БИР БҮРКҮМ. БЕНЗИН АРЗАНДАЙТ...

  • 24-январда 2023-жылкы ажылык зыяратка жарандарды каттоо башталды.
  • Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
  • Өлкөдө илимдин 1179 доктору, 5323 кандидаты бар экени расмий маалымдалды.
  • Таласта 21-январь күнү жылгаяк тээп бараткан 23 жаштагы кыз автоунаага урунуп каза тапты.
  • “Менин үйүм 2021-2026” ипотекалык программасы боюнча электрондук каттоого тургандардын саны 2022-жылдын жыйынтыгында 56 миң жаранды түздү.
  • Жолдошбек Мамбеталиев президенттик администрациянын кырдаалдык борборунун жетекчиси болуп дайындалды.
  • 12-январда таза суусуз калган Майлуу-Суу шаарына суу 25-январдан тарта штаттык режимде бериле баштады.
  • Таластын Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
  • Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды күчүнө киргизүү мөөнөтү кайрадан жылдырылары айтылды.
  • Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кылмышка шектелип кармалды.
  • Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: Кыргызстанда февраль айында бензиндин баасы 5-6 сомго чейин арзандашы күтүлүүдө.
  • 2022-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан 3 миллион турист келгени расмий маалымдалды.
  • Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп кармалды.
  • Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды.
  • Парламент депутаты Улан Бакасов педофилдерди хирургиялык бычууга жол берчү мыйзам долбоорун сунуштап чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан