ДРОНДОР ДООРУ: КИМИСИ КҮЧТҮҮ

Мурда учкучсуз учуучу аппараттарды – дрондорду согушта колдонот деген фантастика катары сезилчү. Азыркы тапта алар аскер техникаларынын көзүрлөрүнүн бири. Түркиянын “Байрактар”, Ирандын “Шахид” дрондору иш жүзүндө өздөрүн көрсөттү. Бул санда бутасын таамай сокчу “абанын акылдуу кожоюндары” тууралуу айтып беребиз.

“Байрактар акынжы” – акылдуу

Дрондун узундугу – 12,2 метр

Канаты – 20 метр

Абада учуу бийиктиги – 12 чакырымга чейин

Абада учуу ылдамдыгы – саатына 240-360 чакырым

Салмагы – 5,5 тонна

Жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгү – 1350 килограмм

Абада 24 саат учуп жүрө алат

Баасы – орточо 30-60 миллион доллар (6 дрон, жердеги 2 мобилдик башкаруу жана курал-жарак топтому менен)

Түркия көп жылдан бери НАТОнун мүчөсү экенине карабай өзүнүн чабуулчу учкучсуз аппараттары жок эле. Муктаждык арга издетти көрүнөт, азыркы тапта Түркия абадан сокку уруучу дрондун түрлөрүн чыгарууда. “Байрактар” – Түркиянын эң ийгиликтүү аскердик брэнддеринин бири. Анын жылдызы Армения-Азербайжан тирешинде, Карабах согушунда жанды. Аскердик эксперттер Азербайжандын жеңишин дал ушул “Байрактар” камсыздады деп айтышат.

“Байрактарды” сыноо 2019-жылы башталып, 2021-жылдын башында ийгиликтүү аяктады. Айта кетсек, Кыргыз армиясынын куралдык базасы да “Байрактар” менен жабдылган. “Байрактар акынжынын” атаандаштарынан артыкчылыгы – жасалма интеллектиси бар. Бута коюп бергенде өзү учуп барып жок кылып, ордуна кайтып келет. 55 чакырым алыстыктагы бутага жогорку таамайлыкта сокку уруп, абадагы аскер техникасына да чабуул жасай алат.

“Шахид 136” – жанкечти

Дрондун узундугу – 3,5 метр

Канаты – 2,5 метр

Салмагы – 200 килограммдан жогору

Абада учуу бийиктиги – 5 чакырымга чейин

Абада учуу ылдамдыгы – саатына 150-170 чакырым

Абада 40 мүнөт учуп жүрө алат

Баасы – 20-50 миң евро (1 даанасы)

Ирандын “Шахид 136” учкучсуз учуучу аппаратын “жанкечти дрон” деп коюшат. Анткени бутага тийип өзү жарылып кетет. Катуу жарылгандыктан чоң кыйроого алып келиши мүмкүн. Учурда Орусия-Украина согушунда пайдаланылып жатканы айтылууда, Украинанын бир топ жерлери ушундай дрондордун чабуулунан талкаланды дешет адистер. “Атка жеңил, тайга чак” бул дрондор 50 килограммдык согуштук снарядды ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Башкарууга жеңил жана чабуул учурунда багытын өзгөртө алат. Дагы бир артыкчылыгы – алыскы аралыкка (1600 чакырымга чейин) жана өтө төмөн уча алганында. Бул анын абадан коргонуу системинен жашынууга ыңгайлуу. “Жанкечти дрондор” жай жана төмөн учкандыктан аларды кадимки эле ок атуучу куралдар менен атып түшүрсө болот. Абада катуу үн чыгарып учат. Көрүнүп тургандай, “Шахид 136нын” формасы үтүккө окшош.

“Херон” – узакка учат

Дрондун узундугу – 8,5 метр

Канаты – 13 метр

Салмагы – 4,7 тонна

Абада учуу бийиктиги – 10 700 метр

Абада учуу ылдамдыгы – саатына 150-170 чакырым

Абада 46 саатка чейин учуп жүрө алат

Баасы – 5–46 миллион доллар (1даанасы)

Израилдик “IAI” компаниясы тарабынан иштелип чыккан учкучсуз чалгындоочу “Херон” учагы дүйнө жүзүндө эң көп сатылган дрондордун бири. “Херонду” акылдуу учактардын ана башчысы десек да болот. Анткени бул дрондорду иштеп чыгуу 1990-жылдардан башталган. Учкучсуз учактын өндүрүшкө чейинки моделинин биринчи учуусу 1994-жылдын 18-октябрында 7700 метр бийиктикте аткарылып, учуу 30 мүнөткө созулган. Аталган учак иштелип чыккан программа боюнча автоматтык режимде да, кол менен алыстан башкаруу режиминде да учууга жөндөмдүү. Автоматтык учууда GPS спутник системин колдонушат. Бардык аба ырайынын шартында автоматтык түрдө учуп жана конууга жөндөмдүү. Жердеги башкаруу пункту менен байланыш үзүлгөн учурда учак өз алдынча базага кайтып келе алат. Бул учактар орто ылдамдыкта бийикке жана узакка учууга ылайыкталган. Бир эле учурда алты бутаны байкай алат. Истребитель, тик учак жана ракеталар үчүн буталарды белгилейт. Дал ушул учак 2008-2009-жылдары Газа тилкесиндеги операцияларда ийгиликтүү колдонулган. Азыркы учурда “Херонго” ар кандай техникалык өзгөрүүлөр кирип жаңыртылган версиясын иштеп чыгышууда. Көптөгөн дүйнө өлкөлөрү Австралия, Бразилия, Канада, Эквадор, Германия, Индия, Түркия, АКШ жана Израилдин армиясында аталган учкучсуз акылдуу учактар бар.

“Аксунгур” – чалгынчы

Дрондун узундугу – 12 метр

Канаты – 24 метр

Салмагы – 1,8 тонна

Жүк көтөрүмдүүлүгү – 750 килограмм

Абада учуу бийиктиги – 6500 чакырым

Абада учуу ылдамдыгы – саатына 250 чакырым

Абада 40 саат учуп жүрө алат

Баасы – 140 миллион доллар (1 даанасы)

Түркиянын “Аксунгур” учкучсуз учуучу аппараттары визуалдык жана радио чалгындоо, деңиз күзөтү жана сокку уруучу дрон катары иштелип чыккан. Негизги артыкчылыгы – чалгынчылык кызматты мыкты аркалайт. Бутанын кыймылын, кайсы тарапка жылып баратканын, кыйроолор тууралуу ыкчам маалымдап турат. Дрондун корпусу жана конуу шаймандары жаңы иштелип чыгып, ал эми башкаруу системи белгилүү “Анка” дронунан алынган. “Анка” жана “Аксунгурдун” автору бир. “Аксунгурду” алгачкы сыноо 2019-жылдын 20-мартында болуп, 1 айдан кийин Стамбулда эл аралык атайын көргөзмөгө коюлган. “Аксунгур” керек болсо кырсык болгон аймактарда мобилдик байланыш станциясынын кызматын да аркалай алат деген маалымат айтылган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан