КУДУРЕТИ КҮЧ ЭВАН

Режиссёру – Том Шедьяк
Продюсерлери –
Гари Барбер, Роджер Бернбаум, Майкл Бостик
Сценарийин жазгандар
Алек Соколов, Жоэл Коэн, Марк О’Кив, Стив Корен

Ролдордо
Стив Карелл, Морган Фриман, Лорен Грэм, Жони Симмонс, Жимми Беннет, Жон Гудман, Ванда Сайкс, Молли Шэннон жана башкалар

Үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда “Кудурети күч Эван” аттуу комедиянын дүйнөлүк бетачары болуп өттү. Инжилдеги Нойдун окуясын кайталап тартууга чыгынган режиссёр Том Шедьяк тескери сын-пикирлерди да, мактоо кептерди да көп укту. Борборубуздагы дээрлик бардык кинотеатрларда көрсөтүлүп, афишалары илинип, жадакалса теледен жарнамалары кетип жаткан бул фильм чынында эле көрүүгө татыктуубу?

КЫСКАЧА МАЗМУНУ

Эван Бакстер (Стив Карелл) – өмүр бою телевидениеде кызмат кылган катардагы диктор. Жумушунда жагымсыз окуялардан кийин иштен чыгарылат. Жумушунан айрылып, өзүн оор турмушка даярдап алган Эван жакшы жаңылык угуп сүйүнөт: ал Кошмо Штаттардын конгрессине тандалып алынган. Тез аранын ичинде жөнөкөй диктордон таасирдүү чоң кызматкер болуп калган Эван үйбүлө­сүн алып, жаңы шаарга көчүп барат. Бардыгы ойдогудай: өзү конгрессмен, жубайы, 3 баласы менен ынтымактуу. Жаңы үйгө кирип, жаңы жашоо баштоого болот. Бир күнү эртең менен жумушка кетип баратып балдарына: “Мени дүйнөнү өзгөртсүн деп дуба кылгыла”,- деп айтат. Балдарынын дубасы тез эле Кудайга жетип калаарын Эван кайдан билиптир?..
Ошол күндөн баштап таңкалыштуу көрүнүштөр боло баштайт. Эван кайда болбосун жанына түрдүү айбандар чогула беришет. Иштеген ордунда, үйүндө куш-канаттуулар чогулуп, жашоосуна тоскоолдук кыла башташат. Ал эми үйүнө тааныбаган адамдар күн сайын жыгач-устун ташып келе беришет. Эң кызыктуусу, Эвандын сакалы өсүп баштайт. Ал жөнөкөй эмес, сыйкырдуу сакал болуп чыгат да, кессе да, кырса да эч жоголбой жүдө­төт. Бирок, болуп жаткан табышмактуу окуялардын сырын байкуш Эван көп өтпөй угат. Күндөрдүн биринде ага Кудай (Морган Фриман) келет да, Эванга жакында дүйнөнү топон суу каптаарын, адамзатты кырсыктан сактап калуу үчүн Ной кургандай чоң кеме куруу керек экенин жа­на бул чоң милдет Эвандын ийининде боло турганын билдирет. Бир четинен оңолуп келаткан турмушун бузгусу келбей, экинчи четинен кара терилүү “Кудайга” ишенгиси келбеген Эван алгач бардыгына каршы чыгат. Бирок, сакалы күндөн-күнгө узарып, жаныбарлар аны куткаруучусундай көрүп, жанынан чыкпай коюшат. Ошондо Эван реалдуу жашоодогу бардык баалуу нерселерин унутуп, адам баласын жана жаныбарларды жакындап калган акыр замандан коргомок болуп, чоң кемени курууга киришет. Ал эми топон суу жер жүзүн чын эле каптадыбы же бул окуя жөн гана Эван Бакстердин оюнан чыккан нерсеби, кинону көрүп билесиздер.

ШЕДЬЯКТЫН БААЛУУ ЭМГЕГИ

Америкадагы эң ири болуп саналган “Коламбия Пикчерз” жана “Юниверсал Пикчерз” кинокомпаниялары тарабынан тартылган “Кудурети күч Эван” тасмасы азыркы “модага” жараша “Кудурети күч Брюс” аттуу фильмдин уландысы катары тартылган. Брюс тууралуу фильм мындан 4 жыл мурда жарык көр­гөн эле. Анын режиссёру Том Шедьяк окуяны улантып тартууну эчак ойлонуп жүргөн. Ал ою быйыл ишке ашып, комедия жана фантастика жанрлары аралаш жаңы фильми көрүүчү­лөрдүн назарына сунулуп отурат.
Фильмдин бюджети 175 миллион долларды түзөт. Киносынчылардын айтуусуна караганда, жөнөкөй комедия үчүн мынча акча сарптоонун кажети жок эле. Бирок, ошол миллиондогон каражаттын кайсы жакка жумшалганы кинонун өзүнөн эле көрүнүп турат. Бир гана зор кемени курууга эмне деген күч, каражат короду экен? Ал эми жаныбарларчы? Алар менен мыкты дрессировщик Марк Форбс иштеген. Айбандардын ар бир түрүнөн бирден жуп табуу деле көп эмгекти талап кылганы шексиз. Ал эми аларды үйрөтүп, көндүрүү үчүн бир нече ай талап кылынган. Үйрөтүүгө баш бербеген жаныбарларды болсо компьютердик графиканын жардамы менен тартып толукташкан. Бирок, режиссёр жандыктар менен алектенип жатып киного мыкты актёрлордон таба албай калган көрүнөт. “Кудурети күч Брюста” Брюстун ролун аткарган атактуу комик Жим Керри (“Беткап”, “Эйс Вентура”) кинонун көркүн ачса, бул фильмде таасирдүү актёрлордон Кудайдын ролун аткаргандан качпаган Морган Фриман гана бар.
Бүгүнкү күнгө чейин тасма аз гана киреше таап (62 миллион доллар), режиссёрдун эмгегин актай албай жатса да, тарыхта Кудайды катыштырып тартылган саналуу фильмдердин катарына түбөлүк кошулуп калды.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан