Жакшылык Аматов, шоумен: “УШУЛ ДА ТАМАШАБЫ, КАЙСЫ ЖЕРИНЕ КҮЛӨБҮЗ ДЕШСЕ КАТУУ ТИЙЧҮ”

“Тамашодогу” “Универсалдын” жылдыздарынын бири Жакшылык Аматовду кенен тааныштырабыз. “Сахнага чыгып алгандан кийин анын кумары мени коё бербей койду”,- дейт ал. Күлкү жаратуучу, тамада эми кино тартууну пландап жатыптыр.

Туулган жылы: 1996-жыл, 21-сентябрь

Туулган жери: Ош шаары

Билими: Ош технологиялык университетинин энергетика факультетин бүтүргөн

Үй-бүлөдө: 2 бир туугандын улуусу

Бою: Узун деле эмес

Салмагы: Семизге жетейин деп калды

Алдыда: Ырчы болгусу келет

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы

– Жакшылык, кутман күн! Сиздердин команда жараткан акыркы жаңылык – “Шерик” тасмасын тартып, элге тартуулаганыңыздар болду окшойт...

– Саламатсыздарбы? Ооба, биринчи жолу кино тарттык. Кудайга шүгүр, көрүүчү нааразы эмес. Баары биз күткөндөн жакшы болду. Тасманы Калыбек Турдубаев, Садык Нышанбай уулу үчөөбүз тарттык. Кино тартууну көптөн бери ойлонуп жүргөнбүз, достук темасын тандап, комедиялык фильм жараттык. Башкы ролдордо Калыбек Турдубаев менен Садык Нышанбай уулу. Мындан ары кино тартууга да басым жасайлы деп турабыз.

– Ырчы Jax’тын “Себелеп” ырына пародия жаратыпсыздар, эмне үчүн?

– Элге жаккан ырды пародия кылсак жакшы болот деп ырдап, клип тартып койдук. Буга чейин деле Матрангдын “Медуза” ырын “Феруза” деп ырдап чыкканбыз. Буюрса, алдыда өзүбүздүн да ырларды уга аласыздар.

– Ырдап чыкканы жатасызбы?

– Ырдаганга аябай кызыгам. Бирок мени эл ырчы катары кабыл албаса керек... Ырчы болгум келет.

– Тамада да эмессизби, бир күлкүлүү окуя угайын сизден...

– Бир жолу Калыбек аке экөөбүз той алпарып жатабыз. Элге суроо берип, жообун тапкандарга белек берип жаттык. Кезектеги суроо берилгенде отургандардын бири кол жаңсап мени чакырып калды. Барсам, бетке бир сүзсө болобу, көзүмдөн жылдыздар жанып кетти. Көрсө, мас экен. “Аке, сиздин жообуңуз туура эмес” деп кетип калгам. Мындай учурларда жаман болосуң. Тамадабыз да, бир нерсе дей албайбыз.

– Эл кызматында жүргөн жигиттин бала чагы кандай өттү?

– Эң сонун өттү. Футбол, жашынмак ойночубуз. Кышында эшиктин алдына суу төгүп муз даярдап, ийри жыгачтан клюшка жасап хоккей ойночубуз. Өтө тентек болчумун. Көп кабаттуу үйдө жашачубуз да, целлофан баштыкка суу толтуруп, балконго чыгып алып үйдүн алдынан өтүп бараткандарга ыргытчумун. Айтор, ушундай окуялар.

– Балдар менен мушташчу белеңиз?

– Жок, балдардын баары коркчу да менден (күлүп). Кичинекей балдарды чогултуп алып, алардын “атаманы” болуп жүрө берчүмүн. Мектепте 9-класска чейин жалаң “5ке” окудум, андан кийин таштап салдым. Мектепке кеттик деп, көчөдө жүрө берчүбүз.

– Бир маегиңизде “көчөнүн баласы болчумун” дептирсиз, ушул үчүн айттыңыз беле?

– Ооба. Ал убакта көчөнүн баласы болуп жүрүү авторитет сезилчү. Өзүбүздөн кичүүлөргө “эу, бери келсең” деп кыйын болуп. “Чөйрөң кандай болсо, ошондой болосуң” деген чын экен. Кийин студент болуп, “Тамашоуго” келгенде жашоо башкача турбайбы дегем.

– Тоок сүйүүлөр эсиңиздеби?

– Кыздар менен такыр сүйлөшкөн жокмун. Тентек болсом да, кыз жандоого келгенде уялчаак элем.

– Алгачкы сүйүү качан келди анан?

– Келинчегимди гана сүйдүм. Экөөбүз 3 жыл сүйлөшүп баш кошконбуз.

– Тагдыр кантип табыштырды сиздерди?

– Инстаграмдан табыштык, 2 айдай жазышып жүрүп жолуктук. Алгачкы жолугушуудан кийин экөөбүз тең “болду, экинчи сүйлөшпөйбүз” деп ойлоптурбуз. Кийин кайра сүйлөшүп кеттик. Анан күнү-түнү телефондон сүйлөшүүлөр башталды. Бир жылдан кийин бири-бирибизге чалбай калсак издеше баштадык. Ошентип жүрүп үйлөндүк.

– Үйлөнгөндөн кийин жашоо өзгөрдүбү, токтолуп, жоопкерчиликтүү болуп дегендей?

– Кыз-жигит кезиңде көп нерсени ойлонбойт экенсиң. Ооба, үйлөнгөндөн кийин жашоого олуттуу карап калдым. Тумандын арасынан чыккандай эле таасир, айтор.

Уулум 2 жашка чыгайын деп калды, жакшы ата болууга аракет кылып жатам. Жумуштан үйгө келгенде биринчи баламды кучактайм, башка нерсе күтүп турсун. Кылыктарына суктанам. Турган турпаты менин эле көчүрмөм, эрип отура берем. Чоң үй-бүлө түптөп, 7-8 балалуу болгум келет.

– Жакшы. Кесибиңиз боюнча энергетик экенсиз, ээ?

– Ооба, окуучу куракта энергетик же тигүүчү болом дечүмүн. Тигүүчүлүккө да кызыкчумун. Үйдө кийимдеримди кыскартып, оңдоп-түзөп тигип алчумун. Университеттен “Тамашоуго” аралашып кеттим. Биринчи курста мугалим “факультеттер аралык “Тамашоу” болгону жатат, ким катышат? Катышкандар сабактарга катышпай койсо болот” деди. Сабакка катышпаш үчүн ал жакка кеттим. Жигиттерден команда түзүп, мен капитан болдум. Ошентип ойноп жүрдүк. Кийин мени “Универсал” командасы кошуп алды. “Тамашоуго” аралашып калганыма кубанам. Эл алдына чыгуу, элдин кызматында жүрүү мага жагат. Сахна – кумар турбайбы, ошол кумар мени тартып кетти.

– Ишиңиздин кыйынчылыктары деп эмнелерди айтасыз?

– Бардык иште кыйынчылык бар. Күндөп-түндөп үйгө барбай калган учурлар болот. Үй-бүлөгө көңүл бурулбай калат. Ошол жагы минус.

– “Үй-бүлөгө көңүл бурбай калдың” деп келинчегиңиз урушуп калабы?

– Кээде ошентет. Негизинен жумушума түшүнүү менен карайт.

– Ата-энеңиз, алардын сизге берген тарбиясы тууралуу да сөз кылалы...

– Атам мен 4-класста окуп жатканда каза болуп калган. Соода-сатык менен алектенчү, комузду мыкты чертчү, жакшы ырдачу. Чоң атам, анын атасы да ырдачу экен. Айтор, менин чыгармачылыкка аралашып калганым жөн жерден эмес го. Апам эсепчи болуп иштейт. Иним экөөбүздү жалгыз бой тарбиялап чоңойтту, эч нерседен кем кылган жок. Башында “жакшы эле жумуш кылбайсыңбы? Ушундан көрө окуп, жакшы ишке кирбейсиңби?” дечү. Кийин түшүнүп, колдоп калды.

– Элдин мактоосу баарына жагат, сыны сындырат. Сын угууга кандайсыз?

– Ооба, мактаса жагымдуу болот. “Ушул да тамашабы, мунун кайсы жерине күлөбүз?” дегендер болот. Башында мындай сөздөр катуу тийчү. Ар бир комментарийди окуп, баарына жооп жазчумун. Азыр окуп коём, көңүлүмө катуу тийбейт.

– Командада баарынан кимисине жакынсыз?

– Баарына эле жакынмын. Бир үй-бүлө, бир туугандардай болуп калдык да. Калыбек Турдубаев өкүл атам. Мага жол көрсөткөн, бул чөйрөгө алып келген, үйрөткөн ушул адам, менин устатым. Жеке жашоодо да жол көрсөтүп келе жатат.

– Маегиңизге рахмат! Ийгиликтер болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан