ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 30-январдан 5-февралга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптага пландалган иш-чаралар сиз күткөндөн алда канча көп убакытты жана энергияны талап кыларын түшүнөсүз. Жаңы тааныштарды арттырып, маселеңизди ошол адамдар аркылуу чечүү жолун издейсиз. Айрым досторду тизмеден чийип, жашооңузга жаңы адамдарды киргизесиз. Сүйүү мамилесинде жашооңузда бурулуш жасай турган тандоону жасайсыз, бул сүйүктүүңүздөн кол үзүү, же тескерисинче ага баш кошуу тууралуу чечимдер болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Өнөктөштүк мамилелер начарлайт. Никедеги өнөктөшүңүз мурдагыдан муздак болуп, сиздин жеке демилгелериңизге кийлигише баштагандай сезилиши мүмкүн. Маанилүү келишимдерге кол коюу үчүн жакшы убакыт эмес. Мисалы, эмгек келишими, кыймылсыз мүлктү банкка күрөөгө коюу сыяктуу юридикалык маселелерди кийинки апталарга жылдырып турсаңыз болот. Ата-энеңиз менен мамилеңиз жакшырат, эгер алар алыста болсо барып кабар алыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жылдыздар ден соолугуңузга көңүл бурууну сунушташат. Сизде алсыздык пайда болуп, вирустук инфекциялардын пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатат. Жумушта көптөгөн жоопкерчиликтер жүктөлүп, тапшырылган иштердин баарын бүтүрө албай бушайман болосуз. Сүйүү мамилесинде олуттуу чечимдерди кабыл албай туруңуз, болбосо кийин өкүнүп каласыз. Балдарына ашыкча эркиндик берип тарбиялаган эгиздер алардын тарбиясы үчүн көпчүлүктөн сын пикир угушат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бул жума сезимдериңизди сынаган окуяга тушугасыз, сүйүктүүңүздүн сизге карата мамилеси муздап баратканын туясыз, кызганыч сезими кыйнайт. Бул учурда сизге чыдамкайлык жана салкын кандуулук жардам бербейт. Жолугушуу кечелери, той-концерттерден баш тартпаңыз, маанайыңызды көтөрүүгө мыкты шарт түзүлөт. Сулуулук тармагында иштегендердин кирешеси көбөйөт. Дем алыш күндөрү балдар менен оюн-зоок, көңүл ачуучу жайларга барып эс алганыңыз жакшы.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ата-энеңиз сиздин жүрүм-турумуңуз же кайсы бир маанилүү чечимдериңиз үчүн кабатырланып, аракеттериңизди сынга алат. Алардын кооптонуусун туура кабыл алышыңыз керек. Анткени сиз кыйынчылыкка туш болгондо кол сунчу биринчи адамдар ошолор. Бирөөгө акча карыз болсоңуз өз убагында бергенди унутпаңыз. Никедеги түгөйүңүз менен жылуу өлкөдө эс алып келүү планын талкуулайсыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада беделдүү адам менен урушуп кеткенден улам баарлашуу чөйрөңүз тарыганын сезесиз. Мындан улам көптөгөн байланыштарды сактап калуу каалооңуз күчөп, урушуп кеткен адам менен жарашууга аракет көрөсүз. Чөйрөңүздөгү айрым адамдардын өзүнө берген жогору баасын көрүп кыжырыңыз келет. Жакындарыңыздын көрсөтмөсү менен үйдөгү тиричилик техникасын же унааңызды оңдойсуз. Дем алыш күндөрүн үйдө жакындарыңыздын курчоосунда өткөргөнүңүз туура.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Сүйүктүүңүз сиздин берешендигиңизден пайдаланып, капчыгыңызды бир топ жукартышы мүмкүн. Үй-бүлөлүү таразалар кирешесинин көбүн балдардын муктаждыгына жумшашат. Спорт менен профессионалдык түрдө машыккандар карьерасындагы маанилүү ийгиликти камсыздашат. Бойдоктор сүйүктүү адамын табуу үчүн өздөрүнө кандай адам керектигин адегенде мээсинде аныктап алганы туура, болбосо убакыт өткөн сайын аны аныктоо татаалдайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар үй-бүлө мүчөлөрүнүн алдында өз позициясын коргоого аргасыз болушат. Балким, кайсы бир иш-аракеттерге сизди көрө албаган туугандарыңыз кийлигишип, ата-энеңизди сизге каршы тукурушу мүмкүн. Кандай карама-каршылык болбосун аны жай сүйлөшүп чечүүгө болорун унутпаңыз, эмоцияга алдырбаңыз. Бойдоктор виртуалдык сүйүүгө кабылат, убакытты көпкө созбой, мамилеңиздерди реалдуу жашоодо улантууга аракетти баштаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Өзүңүз тууралуу ушак угуп маанайыңыз түшөт. Айрымдар ал ушакты чын деп ойлоп, сизге мамилесин өзгөртүшү мүмкүн. Ири суммада сый акыга ээ болосуз, дароо өзүңүзгө керектүү чоң буюм сатып алсаңыз болот. Биринчи таанышкан адамыңыз менен ачык сүйлөшүп бардык карталарды ачып берип салбаңыз. Дем алыш күндөрүнө маанилүү жолугушууларды, узак сапарларды пландаштырсаңыз болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кубанычтуу, жагымдуу окуялар орун алат. Жумуш издеп жүргөндөр өз жөндөмүнө жараша жумуш таап, ишке орношот. Алдыга дымактуу пландарды коюп, миллиондорду айланткан ишкерликти баштасаңыз болот. Достук мамиледе чыңалуу болот. “Досуңдан айрылгың келсе, карызга акча бер” деген сөздүн чындыгына ынанасыз. Балдарыңыз окуудагы ийгиликтери менен маанайыңызды көтөрүшөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушта чоң жоопкерчиликти талап кылган жумуш жүктөлүп, сизде “муну кылуу колумдан келеби, жокпу” деген күмөн ойлор туулат. "Көз коркок, кол баатыр" деген принципти жетекчиликке далилдей аласыз. Үй-бүлөдө эгер башкы табышкер сиз болсоңуз, акчаны туура пайдалануу жолун жакындарыңызга айтып туруңуз. Дем алыш күндөрү үйүңүздү иреттеп, тазалануу күнү.


БАЛЫК (20.02-20.03

Аптада жашыруун жана мыйзамсыз иштерден алыс болууга аракет кылыңыз. Бирөөгө убада бергенден кийин сөзсүз аткаруу зарыл, сизден үмүттөнүп калган адамдын көңүлүн суутпаңыз. Жакындар менен ачык сүйлөшүү мезгили, эгер жүрөгүңүздү өйкөп жүргөн маселе болсо ачык айтып алыңыз, алар чечүүгө жардам беришет. Бош убакта адамдардан обочолонууну каалап, жан дүйнө тынчтыгына басым жасайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан