КЕЛИҢИЗ, ЧАЙЛАШАЛЫ

Чай эң көп ичилген суусундуктардын ичинен суудан кийинки эле орунда. Чай менен уйкуну ачып, чай менен суусун кандырып, чай менен суукту жеңүүчүлөрдүн катарында болсоңуз демейдегиден өзгөчө, пайдалуу чай демдеп ичүүнү сунуштайбыз.

Чычырканак чайы

Керектелүүчү азыктар:

Чычырканак мөмөсү – 50 грамм

Апельсин – 1 даана

Жалбыз – 2 талча

Кургак кара же көк чай – 2 чай кашык

Бал – 2 аш кашык

Кайнак суу – 500 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Чычырканакты кышында күбүп чогултуп алуу ыңгайлуу. Же тоңдурулган түрүн базар, чоң дүкөндөрдөн таба аласыз. Жуулуп, эриген чычырканакты сүзгүчкө салып ширесин чыгарып эзүү керек, данектери пайдаланылбайт. Апельсинди да жууп, үчтөн бир бөлүгүн жарым тегерек туурап, калганын кабыгын аарчып эзип алабыз. Эгерде цитрус жемиштеринин кургатылган кабыгы болсо апельсиндин ордуна колдонууга болот.

2. Кошулуучу азыктардын пайдалуулугу азайып кетпеш үчүн чай демделгенден кийин кошуу туура. Кургак чайды чайнекке салып, кайнак суудан куюп 5 мүнөт демдеп, үстүнө чычырканак менен апельсинди, жалбыз менен балды салып аралаштырабыз. Жалбыздын жалбырагына караганда сабагы эң жакшы жыпар жыт, даам берет, сергитет. Ошондуктан сабагы менен салуу оң. Чайды сүзгүч аркылуу өткөрүп куюу сунушталат. Чычырканакка лимон кошууда абайлаңыз, анткени ал да кычкыл болуп, ашказан ооруларын, зарнаны чакыруусу ыктымал.

• Чычырканак нерв системинин жакшы иштешинде, иммунитетти чыңдоодо натыйжалуу азыктардан. Ал фосфор, магний, темирге бай болгондуктан андан жасалган чай энергия берип, сергитет, суусун кандырат.

• Чычырканакты панкреатит, гепатит, тамак сиңирүү органдарынын өнөкөт ооруларында, бөйрөктө таш болсо колдонбогонуңуз жакшы.

Ит мурун чайы

Керектелүүчү азыктар:

Ит мурун мөмөсү – 150 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Суу – 300 миллилитр

Кургак кара чай – 1-2 чай кашык

Кайнак суу – 500 миллилитр

Даам жана жыт кошуу үчүн гвоздика, жалбыз же цитрус жемиштери керектелет

Даярдоо ыкмасы:

1. Ит мурундун тоңдурулган мөмөсү жибигенде же кургатылган түрүн муруттарынан тазалап, мискейге салып жууп, үстүнө кумшекер менен 100 миллилитр сууну куябыз. Отко коюп кайнатабыз. Бир кайнаганда отту бир аз жайлатып 20-30 мүнөт кайнатуу кажет. Коюу сироп даяр болот. Мөмөлөрдү чыгарып жакшы эзип, марли аркылуу этин сыгып кайра сиробуна кошобуз.

2. Кургак чайды чайнекке салып кайнап жаткан суудан куюп 5 мүнөттөй демдейбиз да, үстүнө ит мурун сиробун кошуп аралаштырабыз. Цитрус жемиштеринин кесимдерин же жалбыз, гвоздика салып жыпар жыт кошуңуз. Чайды сүзгүч аркылуу өткөрүп куябыз.

• Ит мурундун жок дегенде 20 пайызы С витамининен турат, бул витаминди камтыган рекордчу азык. Башка да витамин, минералдык заттарга, органикалык кычкылдарга бай болгондуктан андан жасалган чай организмди чыңдап, энергия менен камсыздап, ар кандай ооруну бат жеңүүдө жардам берет. Ошондой эле ит мурун заара кубалоочу, өт суюктугун чыгаруучу касиетке ээ. Нерв системин, эс-тутумду, тамак сиңирүүнү жакшыртууда жардамчы.

• Ашказан жарасы же кычкылдуулук көп бөлүнүп чыккан гастрит оорусунда, тери ооруларында колдонууга болбойт. Жүрөк-кан тамыр ооруларында абайлап колдонуу кажет.

Имбирь чайы

Керектелүүчү азыктар:

Имбирь тамыры – 2-3 сантиметр

Лимон – 1 даана

Жалбыз – 3 тал

Бал же кумшекер – 2 аш кашык

Кургак кара чай – 2 чай кашык

Кайнак суу – 500 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Имбирь тамырынын сыртын аарчып, сүргүчтөн өткөрүп же ичке-ичке туурап алабыз. Лимонду жууп, жарым шар кылып кесип чыгабыз.

2. Чайнекке кургак чай салып, кайнак суу куюп 5 мүнөт демдейбиз да, аркасынан имбирь, лимон, бал, жалбызды салып аралаштырабыз. Чайды сүзгүч аркылуу өткөрүп куюу кажет.

• Имбирь чайы ашказанга киргенде ментол сымал ачыштырып, сергитип, организмди ойготот, энергия берет. Ошондой эле үшүп жаткан адамды бат жылытат. Имбирдин пайдасы абдан көп, кан басымды түшүрүп, бактерияларга каршы каражат болуп берет, сасык тумоодо алгачкы жардамга келет. Тамак сиңирүүнү жакшыртып, көңүл айланууну кетире алат.

• Кош бойлуу айымдарга алгачкы үч айлыктан кийин колдонууга, ачкарын пайдаланууга болбойт. Ошондой эле ачуу калемпир сымал эле ашказанга, бөйрөккө зыянын тийгизгендиктен ичеги-карын ооруларында, бөйрөк ооруларында колдонуу сунушталбайт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан