Светтин баасы кымбаттайт. 23 ТЫЙЫНДЫК КОШУМЧА ТӨЛӨМ ТАРМАКТЫ ЖАКШЫРТА АЛАБЫ?

2023-жылдын 1-майынан тарта өлкөдө электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. Тагыраагы, 1 киловатт-саат электр жарыгынын баасы 23 тыйынга кымбаттап, мындан ары 1 сом болот. Бул аракетти колдогондор да, каршылар да болууда. Эксперттер эмне дешет? Кризистен башы чыкпаган энергетика тармагын тарифти көтөрүү, элдин тыйынын саноо менен эле оңдоп кетүү мүмкүнбү?

Эмне үчүн тарифти көтөрүү керек?

Президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө түрткөн жагдайларды атады. Социалдык тармактагы баракчасына президент буларды жазды:

• Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанда бир да ГЭС курулган эмес

• Элдин саны дээрлик 1,5 эсеге өстү

• Курулуштардын саны да эселеп өстү

• Электр энергиясын колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо, бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда

• Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары да жаңыланган эмес

• Электр жабдыктарынын эскирүүсү 80 пайыздан жогору

• Өлкөнүн энергетика тармагындагы карызы 137 миллиард сомду түзөт

Аталган фактылардын айынан учурда энергетиктер маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүүгө аргасыз болуп жатканын белгилейт президент. Эгерде светти маал-маалы менен өчүрүп, электр жабдууларынын ишин камсыздап турбаса, анда кесепети өлкөнүн гана эмес, жалпы Борбордук Азиянын энергетикалык тутумун системдүү аварияга алып келиши мүмкүн дейт.

Раимбек Мамыров, энергетика боюнча эксперт: “Эми эл дагы электр энергиясын үнөмдөй баштайт”

– Электр энергиясынын тарифин 1 сомго чейин көтөрүүдө мурунку баага болгону 23 тыйын кошулат. Муну менен маселе чечилбейт. Бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн 1 киловатт-саат электр энергиясынын өздүк наркы 2 сомго чамалап калды. Жаңы баа атүгүл ушуну жаппайт. Бирок бааны көтөрүү керек, бул – энегертика тармагын биротоло талкалап албоого жасалган аракет. Светтин баасын мурун эле инфляцияга карап 7-10 тыйындан көтөрүп жүрүп отурса болмок.

Жаңы тариф кымбатыраак болот, көп акча төлөп калбаш үчүн эл дагы электр энергиясын үнөмдөй баштайт. Арзан болгон үчүн үнөмдөөгө анча маани бербей келдик да. Шаарда жашагандар күнүмдүк тиричиликке жаратылыш газын колдонушса жакшы болмок. Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, тартыштык канчалык бир деңгээлде жоюлат. Бирок аны куруп, ал электр энергиясын өндүрө баштагыча дагы 5-8 жыл керектелет. Ага чейин маселе электр энергиясын импорттоо жолу менен гана чечилмекчи. Импорттун баасы болсо кымбат.

Денис Бердаков, экономика боюнча эксперт: “Энергетика тармагы кыйроо чегинде турат”

– Энергетикалык кризис өкмөттү тарифтерди көтөрүүгө түртүп жатат. Көтөрүлсө деле биздеги тарифтер КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң арзаны болуп кала берет. Бүгүнкү күндө эл 1 киловатт-саат электр энергиясына 77 тыйындан төлөйт. Башка КМШ өлкөлөрүндөгү тарифтерди карасак, Казакстанда 3 сом 54 тыйын, Өзбекстанда 2 сом 23 тыйын, Тажикстанда 2 сом 20 тыйын, Орусияда 4 сом 6 тыйын, Кытайда 6 сом 75 тыйындан төлөшөт. Башкача айтканда, Кыргызстан электр энергиясынын арзандыгы боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. 1 сомго көтөрүү бул аз, дагы көтөрүш керек болчу. 23 тыйынга бааны көтөрүү менен энергетиктердин айлыгын гана көтөрө алабыз. Энергосистем бүгүнкү күндө ыйлагыдай абалда, кыйроо чегинде турат. 1991-жылдан бери кенебей жүрүп ушундай абалга кептелдик.

Бакирдин Сартказиев, энергетика боюнча эксперт: “Электр кубатын керектөө өсүп баратат”

– Тарифти элдин эсебинен кымбаттатпаганда акчаны мамлекеттик бюджеттен алуу керек болмок. Бирок анда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы кыскармак. Бул аргасыз, туура эмес чечим. Элдин саны жыл сайын 120-130 миңге көбөйүп жатат. Жаңы мектептер, турак жайлар курулуп, электр энергиясын керектөө улам өсүүдө. ГЭСтер каскадын куруп, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү зарыл. Кыргызстандын энергетика тармагы экономикабыздын тиреги. Эгер бул тармакка көңүл бурбасак тирегибиз кыйрайт, ошол эле ГЭСтерди талкалап алабыз.

Зарипбек Айдарбеков, энергетика боюнча эксперт: “Түшкү тамактанууга деле 250-300 сом коротуп жатабыз го”

– Кыргызстандагы электр кубатынын тарифи КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан. Тарифти буга чейин эле акырындап көтөрө бергенде азыркыдай энергетикалык кризиске кептелмек эмеспиз. Тарифти көтөрүү инфляциянын айынан кымбаттаган электр жабдууларын сатып алууда, кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүдө чоң роль ойнойт. Шаарда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары электр энергиясы үчүн 250-300 сомдой төлөшөт. Бир жолку түшкү тамактанууга деле ушунча акча кетиришет. Элге азыркы тапта электр энергиясын үнөмдөө актуалдуу эмес.

Өлкөбүздө электр энергиясынын орточо 50 пайызы күнүмдүк тиричиликке колдонулат. Анын көбү кышкысын үйлөрдү жылытууга кетет. Бул, албетте, көп. Европа өлкөлөрүндө турак жайларды жылытууга бизден 4-5 эсе аз сарпташат. Андыктан электр жарыгын үнөмдөөнү үйрөнүшүбүз керек.

Супердин сурак бурчу

Электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө макулсузбу?

Назгүл Жамакеева, 40 жашта, Кемин:

– Макулмун. 1 литр бензин үчүн 70 сом, интернетке айына 500-1000 сом, тойлорго кошумчага, кафеден тамак ичкенге толтура акча коротобуз. Электр энергиясы үчүн 23 тыйын көбүрөөк төлөсөк эч нерсе болбойт. Болгону элден топтолгон акча уурдалып кетпей, максаттуу жумшалса. Мисалы, ГЭСтер толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтө элек экен.

Абдимитал Каримов, 33 жашта, Ноокат:

– Макул болбосок деле төлөйбүз да. Негизи коррупцияны жоюп, анан бааны көтөрүшпөсө болмок.
1 сомго көтөрүү менен маселе чечилбейт деп ойлойм. Буга чейин чет элден карызга алган миллиондогон акчага ГЭСтерди куруп коюшканда, азыркыдай баш оорутуп отурбайт элек. Керек болсо электр энергиясын экспорттой алмакпыз.

Асыл Анапияева, 56 жашта, Ат-Башы:

– Макул эмесмин. Азыркы бийлик деле мурункулар түшкөн кайыкка түшүп баратышат. Өзгөрүү жок. Биздин Ача-Кайыңды айылында электр жарыгы күнүнө 2 маал, 1 сааттан өчүүдө. Көмүрдүн тоннасын 5500 сомдон алып жатабыз. Элди арзан көмүр менен камсыз кылышкан жок. Тариф кымбаттаса деле эмдиги жылы ушул эле көрүнүш болот.

Руслан Алымжанов, 43 жашта, Баткен:

– Макулмун. Энергетика тармагы коррупцияны, ортомчуларды жоюуну, Ширшовго окшогон шылуундарды жолотпоону, реформа жасоону талап кылат. Союздан калган ГЭСтер эптеп эле иштеп келе жатат. Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн светтин баасын көтөрүү туура. Бирок бааны эле көтөрө бербей, жаңы ГЭСтерди куруш керек.

Арпажан Абийирова, 63 жашта, Бишкек:

– Макул эмесмин. Азыр баары кымбат. Светтин акчасы көтөрүлсө бизнесмендер, соодагерлер “электр энергиясына кымбат төлөсөм мен да товарымдын баасын көтөрүшүм керек” деп баарын кымбаттатышат. Колунда жокторго, оорукчан жакынын баккандарга ансыз деле кыйын болууда.

Эсенбек Жумаканов, 48 жашта, Тоң:

– Макулмун. 30 жылда электр энергиясын керектөө өсүп, бирок ГЭСтер иштеп чыгарган кубаттуулук мурунку бойдон калыптыр. ГЭСтерди оңдоо жүрбөптүр. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизде электр энергиясынын баасы арзан. Энергетика тармагында эскилиги жеткен жабдыктарды жаңылоого мезгил жетти деп ойлойм. "

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан