СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Акжол Махмудов Роман Власов менен беттешмей болду

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власовдун 2021-жылдан бери айтылып келе жаткан беттеши апрель айына белгиленди. Спортчулар 77 килограмм салмак категориясында күч сынашат. Беттеш эл аралык Poddubny күрөш лигасынын алкагында өтөт. Балбандар лига менен келишим түзүшкөн. Мындан сырткары мелдештин программасында 10дон ашык беттеш орун алат. Акжол Махмудов: "Мен расмий түрдө PWL лигасынын алкагында Роман Власов менен беттешүү боюнча келишимге кол койгонумду кабарлап жатканыма кубанычтамын. Мен буга даярмын, элимдин алдындагы жоопкерчиликти сезип жатам. Бул күрөштү чыдамсыздык менен күтүп жатам",- деп билдирсе, Роман Власов "беттешке эки ай калды. Жеңишке жетүү үчүн баарын жасайм" деп билдирди.

Эркин күрөш. Кимдер чемпион болду?

Бишкекте 23-24-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтүп, жыйынтыкталды. Мелдешке 265 балбан катышып, төмөнкү балбандар жеңүүчү болду:

57 килограмм

1-орун – Алмаз Сманбеков;

2-орун – Бекзат Алмаз уулу;

3-орун – Юхан Доктурбек уулу.

61 килограмм

1-орун – Тайырбек Жумашбек уулу;

2-орун – Улукбек Жолдошбеков;

3-орун – Алишер Руслан уулу.

65 килограмм

1-орун – Алибек Осмонов;

2-орун – Аден Сакыбаев;

3-орун – Мирлан Акимов.

70 килограмм

1-орун – Орозбек Токтомамбетов;

2-орун – Мырза Жыргалбек уулу;

3-орун – Алихан Алишер уулу.

74 килограмм

1-орун – Исламбек Орозбеков;

2-орун – Адилет Жапаркулов;

3-орун – Кубат Азизов.

79 килограмм

1-орун – Адилет Маратбеков;

2-орун – Атай Изабеков;

3-орун – Куштар Абдыманап уулу.

86 килограмм

1-орун – Нуртилек Карыпбеков;

2-орун – Нарбек Изабеков;

3-орун – Сейтек Доктурбеков.

92 килограмм

1-орун – Мирлан Чыныбеков;

2-орун – Нурболот Адыл уулу;

3-орун – Байсал Кубатов.

97 килограмм

1-орун – Арсланбек Турдубеков;

2-орун – Исламбек Рысбеков;

3-орун – Мухаммед Умурзаков.

125 килограмм

1-орун – Музафар Жуппуев;

2-орун – Аскер Эфендиев;

3-орун – Айбек Касманбетов.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
agekifol
2023-02-06 07:18:00
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан