“Сүйүү оту жанбай калды,
Балким, анда жок күнөөбүз.
Махабаттай арман барбы?
Эске салып өкүнөрбүз”...
Бул ырдын обону гана эмес, андагы аккордеон кайрыктары да жүрөктүн толтосун аралап өтөт. “Коштошуу”, “Каркырам”, “Күттүм сени”, “Сүйүп жүрдүм”, “Кылым дастаны” сыяктуу белгилүү обондордун автору, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Токтобаев менен маектештик.
«Ырдын 2 сабы үчүн жаралган обон аягына чыкпай калып кетти»
– Обончу агаларыбыз “илхамды күтүп жүрө бербей, аны чакырыш керек” деп калышчу, азыр анте албай жүрөм. Барган сайын адам өзүн аябай сын көз менен карап калат тура. Чиймелеп койгон музыкаларым көп, бирок кээ бир жерлери көңүлүмө толбой турат. Жаш кезде обон ылгабай ырдай берчүбүз, азыр андай эмес.
Акыркысы болбосун ылайым, 2016-жылы бир обон жазгам, жубайым Сүйүнбүбү Анарбаева экөөбүз ырдап чыкканбыз, "Асылым болчу" деген ыр. Андан кийин 2020-жылы пандемияда карантинде отурганда бир тексттин 2 эле сабы жагып калды. Жаш акындын ыры болчу. Ошол 2 сап үчүн эле бир обон жаралды, келинчегиме, айрым тааныштарыма угузсам жактырышты. Ал обонду толук иштеп чыгайын десем, ырдын калган саптары жакпай, авторуна “оңдоп бер” десем, ал иним такыр оңдоп бере албай койду. Же таарынып калдыбы, айтор, ал обон ошол бойдон калып кетти.
Обондорум бир топ эле, бирок санын айтыштан уялам. Жашай турган обонду мактанып айтсаң болот. Эл арасында түбөлүк 5-6 обонум жашап калса, ошондо өзүмдү бактылуу сезем.
«Атам бул баладан бир нерсе чыгат дечү экен»
– Балалык кез – таза, тунук мезгил. Атам чабан болчу, ошондуктан жайлоону абдан жакшы көрөм. Көк майсаң чөп, шыңгыраган булак, кымыздыктар... Мен 1969-жылы Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулгам. 2 жашымда үй-бүлөбүз менен Өзгөнгө көчүп келип, 8-класска чейин Ийри-Суу айылында, тага журтумда чоңойдум. Агаларым айтып калат, 3-4 жашымда атам комуз чертсе алдына мандаш токунуп отуруп алып, атам кыйшайса кыйшайып абдан берилип укчу экенмин. Ошондо атам “бул баладан бир нерсе чыгат” дечү экен, менин эсимде жок.
Мен 5-класс кезимде апам каза болуп калды. 9-классымда кайра Кара-Кулжага көчүп бардык. Бир күнү Талант деген абамдын үйүнө кирсем жаңы аккордеон туруптур, “ырдап бербейсизби” десем ырдады. Эми бир керемет ырдады, үнү да укмуш. Ошондон кийин аккордеон менен “ооруп” калып, аны ойногонду 2 айда өздөштүрүп кеттим. Алгачкы обонум ошол учурда жаралды. 9-классты бүткөндө Ош педагогикалык орто окуу жайынын музыкалык бөлүмүнө тапшырдым. Атам мага “балам, аккордеон менен Кыргызстандын ичинде эле каласың, комузду таштап койдуң, комуз менен дүйнөнү кыдырмаксың” деген эле. Аккордеон үйрөнгүчө комузду жакшы чертчүмүн. Аккордеонго кызыккандан кийин комузду чертпей калдым. Кээде атамдын ошол сөзүн эстеп өкүнүп калам.
«Элге таанылганымда деле жөнөкөй жашадым»
– Окуу жайга тапшырып жатканда экзамендерде өзүм чыгарган обондорумду ырдап бердим. Кабыл алып жаткан мугалимдер “сенден жакшы чыгармачыл инсан чыгат” деп жакшы баалашып, окууга кабыл алышты. Ошондо окуу жайда “обон чыгарган бала келиптир, жакшы обондору бар экен” деген сөз тараптыр. Кээ бир агайлар менен таанышып калганда “баягы обон чыгарган бала сенсиңби?” деп калышчу. Рыспай Абдыкадыровдун жакын досу, композитор-обончу Абдыкерим Алымов деген агай бар эле, ошол киши да жолугуп калып, ага да ырдап берсем, жакшы баасын берди. Ошентип көптөгөн залкар адамдардан сабак алып, 1990-жылдары элге таанылып, концерттерге байма-бай катышып жүрдүм.
Негизи элге таанылганымда деле таанылбаган адамдай, жөнөкөй эле жашадым. Популярдуу болгондо айрымдардын кулк-мүнөзү өзгөрүп кетет экен го, мен жөнөкөй эле бойдон жүрөм. Өзгөрүп кеткидей деле эмгек кылган жокмун да. Кудайга шүгүр, 2-3 обонум жакшы чыккан экен, кыргыз жумурай-журтуна таанылдым. 10-15тей обонум эл арасында ырдалып жүрөт.
«Жаштардан Атабеков жагат, ырларында улуттук колорит бар»
– Атам Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаевдин ырларын жакшы көрүп угат эле. “Кыргыздын обондорун бузду” деп көбүн жактырчу эмес, көрсө, колоритти буздуңар дечү тура. Эми азыркы жаштар да бизге ошондой сезилет. Ошентсе да “эски колорит менен жүрө бербей, өнүгүү болуш керек да” деген өңүттөн караганымда, мага Мирбек Атабеков жагат. Ушул балада изденүү бар, ырларында заманбап да, элдик да колорит камтылат. Маселен, кыргыздын колоритинде бир калыпта кетпеген аралаш өлчөмдөр бар, ушул баланын ырларында ошол аралаш өлчөм да бар.
Бизде азыр көркөм кеңеш деген жок да, көпчүлүк Европаны туурап кетти. Жеңил-желпи обондор чыга берсе, табити жакшы угармандардын деле табитин өчүрүп салат. “Искусство тармагы коомду ээрчибей, коомду жетелей турган тармак” деген кеп бар. Демек, искусство адамдарынын моюнунда абдан чоң жоопкерчилик турат. Бир акылман “Ырчы талант эмес, угарман талант” деген экен. Анын сыңары, эптемей бирдеме ырларды ырдап жылдыз болуп кеткендерге сын айта билген угарман таланттуу.
«Уулум да обон жазып жүрөт»
– Уулум Нурбек да обон жазып жүрөт, обондорун шедевр дебейм, бирок данек бар, үмүтүм зор. Уулум 5-6 жашында эле тунук, так ырдачу, ритмдерин дагы так аткарчу. Бир жолу Роза Аманова Ысык-Көлгө концерт коюп барып келели деп калды, Сыймык Бейшекеев да бар. Ошол учурда тамагым ооруп калыптыр, анан баламды атайын ээрчитип алдым. Баратканда ырдап берем деп барган, баргандан кийин ырдабайм деп чыкса болобу?! Сыймык алдап-соолап жатып көндүрүп, ырдады. Ырдаганда эле көрүүчүлөргө жагып, кол чаап залдан кетирбей коюшту. Балам болгону 2 ыр билет эле, ошону кайталап ырдап жатып, мындайча айтканда, ошондо мени уят кылбай коргоп калган. Уулумдун талантын байкап, 1-класстан эле Мукаш Абдраев атындагы мектепке пианиного бергем. Ал эми Улуттук консерваторияга композитор Муратбек Бегалиев өзү жактырып, кабыл алган. Учурда ошол жакта иштеп жатат.
Бир уул, 4 кызым бар. Нурбектен кийинки кызым Москвада П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы колледже скрипка классында окуп жүргөн, ден соолугуна байланыштуу толук бүтпөй калды. Ошол кызым өтө таланттуу эле, күчтүү, кесипкөй скрипачка болмок. Андан кийинки 2 кызым “силер ырчы болдуңар, биз башка багытты тандайлы” дешип, улуусу Венгрияда окуп жатат. Андан кийинки кызым 7-класста, кичүүм 6 жашта. Жубайымдын үнү абдан жакшы, ырдап жүрөт. Ар бир нерсенин өз убагы келет дейт го, бир күнү анын да жылдызы жанчу учур келет.
Гулийпа Маметосмон кызы