АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

Башы өткөн сандарда)

– Агайдын көзү өткөндөн кийин анын мектеби мага калды. Шакирттерин жолго салуум керек эле, агайдын атын өчүрбөгөнгө аракет кылдым. Билбейм, канчалык деңгээлде ийгиликке жетиштим, бирок аябай аракет кылдым. Продюсер болдум, өзүмдүн шакирттерим болду аз болсо да. Материалдык жактан өстүм, элге таанылдым. Айтор, мен эмне кааласам, эмнени максат кылган болсом баарына жетиштим. Бир гана өксүгүм – үй-бүлө курган жокмун.

– Эмнеге? Артыңдан ээрчиген абдан көп эркек болду деп ойлойм.

– Билбейм, чыныгы мени эч ким көргөн жок окшойт. Кай бири сулуулугума кызыкты, бири талантыма, дагы бири материалдык жагыма. Чындап жан дүйнөмдү окуган адам сен гана болдуң, сен дагы, тилекке каршы, үй-бүлөлүү болчусуң. Ошентип жалгыз калдым. Аялдын жалгыздыгы жаш өткөн сайын оор болот экен. Элестет, бул жашоодо сени ойлогон, чын дилинен күткөн бир да адам жок. Ата-энең, бир тууганың, жолдошуң, балаң, эч бири жок. Кээде ошол жалгыздыкка буулуп кетем. Өзүмдү алаксытыш үчүн жан талаша иштейм. Сыртымдан билгендер акча үчүн тытынууда деп ойлошот. Акча дагы ырахат тартуулай албай калган убакыт болот экен.

– Эмнеге мага эми ачылдың? Ишенимиңден эми өттүмбү?- деди Илим.

– Жок, мага бир нерсе болду.

– Эмне?

– Азыр айтсам Айдай жинди болуп калыптыр деп ойлойсуң.

– Жок, антип ойлобойм. Айта бер.

– Кастинг уюштурбадым беле. Сен дагы көрсөң керек. Балдар-кыздардын арасынан Эмир деген жигит келди.

– Ооба, эсимде ал жигит. Үнү таң каларлык тунук экен деп айтып жаткансың.

– Билесиңби, эгерде менин уулум тирүү болсо ушул жигиттин жашына келмек.

– Анан?

– Эмир жан дүйнөмдү төңкөрүп кетти. Көздөрүн карасам ушунчалык тааныш. Жыты тааныш. Ал, балким, менин уулум... Жок, жок, жинди болуп жатам мен.

Илим Айдайды айласы кете тиктеп калды. Мунун чын эле психикасы бузулуп калган окшойт, чын эле эмоциялары аралашып кетсе керек.

– Мына, жинди болдуңбу дегендей эле карап жатасың,- деди Айдай таарына.

– Ар бир 17 жаштагы, жакшы ырдаган жигиттин баары сенин жоготкон балаң боло бермек беле. Өзүң деле ойлосоң...

– Ичим уйгу-туйгу, көздөрү тааныш, жыты тааныш. Мен анын жанында турмак түгүл, аны менен бир шаарда тура албай калдым. Анан качып кеттим, мээмди эс алдырсам калыбыма келип каламбы деп ойлогом. Андай болбоду. Кайра-кайра мээмде Эмир. Балким, тирүүдүр менин балам. Балким...

– Айдай, азыр технологиянын заманы, ДНК деген бар. Эмнеге антип жаныңды төрт бөлүп жатасың. Шаарга барганда акырын чачын аласың да, Алматыга же Москвага лабораторияга жибересиң. Эмне маселеси бар?

– Аның да чын.

– Шаарга кетели, элдин баары сени издеп чарчап бүтүштү. Менеджериң кууратты. Мени да жумушумдагылар тытып жатышат. Менимче, кетели.

– Сен кете бер, мен дагы бир аз калайын,- деди таарына түшкөн Айдай.

– Эмнеге таарынып жатасың?

– Туура, жашоо уланып жатат. Сени көп кармап койдум. Үй-бүлөң да тынчсызданып жаткандыр.

– Мага да тынчсыздана турган адам жок экенин сен жакшы билесиң. Бирок бул жерде жашынып жатып алсак, бирөө келип маселебизди чечип бербейт. Сен күчтүүсүң, Айдай. Бул жолу да жеңип чыгасың. Сенин жеңилип калышыңа жол бербейм. Ошол үчүн кетели деп жатам.

– Менин дагы иштерим бар, Илим, сен кете бер жакшысы.

– Чогуу кылабыз, эмне иш? Мен сени таштап кете албасымды билесиң.

– Апама барам!

– Кайсы апаңа?

– Мени да бир аял төрөсө керек, ошол апама барам. Жаныбыздагы айылда эле турат. Мен ага жолугуп, кечиришим керек экенин түшүндүм.

– Көргүм келбейт дебедиң беле?

– Илим, мен көп ойлондум. Мен анын жашоосунун канча пайызын билем? Эч нерсе билбейм. Менден баш тарткан себебин да билбейм. Мен апама жөнү жок эле таарынып жүргөн окшойм. Эгерде андан кыйын болсом мен да өз баламдан айрылбайт элем. Аны кайдагы бир адамга тапшырып, ал менин баламды сатып жибербейт эле. Демек, аны күнөөлөгөндөй мен киммин? Мен дагы баламды жоготтум. Көрсө, тагдырда баары болот тура.

– Апаң сени билип туруп таштады да, а сенден балаңды уурдап алып сатып жиберишти. Айырмасы бар.

– Ошентсе да бир тагдырды баштан өткөргөн жокпузбу? Мен ага таарынганым үчүн, балким, мени тагдыр ушинтип жазалады. Ким билет? Айтор, мен апама жолугушум керек. Атам ким экенин билишим зарыл.

– Чогуу баралы.

– Сени издеп жатышса кете бер.

– Сени жалгыз таштабайм.

ххх

Айдай айылдын четине келгенде эле апкаарый баштады. Кандай болсо да ушул жерде балалыгы өткөн. Алгач чоң атасынын мүрзөсүнө барып куран окуду. Кийин өзү чоңойгон үйдүн жанына барды. Томпойгон бир кичине кыз топ менен ойноп жүрүптүр. Ары жакта ата-энеси жүрөт. Чамасы, үйдү ушулар сатып алган окшойт. Айдай алыстан гана тиктеп турду. Балалыгынын изи калган бул үй ага ыйык эле.

– Сатып алсам кандай болмок атамдын үйүн?- деди Илимге.

– Эмне кыласың?

– Балким, карыганда келип жашаармын.

– Сенби, айылгабы, койчу ай.

Илим ишене албай башын чайкады. Айдай бир топко үйдү карап турду да, жолун улады. Ал апасынын үйүн издеп жатты. Сураштырып отуруп тез эле тапты. Чакан үйдүн короосунда, скамейкага жөлөнүп отурган карыган энени көрүштү. Машинадан карап турду Айдай.

– Ушул апабы?

– Ушул.

Бир топко үнсүз отургандан кийин Айдай машинадан чечкиндүү түштү. Аркасынан Илим... Кемпирди көздөй басышты. Бирок кемпир аларга эч көңүл бурбай бир калыпта отура берди. Ары жактан бир тестиер бала чуркап келди.

– Сиз кимге келдиңиз?

– Могу апага...

– Чоң апамдын көзү көрбөйт,- деди ал Айдайга.

– Качантан бери?

– 10 жылдай болуп калды. Бирок сиз сүйлөсөңүз үнүңүздөн жазбай тааныйт. Баарыбызды тааныйт, ал тургай кошуналарды...- деди бала. Айдай баланын башынан сылап койду да, апасына кадам таштады. Бул кадамдар канчалык оор экенин өзүнөн башка ким билмек.

– Апа!- деди ал акырын гана.

Кемпир куду бирөөнү тааныгандай жандана түштү. Колдорун арбаңдата берди.

– Эрбол, кайдасың, балам,- деди небересин чакыра.

– Чоң эне, бул жактамын. Сизге шаардан бирөө келди.

– Ким ал?- деди картаң колдорун сербеңдете бирөөнү кармачудай алдастап.

– Мен келдим, апа, сага келдим,- Айдай жаш аралаш ушуларды айтты. Апасынын сербеңдеген колдору шалдая калды. Чын элеби дегендей... Айдай жакын барып колдорун кармады.

– Мен келдим, апа...

– Аа-аа,- деп бакырып алды эне. Анан калтыраган колдору менен Айдайдын жүзүн сылап баштады.

– Сенби, сен келдиңби? Мен сени күтүп отурбаймбы. Канча жылдар бою сени күтүп, акыры келдиң. Кызым менин, сен мага келдиң.

Экөө кучакташа беришти. Канча деген таарынычтар, сагынычтар, мээрим, айтылбаган сөздөр бар эле экөөнүн ортосунда. Экөө тең ыйлап жатты. Четте карап турган Илим да ыйлады. Айдай канча жылдан бери ушул мээримди күтүп жүргөнүн сезди. Жан дүйнөсү эмнеге муктаж болуп жүргөнүн түшүндү. Апасын бек кучактап ыйлап жатты. Эмнегедир ага деген таарынычы, жылдар бою жыйылган ызасы тарап баратканын сезди.

– Сен мени кечирдиңби?- деди апасы ыйлап бүткөндөн кийин.

– Кечирдим, апа. Мен сени кечирдим. Муну эбак эле кылышым керек болчу.

– Мен сенин ырларыңды угуп жүрдүм. Башка дешти. А мен сен экениңди билгем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан