КЫЙНАЛСАМ ДА, СҮЙГӨНҮМДҮ ЖАКЫН ДОСУМА ЫРАА КӨРДҮМ

– Апа, мен Айперини жакшы көрөм.

– Балам, Айпери кошуна болуп жатпайбы. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт болуп, улам үйүнө чуркай берсе кантебиз? Анын үстүнө, билесиң, үйдүн жалгыз кызы болуп эрке чоңойду. Кандай келин болот? Эң башкысы – ал бизге тууган болуп кетет, бир урууданбыз да.

– Такыр болбойбу, ээ?

– Болбойт. Кызды жөн эле үмүттөндүрө бербей коё бер.

Айпери экөөбүз кичинебизден чогуу чоңойдук. Кошуна болчубуз, алардын үйү менен биздин үй бет маңдай жайгашкан. 11-класска келгенде экөөбүз сүйлөшө баштадык. Анын эркелиги жакчу мага. Чындыгында жакшы көрдүм, сүйдүм. Кошуна болгонубуз үчүн экөөбүздүн мамилебизди баары эле билишчү, ата-энелерибиз да билишчү. Бирок атам менен апам чоңойгондо көп нерсе өзгөрөт, сүйүүсү да, сүйүктүүсү да өзгөрөт деп ойлоп жүрүптүр. Менин сүйүүм жоголгон да, азайган да жок. 23 жашка келгенде “үйлөнөм, Айперини алам” дедим. Анан апам менен атамдан жогорудагыдай жооп уктум. Мен алардын оюн сыйлап, алар менен эсептешип кадам таштаган баламын. Алардын көңүлүн калтырып алуудан корком. Анын үстүнө кичүү уулумун, алган жарым кайнене-кайнатасы менен тил табышып жашашы керек болот. Ата-энемдин макулдугусуз үйлөнө албайт болчумун. Ушундан кийин мен Айпериден алыстай баштадым. Башка кыздар менен сүйлөшкөнүмдү айтып, аны жакшы көрбөй калганымды айтып жүрөгүн ооруттум.

Айпери менен такыр эле байланышты үзүп салган жокмун. Сүйлөшүп, кээде жолугуп жүрдүк. Бир ирет жакын досум Артур экөөбүз баратып Айпериге жолугуп калдык. Шок, чымчып сүйлөгөн досум Айперинин жанында эмнегедир уялып эле, жай сүйлөп башкача боло түштү. Анан бир күнү Артур сөз баштады.

– Досум, мен Айперини жактырып калдым. Буга чейин бир да кызды мынчалык ойлонуп, унута албай кыйналган эмесмин. Уруксатыңды бер, Айпери менен сүйлөшүп көрөйүн. Сен ал кызга үйлөнбөйм деп чечим чыгарганыңдан улам бул сөздү айтып жатам. Жаман ойлобо, мени дагы түшүн,- деди. Эң жакын досуңа сүйүктүү кызыңды тарттыруу кандай экенин билбей, сезбей эле койгула, бардык сезимдер аралашып кетти менде. Кандай реакция кыларымды билбей калдым. Унчукпастан ордумдан туруп басып кеттим.
2 күндөй эч нерсе ойлоно албай жүрдүм. Досум болсо улам кечирим сурап жазып жатты. Кийин акылга салып ойлонуп көрдүм. Ал кызды өзүм албайм деп жатсам, эмнеге экөөнүн ортосуна түшүшүм керек? Ичимден алардын тил табышып кетишин каалабасам да, сүйлөшүп көрүшсүн деп Айперинин номерин досума жөнөтүп жибердим.

Бир күнү Артур келди, оозу кулагына жеткенче күлүп, жыргап алган. “Досум, Айпери экөөбүз сүйлөшө баштадык” деди. Жүрөгүм жанчылып кетти, бирок билдирген жокмун. Дагы 2 ай өткөндөн кийин “Айпери экөөбүз баш кошолу деп жатабьз” деп келди. Ошентип сүйгөнүмдү досума алып берип отуруп калдым. Артур жакын досум, андан байланышымды үзө алган жокмун. Андыктан алар менен дайыма эле жолугуп турам, үйүнө барып калам, алар биздикине келип турушат, айтор, баары эле катташкан достордукундай. Ар бир жолуккан сайын, алардын бири-бирин эркелеткен сөздөрүн уккан сайын азыр да жаман болом. Өкүнүп калдым, ата-энемдин сөзүн угуп сүйүүмдөн баш тартканыма өкүндүм. Ошондуктан жеке жашоо дейт тура, бул мага гана тиешелүү, менин гана чечимдеримди талап кылган жашоо экен. Айпери мыкты келин болду, Артурдун жакасын агартып, үйүнүн куту болду, жаркылдап кайын журтуна жаккан келин. Экөө 2 балалуу болуп калышты. Мен дале үйлөнбөй жүрөм.

Акжол

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2023-01-30 14:07:00
Жакшы кылыпсын отура бер эми
0
Майрамкан
2023-02-01 19:03:00
Аны да пешене тагдыр деп койот.Ал Кыз буйрубаса Аллахым башкасын Насип кылып тургандыр.жакшылыктан умут узбош керек
+1
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан