот. Ал Нарында, туулган айылында айтыш уюштуруп, бардык акындарды, анын ичинде мени кошо чакырды. Ошондо Жылдызбек Төрөканов менен айтышып тушоом кесилген. Алгачкы айтышым болгондуктан ал окуяда башкача сезимдер коштоду. Негизи эле айтыштын аурасы, кумары өтө кызык, толкубай коё албайсың. Азыр ойлосом, ал кезде айтыш тууралуу анчалык деле түшүнүгүм жок экен. Даярдыксыз эле баргам. Бирок аябай жакшы айтыш болгон.

– Толкунданып сөз таппай калган жоксузбу?

– Андай болгон жок. Отко айдаса отко, чокко айдаса чокко түшүп кете турган мезгил окшойт. Жакшы түшүнбөгөн мезгил ошондой болот сыягы. Сүрдөө болду, титиредим, эмне болуп кетет эми деген коркуу сезими болду. Сахнага чыкканда элдин колдоосу дем берди. Жаңы чыккан жаш бала деп эл сүрөйт экен.

– Устатым деп кимди айтасыз?

– Баарын эле устатым деп жүрөм. Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучевди устатым деп эсептейм.

– Оюңузду туура эмес айтып алган учурлар болдубу?

– Андай учурлар көп эле болот. Сахнага чыкканда оюң комузга, обонго, маңдайыңда отурган элге бөлүнүп, чачырап, өзүңө келе албаган түшүнүксүз учур болуп калат. Ошондой кезде чаташтырып, оюңду таппай, башка агым менен агып кетесиң. Кийин видеодон көрүп “ушул кезде өзүмдү таппай калган экенмин” деп күлүп калам.

– Өзүңүзгө ыраазы болуп, баа берген айтышыңыз?

– Ушул айтышта мыкты айтышып салдым дегендей деле айтыша элекмин деп ойлойм. Буюрса, ал да болот, үмүтүм бар.

– Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз...

– Карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Атам обончу, акын, бир топ жыл айылдык Маданият үйүнүн башчысы болуп эмгектенди. Апам да кара сөздүн чебери. Кесиби боюнча мугалим, бирок ден соолугуна байланыштуу көбүнчө үйдө отурду. Суран Садыбакасов, Шатман Садыбакасов деген байкелерим бар, аккордеондун коштоосунда ырдашат. Маданият тармагында эмгек кылып келе жатышат. Жалпы 7 бир тууганбыз, 2 кыз, 5 эркек. Мен алтынчысымын.

– Концерт берейин деп жатыпсыз, даярдык жакшы элеби?

– 28-февраль күнү улуттук филармонияда “Кутман кеч” аталышында тушоо кесүү концертимди өткөргөнү турам. Концертти Түгөлбай Казаков агайыбыз алып барат. Акындардын, ырчылардын коштоосунда жакшы чыгармалар, жакшы айтыштар менен өткөрөбүз деп ниет кылып турабыз. Айтыш, ыр, поэзия жуурулушкан концерт болот. Төкмө акындардан Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Турат Жумаев, Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев катышат. Казакстандан төкмө акын Нурзат Кару келет. Байкелерим Суран, Шатман Садыбакасовдор да ырдашат.

– Жакшы. Ийгиликтүү өткөрүп алыңыз. Сизге чыгармачылык эргүү каалайбыз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан