ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-февралдан 12-февралга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Бирөөгө сырыңызды ачып, көөдөнгө толгон букту чыгарууга аракет кылыңыз. Сыр бөлүшчү адам табуу да кыйынга турушу мүмкүн, бирок чөйрөңүздө андай адам бар экенине жылдыздар ишенишет. Достор жана тааныштарды ылгап мамиле түзүңүз. Анткени баарынын эле сизге көзү түз эмес. Дүйнө таанымды кеңейтүүгө, өз алдынча билим алууга ыңгайлуу учур. Көптөн бери жетпей жүргөн максатыңыздын кайсы бир бөлүгү ишке ашат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Каржы маселесине тиешелүү көйгөйлөрүңүздү ийгиликтүү чечип алсаңыз болот. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүп, анын эсебинен каржылык абалыңыз жакшырышы күтүлөт. Шаршемби же бейшембиде жасалган сатып алуулар абдан ийгиликтүү болот. Бул аптада жашооңузду ыңгайлуу кылуу үчүн өзүңүзгө бардык шарттарды түзөсүз. Досторго жана тааныштарга карызга акча берүү сунушталбайт, алар менен мамилени бузуп алуу коркунучу бар.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер жаңы, кызыктуу иштерди үйрөнүүнү, чөйрөсүн кеңейтүүнү, күчтүү таасирлерге чулганууну каалашат. Бул муктаждыкты канааттандыруунун эң жакшы жолу – саякаттоо. Мүмкүнчүлүк жана каражатыңыз болсо саякатка чыгыңыз. Интернет желесинде көптөн бери баарлашып жүргөн адамыңыз менен жолугушуу уюштура аласыз. Дем алыш күндөрү үй-бүлөгө тиешелүү маанилүү чечимдерди кабыл алуудан алыс болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Көптөн бери табышмак болуп келген сырлардын пардасы ачылат. Апта иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, айрым окуялардын чыныгы себептерин изилдөөгө ыңгайлуу учур. Тыюу салынган нерселерге да тартылышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөлүү бөйөндөр эмоцияларын башкарып, жакын адамынын алдында эмес, артында жөлөк болуп турганы жакшы. Бойдоктор сүйүү сезимдерин сынай турган окуяларга тушугушат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй-бүлөлүү арстандар түгөйү менен өз ара мамилесин, үйдөгү ынтымакты талкуулашат. Сүйлөшүүдөн кийин өнөктөшүңүз сиз үчүн канчалык кымбат экенин түшүнөсүз. Үй-бүлөлүк мамиленин гүлдөп-өнүгүү этабы башталып, түгөйүңүздүн сизге белгисиз тарабы ачылат. Кыз-жигит болуп жүргөн арстандар мамилесин мыйзамдаштырууга аракет кылышканы туура. Жумуштан чарчасаңыз эс алууга чыгыңыз, энергия топтоңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жылдыздар ден соолугуна олуттуу көңүл бурууну сунушташат. Бул үчүн ден соолукту чыңдоочу спорттук жайларга барсаңыз болот. Диета кармагысы келген бийкечтер аракетти ушул жума баштаса жакшы натыйжага жетишишет. Баштаган бардык ишиңизден оң натыйжа чыгып, ийгиликтүү болуп сизди кубанычка бөлөйт. Киреше булагы сиздин акча менен болгон мамилеңизди түзө билгенден көз каранды. Андыктан ченелүү каражатыңыз болсо үнөмдүү пайдаланыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Көптөн бери кош бойлуу боло албай жүргөн таразалардын тилеги ишке ашат. Жубайыңызга жагымдуу сюрприз тартуулаганды унутпаңыз. Жаңыдан сүйүү мамилесин баштагандар бат эле жакындашып, келечекке олуттуу пландарды коюп башташат. Эсепчи, мугалим, чыгармачылык менен алектенген таразалардын айлык маянасы көтөрүлүшү мүмкүн. Достук жолугушууларды калтырбаңыз, жагымдуу таасирлерди алып, көпкө куунак маанайда жүрөсүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Ызы-чуудан оолак болуп, үйдө жалгыз калууну тандайсыз. Үйдө эмеректерди жаңылап, майда-барат оңдоп-түзөө иштерин жасатсаңыз болот. Кыймылсыз мүлк сатып алууну пландап жаткандар юридикалык иштерде дыкат болгону жакшы. Алыстан жагымдуу кабар угасыз, ал сиздин келечектеги пландарга байланыштуу болушу мүмкүн. Балалуу чаяндар аларга мыкты эс алуу тартуулоо үчүн чыгымга учураганга даяр болушу шарт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Досторуңуз менен баарлашуу муктаждыгы күчөп, жолугушуу уюштурасыз. Бул аптаны араздашып жүргөн тааныштарыңыз жана туугандарыңыз менен жарашуу үчүн колдонсоңуз да болот. Адамдар сизге өзүнөн-өзү тартылып, өзгөчө боорукер болуп чыга келишет. Бойдокторду жагымдуу романтикалык таанышуу күтөт, бул жолу баары олуттуу жана чечкиндүү болот. Жолуккан адамыңызга баш кошосуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Материалдык маселелерди чечүүгө басым жасасаңыз ийгиликке жетесиз. Көңүл ачууну коё туруп, бизнесиңизди жөнгө салып алганыңыз туура. Жумушу жоктор кызыктуу жана жакшы акы төлөнүүчү жумуш таба алышат. Көп жумуштарыңыз оңой жана тез бүтөт. Дем алыш күндөрү алыскы сапарга чыкканы жатсаңыз, токтото туруңуз. Унаа башкарууда эреже бузбай айдаңыз, кырсыктап калуу коркунучу бар.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Суу куярларда күчтүү чыгармачылык эргүү ойгонот. Ышкыбоз адам болсоңуз өзүңүзгө жаккан жумушту таап, берилүү менен иштеп кете аласыз. Ушул жылы үй же автоунаа алам десеңиз, азыртадан акча чогултуп баштасаңыз болот. Бирок кымбат баалуу буюмдарды сатып алуу ниетиңизден баш тартканга туура келет. Кийинүү стилин өзгөртүүнү каалагандар бул жаатта адиске кайрылышканы оң.


БАЛЫК (20.02-20.03

Тынч, күтүүсүз кабары жок күндөр күтөт. Жан дүйнөңүздү азыктандырып кызыктуу чыгарма окусаңыз болот. Жумушта кесиптештер менен мамилеңиз жакшырат. Каржы маселесинде туруктуулук пайда болот, бирок бул туруктуулукту кармап туруш үчүн тынымсыз эмгектениш керек экенин унутпаңыз. Туугандар менен мамиле мурдагыдан да жакшырып, алардын бири сизге материалдык колдоо көрсөтүшү күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан