Болсунбек Стакеев, куудул: «ЖЕТКЕН ТЕНТЕК ЭЛЕМ, БАЛДАРДЫ УРУШТУРУП ЭЛЕ БАСЫП ЖҮРЧҮМҮН»

Айрым адамдарды карап “ушул киши бала кезинде кандай болду экен?” деген суроо жаралат эмеспи. Ушундай суроого бул жолу белгилүү куудул, Токтогулдун дагы бир таланты Болсунбек Стакеевден жооп алабыз.

«Аары менен чоңойдум, көп таландым»

– Мен 1984-жылы төрөлгөм. Балалыгым Токтогулдун Толук деген айылында өттү. 9 бир туугандын сегизинчисимин. Балалыгым кызыктуу көз ирмемдерге бай, жакшы күндөр менен коштолду. Ата-энем, агаларым тартипти, тарбияны зыңкыйта беришти. Апам чыбыктын түрү менен чыпылдатып сабайт эле, ошол чыбыктарды “жебесем”, билбейм, тентектигим калат беле. Ашыкча тентек элем. Өзүбүздүн короодо алма турса, кошунанын алмалары ширин көрүнчү. Анан алма уурулукка кирип, далай жолу колго түштүк. Жолдон ары-бери өткөндөрдү таш менен урчумун да, кайра ошол кишилердин үйү тараптан өтө албай кыйналчумун. Эркек балага тиешелүү бардык нерсени көрүп чоңойдум. Мектепте Самат деген агай бар, ошол агайды айтышып, “бейбаштык кылсаң кулагыңа мык кагып дубалга илип коёт” деп коркутушчу.

1-класска жаңы барган күнүм эсимде. Бир туугандар баарыбыз мектепке даярданып жатканбыз, аңгыча апам “бар, көчөнү карачы, окуучулар мектепти көздөй өтүп жатышабы?” деп калды. Биздин үй менен мектептин аралыгы 1 чакырымдай, мектепте ким жүргөнү деле көрүнбөйт. Чуркап көчөгө чыгып, кайра кирип “ооба, окуучулар кетип жатышат, мектептин алдында Самат агай жүрөт” деп жалган айтып жатпаймынбы, баары күлүшкөн. 1991-жылы 31-августта мектепке барганбыз, биз мектепке барган күнү өлкөбүз эгемендик алган.

Атам жаш кезинде балчы болду, апам үй кожойкеси. Мал-келибизди башкаларга кошуп, жайкы каникулга чыгарыбыз менен аары караганы кетчүбүз. Аары менен чоңойдум, ага көп таландым. Аары караган мезгилде күндө жок эле дегенде 10-15 аары чакчу. Бал челекке олдоксон мамиле кылсаң деле талап кетишет. Бал челегибиз тоонун түбүндө, алмалуу бактын ичинде эле. Сентябрь айында айылга түшкөндө тим эле шаарга түшкөндөй кудуңдап сүйүнөт элем.

«Мектепте балдарды мушташтырып жиберчүмүн»

– Биринчи мугалимим менин бир тууган эжем эле. Мектепте танапис болгон сайын балдар менен мушташа берчүмүн да. Класска киргенде анан эжем урат эле. Көрсө, башкалар “өзүнүн үкөсүнө тийбей башкаларды уруша берет” деп айтпасын деп эле мени ура берчү экен. Биздин мектепте рэкетчилик болгон жок, кичине кезибизде атамандыкты талашып урушканыбыз болбосо, чоңойгондо ынтымактуу эле жүрдүк. Айылыбызда 2 мектеп бар. Кенже класстарда аркы өйүз, берки өйүз болуп урушуп, кубалашкан учурлар болгону менен, эки мектептин балдары ынтымактуу элек.

Мектепте балдарды мушташтырып жиберчүмүн. Анан ким мушташтырды деп сураштырганда жиптин учу келип мага такалат эле. Мугалимдер конторага киргизип, колубузду көтөртүп тургузуп койчу, токмок жеген балдардын апалары келип беттен чойгулап урушушчу, мындай учур да көп болду. Бир жолу классташыма “сумкамды көтөрүп турчу” десем болбой койду эле, экөөбүз айтыша кеттик. Анан “паланчага алың жетеби?” деп башка эле балага күүлөп, ал баланы буга күүлөп отуруп экөөнү мушташтырып жибергем. Бирөөсүнүн көзү көгөрүп, анын апасы келип эжекелердин көзүнчө бетимди чойгулап уят кылган. Ошондо төрт саат конторада колумду көтөрүп тургам. Мугалимдер “отуруш-кечелерди уюштурбагыла” десе болбой уюштуруп жиберип, далай жолу түшүнүк кат да жаздым.

Балалыгым Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, бейбаштык күч алып турган учурга туш келди. Бала кезде муну уурулук деп деле санабайсың да, кимдин картошкасы биринчи гүлдөгөн болсо, ошонун картошкасын казып биринчи ооз тийип коёт элек. Анда бардык маселени тоок менен чеччүбүз, алдыбыздан чыккан анча-мынча тоок-короздорду илип кетмей жайыбыз бар эле. Мектепте пирожки саткан байке-эжелерге карыз болуп калып тоок алпарып берип кутулчубуз.

«Чүкөнү көп ойночубуз»

– Биз бала кезде чүкөнү катуу ойночубуз. Жаз-күз күнгөй жакка уй айдап, кайра кайтканда чүкө ойноп кетип калчумун. Үйдөгү иштер жасалбай калчу. Анан менден чоң агам “экинчи чүкө ойнойсуңбу?” деп чүкө менен сабайт эле. Анда деле көңүлүм калбай, кайра эле ойноп кетип калчумун. Абалак деген оюнубуз бар эле, ошону ойночубуз. Бир тешикке беш ташты таштап, хан-вазир, ат, эшек, сот болуп ойнойт элек. Ошол кездин оюндары кызыктуу болгон экен. Топ менен качмай топ, ортого түшмөй сыяктуу оюндарды да көп ойнодук.

Эсимде, үйдүн аркасына атам 4 машине топурак төгүп койгон экен, ошол топуракта далай ойнодук. Ошол топуракта машина жол салып, чек ара кылып чийип, өз-өзүнчө мамлекет болуп шаар курчубуз. Бири-бирибиздин машинелерибизди өткөрбөй койсок, дароо эле “согуш ачты дейт” деп бири-бирибиздин үстүбүзгө минип алып учак болуп кирет элек. “Бомба таштап жатат” деп курган шаарларыбыздын үстүнө таш ыргытып талкалап кирчүбүз. Тобо кылдым, биздин өлкөдөгү азыркы тополоңдорду ойночу экенбиз да ошондо. Анын үстүнө биз Союздун кинолорун көрүп чоңойдук да, анда дайыма согуш болуп, согуштан немистерди жеңип чыккан сюжеттер эмеспи.

«Оозеки сүйлөй турган сабактар жакчу»

– Сабактарды жакшы окудум. 5-6 бала бири-бирибизге атаандашып жарышып окучубуз. Сабактан каччу эмеспиз, кээде 2-3 кыз сабактан качкан учур болуп калса эжекелер “адатта эркек балдар сабактан каччу эле...” деп калышчу. Адабият, тарых, география деген сыяктуу оозеки сүйлөй турган сабактарды жакшы көрчүмүн. Химия, физика сыяктуу жазма сабактар эч жакчу эмес. Ошентсе да жакшы окудум. Мектептеги ийримдерге да жигердүү катышат элем. Бул жагынан жакшы элем. Мектепте эле концерттерге активдүү катышып, элди күлдүргөн жайым бар болчу. Башкалар “оо, куудулсуң, куудулсуң” десе куудул экенмин деп мурдум барбайып калчу. Негизи биздин теңтуштар таланттуу элек, чогулуп уюша калып айылга концерт да коюп жиберчүбүз.

Үйдөгүлөрдүн мени врач же милиция кылабыз деген ою бар эле. Бирок мен элге таанымал адам болгум келчү, Кудай тилегимди берип, артист болуп анан жаным тынбадыбы.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1051, 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан