ТОПЧУ – ӨЗҮ КИЧИНЕКЕЙ, ТАРЫХЫ ЧОҢ БУЮМ

Кадимки топчу качан, ким тарабынан ойлонуп табылганына кызыгып көрдүңүз беле? Билип алыңыз, бул кичинекей буюмдун чоң жана кызыктуу тарыхы бар.

Топчунун ордуна тикенек, сөөк колдонулчу

Адамдар топчу жарала элек заманда кийимдеринин этек жагын байлап алышчу. Же өсүмдүктөрдүн тикенектери, атайын ичкертип жонулган сөөктөр менен төөнөп коюшчу.

Топчуга окшош эң байыркы буюм топчулоо үчүн эмес, кооздук катары колдонулган. Андай буюмдар Индиядан табылган. Биздин заманга чейинки 2800-2600-жылдарга таандык. Коло доорундагы топчуга окшош буюмдар Кытайдан, Байыркы Рим менен Грециядан да табылган.

Тарыхый булактарда үлүлдүн кабыгынан жасалган топчуларды биздин заманга чейинки 2000-жылдары Инд цивилизациясында кооздук үчүн пайдалынышканы айтылат. Топчулар ар кандай геометриялык фигураларга ээ болгон.

Таштан жасалгандары Түркиянын түштүк-чыгышындагы Гёбекли-Тепеден (храмдар комплекси) табылган. Алар болжол менен биздин заманга чейинки 1500-жылдарга таандык.

Кийимдер үлгү менен бычыла баштаган убакта топчулар байлыктын символу катары эсептеле баштайт. Ал кезде денеге чыпташкан кийимдерди кийүү кеңири жайылган эле. Эркектердин костюму көкүрөктөн тартып белге, чыканактан баштап колдун манжаларынын башталышына чейин топчуланчу жана бул үчүн көптөгөн, айрым учурда жүздөй топчу кетчү. Ушул себептүү ал кезде топчулардын дээрлик 70 пайызы эркектердин кийимдерине тагылган. Байлыгын жана коомдогу бийик статусун билдириш үчүн байлар алтын, күмүш, янтарь, бермет, коралл жана пилдин сөөгүнөн жасалгандарын сатып алып колдонушчу. Кийимдин өзү анда колдонулган топчуларга караганда арзан турган учурлар болгон.

Илмектүү топчулар алгач ирет 18-кылымда Германияда пайда болуп, бат эле Европага тараган. Денеге чапташкан кийимдерге колдонулуп, популярдуулугу арткан. Пластмассадан жасалгандары сатыкка 1930-жылдары чыга баштаган.

Эмнеге аялдардын кийиминде сол, эркектердикинде оң тарапта?

Топчулардын мындай жайгашуусу илгертен келе жатат. Эркектер кийимдерин өздөрү кийишкен, ал эми бай аялдарды үй кызматчылары кийинткен. Алар аялды кийинтип, чечинткенге ыңгайлуу, оң колдоруна эп келиши үчүн топчулардын сол тарапка тагылышы керектигин байкашкан. Бул сунушту кийим тигүүчүлөр эске алышып, бара-бара бул эрежеге айланган деген көз караш бар.

Тумар катары ролу

Мурда топчу адамды кара күчтөрдөн, жаман көздөн сактоочу тумар катары да колдонулган. Топчуну кийимдин бир жерине кадап коюшчу. Мындай ырым-жырым өзгөчө Орусияда көп жайылган.

Томпок, ортосунда көңдөйү бар топчулардын ичине кичинекей калай же таш салып да коюшчу. Адам кыймылдаганда топчудан үн чыгып турган.

Маалыматтык милдети

Топчулардын маалыматтык функциясы кийинчерээк пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен топчу кайсы бир адистикке, мисалы, аскерлерге таандык белги катары колдонула баштаган.

Кыргыздар темир, мүйүздөн жасашкан

Зергерлер кыз-келиндердин кийимдерине коло, жез, күмүш, мүйүздөн асемдеп топчу жасап беришкен. Формасы көбүнчө тоголок, томпок болгон. Беттерин кооздошкон. Темирден жана мүйүздөн көп жасашкан.

Топчулардан сувенир жасаңыз

Чыгармачылык шык, фантазияга жараша топчулардан түркүн кооздуктарды, оюнчуктарды, сувенирлерди жасаса болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sancho-
2023-01-31 03:39:00
Тушунбодум. Биздин заманга чейин 2000-жылдары дейби.
0
Baktyluumun98
2023-02-06 01:22:00
Биздин заманга чейинки 2800, 2600-жыл дейт. Азыр бир нерсе десем дагы бир жылга банга кетем. Оозумду жаап, бир жеримди кысып отурайын эми.
0
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан