Гүлнара Калдарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АТАМДЫН 10 УУЛГА ДА АЛМАШПАЙМ ДЕГЕН КЫЗЫМЫН”

“Кыз-Бурак” тобунун атактуулуктун туу чокусунда тургандагы курамы дегенде жылдыздуу, жаркылдаган ырчы айым көз алдыма тартылат. Таланттуу ырчы, үлгүлүү эне, сыймыктуу замандаш Гүлнара Калдарова менен жашоосундагы мырзалар тууралуу кеп кылдык.

“Атам менин биринчи угарманым болгон”

– Атамдын аты Имамидин. Менин чыгармачылыкка келишиме атамдын салымы чоң. Атам биринчи угарманым, колдоочум болгон. Мени өзгөчө жакшы көрчү. Үй-бүлөдө мен бешинчи кызмын, мен төрөлөрдө апам уул күткөн экен, ошондо “дагы кыз болуп калды” деп мага көңүл кош мамиле кылыптыр. Атам кубанып “бул кызымды он эркекке алмаштырбайм, көрөсүң, бул кыргыз эли тааныган өзгөчө кыз болот” деп айтыптыр. Атам жайдары жүргөн, токтоо, түшүнүктүү киши болчу, ачууланып, үнүн өктөм чыгарганын бир да жолу көргөн жокмун. Атамдын апама кылган мамилесин көрүп, азыр атамдай мырза жок го деп калам. Элесимде идеалдуу адам бойдон калды. Үйдө жомок, ар кандай күлкүлүү окуяларды айтып берчү. Кээде тамактанганы отурганда кашыкты унутуп калсак “Гүлнара, кошунаныкына чуркап барып келчи” дечү, “эмнеге” десем “аларда кашык бар экен, сурап келе кал” деп күлдүрчү. Бардык нерсени ушинтип жумшартып айтчу. Апам бизди катуу кармаса, атам абдан эркелетчү. Бир жакка барса бешөөбүздү тең унаасына салып алар эле.

“Музыкага жакын эле”

– Атам өмүр бою МАИ кызматында иштеди. Иш сапары менен чет өлкөгө барганда ошол өлкөнүн улуттук музыкалык аспабын ала келчү. Үйдө фортепиано, комуз, аккордеон, балалайка бар эле. Музыкалык мектепте окуйм дегенимде апам каршы болуп, атам дароо колдогон. Атамдын колдоосу менен музыкалык мектепте окуп калгам. Эртең менен кадимки мектепке, түштөн кийин музыкалык мектепке барчумун. Кыягымды көтөрүп алып эле жүрчүмүн. Кийин “Кыз-Буракка” кошулам дегенимде да атам “сен ырдашың керек, мен Гүлшайырды (ред.: Садыбакасова) билем, кыздарды катуу кармайт, ага барсаң жаман болбойсуң” деп тандоомду кубаттаган.

Атамдын кайын журтуна кылган мамилеси да эсимде калды. Эч качан апама “сенин ата-энең” деп айткан жок, аларга абдан сый мамиле жасады. Ата-энесине да, кайын журтуна да карамдуу эле. Таежелерим “жездем эжеме көрсөтпөй бир нерсе алып алгыла деп акча берчү, бирок эжем берди деп айтып баргыла дечү” деп эстеп калышат. “Мени телевизордон көрүп сыймыктанчу экен”

– Атам мени телевизордон көргөндө “өзгөчө кыз болот деп айтпадым беле, көрдүңбү” деп апама улам-улам айтып, абдан сыймыктанчу экен. Ооруп төшөктө жатып калганда мени чакырып “көзүмдүн тирүүсүндө турмушка узатып калайын” деди. Бирок ал учурда менин турмушка чыгайын деген оюм жок эле. Андан көп узабай эле көзү өтүп кетти.

Негизи кыз кишиге жакшы сүйлөп, эркелетип өстүрсөң, анын кийинкисине жакшы болот дегенге толук кошулам. Эркелеп чоңойгон кыз бирөөнүн бир-эки жылуу сөзүнө алданбайт да. Азыр жолдошума да “кызыма такыр катуу сүйлөбө, эркелетип гана тур, урушту мага кой” деп калам.

“Жолдошумду атама окшоштуруп тандаптырмын”

– Жолдошумдун аты Мырзабек. Кыз киши атасына карап жолдошун тандайт дейт го. “Кыз-Буракта” жүргөндө атактуулукту көрдүм, элдин сүйүүсүнө арзыдым, сезимин билдиргендер өтө көп болду. Ойлоп көрсөм, ошол жигиттердин арасынан атама окшош форма кийген мырзаны карай бериптирмин. Жолдошум атама кандайдыр бир деңгээлде окшошуп кетет, бажы кызматында иштейт, алар дагы форма кийгендер да. Апам, эжелерим да окшоштуруп калышат. Өзүм убагында байкабаганым менен, жолдошумду атама окшоштуруп тандаптырмын. Жолдошум өтө ачык, ичине эч нерсе сактабаган адам. Биз биринчи жолу жолукканда эле баарын ачык айтып салганына таң калгам. Тымпыйып, ачылбаган кишиден корк деп коёт го. Экинчи жолугушууда колумду сураганда нес болуп калгам. “Бир көрүп эле турмушка чык дегениң кандай? Менин жигитим бар” деп так секирдим. Болбой эле “сен мага жагасың, менин адамымсың” деп телефон чалып жүрдү. Ал Бишкекте, мен Ошто болчумун да. 14-февраль майрамында мага белек жөнөтүп жибериптир. Абдан жагымдуу болду. Акырындык менен жүрөгүмдү багындырып алды, анан баш коштук. Түтүн булатып бирге жашап жатканыбызга 19 жыл болду.

“Күйөө балам Темир Назаровду бир тууган инимдей көрөм”

– Күйөө балам Темир (ред.: Назаров, ырчы) бизге уулдай болуп калды. Кичине кезинен эле сиңдимди жакшы көрүп жүрчү, экөө бир мектепте окуган. Бир күнү үйгө келип калыптыр, “ыр жаздырдым эле, угуп көрүңүзчү” деп. “Туулган жер” деген ыр экен, уктум, абдан жакты. Ошол ырын Бишкекке алып барып “Кыргызстан обондоруна” бердим. Ыр дароо эле хитке айланды. Атактуу болуп турган учурунда сиңдиме сөйкө салып кетиптир. Ошондо “мунун азыр жылдызы жанып турат, ырчы менен жашаш кыйын” деп каршы болдум. Ага карабай экөө баш кошушту. Темир үй-бүлөгө абдан күйүмдүү жигит. Кудайга шүгүр, баарыбызды сыйлап турат. “Агам жок болчу, Адылбек акемди бир тууган агамдай көрөм” деп калат. Биз дагы аны бир тууган инибиздей көрөбүз. Кайнеже, күйөө бала деген чек жок. Жолукканда Темир экөөбүз чыгармачылык тууралуу сүйлөшөбүз, ырларыбызды бири-бирибизге угузабыз. Сиңдим да бажы кызматкери да, жолдошум экөө жакшы сүйлөшөт. Үй-бүлөлүк жактан да бири-бирибизге дал келип калганбыз.

“Иним экөөбүз көп урушчубуз”

– Менден кийин иним төрөлдү, аты Адылбек. Экөөбүздүн ортобузда 3 жаш айырмачылык бар. Жалгыз уул болгонго эркелетип, көзүн карап, бөпөлөп өстүрүштү. Экөөбүз удаа болгонго абдан көп урушар элек. Мени дүкөнгө жумшап калышса, ал да ээрчип алчу. Анан "акчаны мен көтөрөм" деп чыр салчу, "сен түшүрүп аласың" дейм, ал ага болбойт. Анан дүкөнгө чейин акчаны эки учунан экөөбүз кармап алып барчубуз. Иним абдан шайыр, тамашакөй, аны менен бир дасторкондо отурганда эч зерикпейсиң. Атамдын жолун улантып укук коргоо кызматын тандаган.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан