ИЙНЕ – ОРГАНИЗМДИ ӨЗҮН-ӨЗҮ ДАРЫЛООГО МАЖБУРЛООЧУ КУРАЛ

Оорулар жашарып, түрү да көбөйүп баратканы чындык. Дары-дармектер бир органды айыктырганы менен, башка органдарга зыянын тийгизиши мүмкүн. Альтернатива барбы? “Бар – ийне терапиясы” дешет адистер. Анын артыкчылыгы – органдарга зыян келбегенинде. Ийне терапиясы тууралуу невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев айтып берет.

ОРГАНДАРДЫН КАТЕГОРИЯЛАРГА БӨЛҮНҮШҮ

Кытай медицинасы адамдын органдарын категорияларга бөлөт.

1. Чжан категориясы. Муну көңдөй органдар түзөт: ашказан, жоон ичеги, ичке ичеги, табарсык, өт баштыкчасы, адамдын тулкусунун 3 бөлүгү (көкүрөк көңдөйү, ич көңдөйү, табарсык жайгашкан көңдөй). Булардын оорусун дарылоо жеңил.

2. Фу категориясы. Муну туюк органдар түзөт: өпкө, боор, көк боор, жүрөк, жүрөк карынчасы (перикард), бөйрөк. Булардын оорусун дарылоо оор.

3. Көңдөй да, туюк да эмес органдар бар. Аларга баш мээ, кол, бут, тери, жыныстык органдар, андан сырткары булчуңдар, омуртка, жүлүн, ошондой эле дене суюктугу кан кирет.

Ошентип чжан жана фу категориясына 12 орган кирет жана алардын ар бири энергия айланчу бирден каналга (меридиан) ээ. Ар бир органга таандык биологиялык активдүү чекиттер бар, ал чекиттер ошол 12 меридианда жайгашкан. Чекиттердин жалпы саны – 700дөн ашык.

Адам аба (космостук энергия) менен дем алып, жердеги нерселер менен тамактанат. Мурун аркылуу кирген космостук энергия 12 канал аркылуу 12 органга барып, ар биринде 2 сааттан айланып, 24 саатта чыгып кетет. Бул процесс тынымсыз жүрүп турат. Ал энергия жакшы айланып турса ден соолук жайында деп эсептелет. Эгер кайсы бир органда ал энергиянын айланышы бузулса, демек, ал органда оору бар же жарала баштады. Оору белгилери дагы билине баштайт. Кайсы жерде оору жаралганын так билүү үчүн тамыр кармоо менен диагноз коюлат. Ийне сайып дарылаганда каналдардагы энергия турукташат, оору жоголот.

ТАРЫХЫ

• Ийне сайып дарылоо Кытайда таш доорунда жаралган. Бейтаптарды элдик дарыгерлер таш ийне менен дарылашкан.

Темир доорунда тиричиликте металл колдонула баштагандан тарта металл ийнелер (темир, жез, күмүш, алтын) пайда болгон.

• Биздин заманга чейинки 500-400-жылдары ийне терапиясы боюнча ошол кездеги атактуу дарыгер Бянь Цяонун өмүр баяны жазылган китеп жарыкка чыккан. Бянь Цяо Кытай медицинасынын негиздөөчүсү деп эсептелет. Ийне терапиясы ошол доордон баштап “алтын ийне” аталышына ээ болгон.

• СССРде ийне терапиясы 1949-жылдан тартып колдонула баштаган. Кыргыздарга көбүнчө “алтын ийне” аталышы менен белгилүү.

Акупунктура, рефлекстик терапия, ийне сайып дарылоо жалпы жонунан бир эле дарылоо ыкмасы. Ийне саюу – Кытайдын элдик медицинасынын дарылоо ыкмаларынын бири. Кытайча чжень – “ийне саюу”, цзю – “күйгүзүү” деп чечмеленет. Бул ыкма ийне сайгандан тышкары, керектүү чекитти кургатылып, тоголоктолгон эрмен менен күйгүзүп таасир этүүдөн да келип чыккан. Кийин күйгүзүп, териге так калтырбаган ыкмага өтүшкөн.

Ийне терапиясы Европада 17-кылымда “акупунктура” аталышы менен белгилүү болгон. Учурда ийне рефлекс терапиясы деп аталат.

ИЙНЕ КАНДАЙЧА ТААСИР ЭТЕТ?

Меридиандардагы биологиялык активдүү чекиттерге ийне саюу менен таасир эткенде организмдин ички ресурсу, өзүн-өзү калыпка келтирүү механизми ишке кирет. Ийне сайганда алгач сигнал жүлүнгө, андан мээге, тагыраагы, гипофизге барат. Гипофиз ички бездер болуп саналган калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, уйку, эн жана жумуртка бездерине активдүү иштөөгө “буйрук берет”, өзүнүн иштешин да активдештирет. Бездер өздөрү бөлүп чыгара турган гормондорду активдүү чыгара башташат. Гормондор болсо кайсы бир милдетти аркалайт. Мисалы, гипофиздин гормондору организмдеги суунун, зааранын, бөлүнүп чыгышын шарттайт. Уйку безиники денедеги зат алмашууга, калкан сымал бездики энергиянын жана кальцийдин алмашуусуна жооп берет. Бөйрөк үстүндөгү бездердин гормондору жүрөктүн кагышына, дем алууга стресске каршы турууга жана башкаларга жооп берет.

Ошентип организмдин өзүн-өзү дарылоосу ички бездерди активдүү иштетүүдөн башталып, анан бул процесске бүт организм катышат.

Ушундан улам кан жана зат алмашуу жакшырат, сезгенүү азайып, оорутуу басылат. Иммунитет жогорулайт. Коркуу азаят, жүрөктүн дүкүлдөгөнү, энтигүү кетет. Жогорку кан басым түшөт, кандагы инсулиндин деңгээли калыптанат. Адамдын тамакка табити тартып, көңүлү ачылат. Териси жана өңү оңолот. Адамдын жан дүйнөсү ордуна келет жана башка. Кыскасы, ийне организмди өзүн-өзү дарылоого мажбурлайт, 12 органдагы энергиянын айланышын жолго салат.

Ийне саюу менен дарылоонун артыкчылыгы – организмге зыян келбейт. Ийне сайганда теридеги ошол жер бир аз оорутуу менен гана коштолот. Ийне терапиясы курс менен жүргүзүлөт.

КАЙСЫ ООРУЛАРДА ИЙНЕ РЕФЛЕКС ТЕРАПИЯСЫ КОЛДОНУЛАТ?

• Омуртка аралык грыжа, остеохондроз

• Бронхиалдык астма, бронхит

• Тахикардия

• Артрит, кант диабети, простатит

• Невроз, неврит, жогорку кан басым, инсульттан кийинки абал, талма

• Өнөкөт панкреатит жана ашказан менен 12 эли ичегинин жарасы, өнөкөт цистит

• Тукумсуздук (аялдардагы жана эркектердеги)

• Жыныстык жактан шалдык, семиздик

• Бөйрөк, боор жана тери оорулары

КАЙСЫ ООРУЛАРДА КОЛДОНУЛБАЙТ?

• Психикалык оорулар

• Инфекциялык жана онкологиялык оорулар

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан