САРЫ-ЧЕЛЕК КОРУГУ КОРКУНУЧТАБЫ?

Аксы районундагы Сары-Челек биосфералык коругунун тегерегиндеги кырдаал жергиликтүү жашоочуларды дүрбөтүүдө. Коруктун ичинде жайгашкан Аркыт айылы көчүрүлөт, коруктун статусу өзгөрүлүп, жерлери 49 жылга ижарага бериле башташы мүмкүн деген кооптонуулар кайра күчөдү.


Аркыт айылынын тургуну, ага егер Сыргак Казатбеков мындай дейт:

– Өкмөттүн “Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө” жарлыгына шылтоолоп Аркыт айылын трансформациялап, коруктан чыгарганы жатышат. Бул 2013-жылдан бери келе жаткан маселе. Эгер трансформация болсо, анда Сары-Челек коругу “биосфералык” деген статусунан ажырап, жөнөкөй корукка айланат. Келечеги – улуттук парк. Мындай шартта андагы жер тилкелерин 49 жылга ижарага берүүгө жол ачылып калат. Ушул нерсе кооптуу. Ооба, коруктун мурдагы директорлорунун тушунда жерлери чөп чабыкка, мал жаюуга берилип кеткен учурлар бар. Учурда Аркыт айылынын уставы даярдалып жатат, корукка зыяны тийчү көрүнүштөрдү токтотууга биз деле кызыкдарбыз. Мисалы, малдын санын азайтууга. Бул окуяда башка максатты көздөгөн күчтөр бар.

Био ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин жетекчиси Эмилбек Ибраев “Супер-Инфого” буларды билдирди:

– “Сары-Челек коругунда учурда белгиленген режимдер сакталбай жатканы баарына маалым. Коруктун айланасы таштандыга толуп, суусу булганып, табиятка олуттуу зыян тийүүдө. Бул маселе биринчи элдик Курултайда да көтөрүлгөн. Сары-Челек коругунун айланасындагы жагымсыз фактыларга каршы иш-чаралар иштелип чыгып, жергиликтүү элдин талкуусуна коюлган. Ушундан улам Аркыт айылынын (ред.: коруктун ичиндеги айыл) уставы да иштелип чыгып, малдын саны азайтылсын, табиятка аяр мамиле жасалсын деген маселени ортого салганбыз.

Жергиликтүү бийлик, министрликтин кызматкерлери эл менен бир нече ирет жолугушууларды өткөргөн. Малдын башын кыскартуу, коруктун аймагынан отун алуу, чөп чабууну токтотууга аркыттыктар макул эмес. Алар “ар бирибизге 1 миллион доллар компенсация төлөгүлө” деген реалдуу эмес талаптарды айтып жатышат.

Учурда райондук деңгээлде атайын комиссия иштеп жатат. Комиссия корукта жашаган элдин санын, жашаган жайларына болгон укуктук документтерин тактайт. Ал эми биз тараптан коруктун жобосун кайра карап чыгуу, автоматташтырылган тосмо коюу жана башка коруктун абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Сары-Челек коругун сактап калуу, аны келечек муунга өткөрүп берүү жалпыбыздын милдет.

Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков Сары-Челек коругунун келечеги үчүн Аркыт айылы транформацияланышы керек деген пикирде.

– Убагында илимий кызматкерлер үчүн деп коруктун ичине 78 үй курулуп калган. Азыркы тапта айыл кеңейип баратат, анткени коруктун мурдагы директорлорунун тушунда жерлери мыйзамсыз берилип кеткен. Чырдын түбү – жайыт, жаңгак маселеси. Кызыл-Туу айылынын жашоочулары “коруктун аймагынан отун алып, балык уулап, чөп чаап жатышат, айылды сыртка көчүргүлө” деп жатышат. Ал эми Аркыттын эли “биз коруктун ичинде турабыз, чөбүн биз чаап, мөмө-жемишин биз теребиз” деп келишет. Сары-Челектин аймагында мал жайылып жүргөнү чын, токой чарбадан айырмасы жок. Бизде бир нече варианттар болду. Биринчиси – убагында мыйзамдуу курулган 78 үйдү гана калтырып, калганын түп орду менен көчүрүү. Экинчиси – Аркытты трансформациялап, үйлөрдү мыйзамдаштырып, бирок айылдын аймагын курчоо. Комиссия экинчи вариантка токтолду, Аркытты транформациялап Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө кошобуз, көчпөйсүңөр, бирок айылды курчайбыз, андан ары өтө албайсыңар деп жатабыз. Буга Аркыттын тургундары каршы, алар мурдагыдай эле коруктун жашоочулары катары калгылары келип жатат. Комиссиянын чечими жогору жакка жиберилет.

Айта кетсек, комиссиянын чечиминен “микрокоруктарды түзүү керек” деген пунктту көрүүгө болот. Коруктун ичине корук түзүүнүн максаты эмне? деген суроо ачык бойдон калууда.

Сары-Челек коругу – Кыргыздын дүйнөгө белгилүү кооз жерлеринин бири. 2014-жылы коруктун корголуучу зонасын кеңейтүүгө аракет жасалып, мыйзам долбоору парламенттен артка кайтарылган эле. Көпчүлүк депутаттар “корголуучу зонаны кеңейтүү корукту талкалоого жол ачат” деп каршы чыгышкан.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан