БАЛАНЫ КЫЙКЫРБАЙ, КОРКУТПАЙ КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?

Баланы күч колдонуп жазалоо ыкмасы ата-энеге жардам бербейт. Сиздин кыйкырыктан кийин ыйлап жаткан баланын тып басылып калышы – маселенин чечилгени эмес. Мындай ыкма баланын өнүгүүсүнө зыян дешет бардык психологдор. Балага сөздүн күчү жетпесе эмне кылыш керек? Психолог Чолпон Сманова баланы кыйкырбай, коркутпай, урбай кантип тарбияласа болорун айтып берди.

Энергияңызды көйгөйдү чечүүгө буруңуз

Бала тарбиялоодо эмоционалдуулуктун пайдасына караганда зыяны көп болот. “Эмнеге минттиң, эшек, келесоо!” деп урушкандын ордуна “мунун баарын кантип ордуна келтиребиз эми?”, “кантип кайра жасап тургузсак болот?” деген суроо берсеңиз натыйжалуу болот. Мындай суроолор менен сиз энергияны туура багытка буруп, эмоционалдык жарылууга эмес, көйгөйдү чечүүгө аракет кылган болосуз.

Эрежелерди өзүңүз да бузбаңыз

Балага эмоционалдык жактан байлануу анын бардык нерсени жасашына уруксат берүү дегенди билдирбейт. Тескерисинче, балдарга деген чыныгы сүйүү – бул ага уруксат берилген нерселердин чегин үйрөтүп, жашоосун тартипке келтирүү болуп саналат. Ар бир үй-бүлөдө өзүнө тиешелүү эрежелер болот, бул баланы чоң турмушта күтүп жаткан жашоо эрежелерин, мыйзамдарды бат өздөштүрүүгө үйрөтөт. Үйдөгү эрежелерди бир гана балаңыз эмес, өзүңүз да сакташыңыз керек. Эгер бала ата-энесинин бөлмөсүнө эшикти такылдатып уруксат сурап кирсе, ата-эне да баласынын бөлмөсүнө ошентип кириши зарыл. Кечки тамактан кийин таттуу жебесеңиз, үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү да ошенткени туура.

Ачууңуз келгенин сөз менен билдириңиз

Жумуштан чарчап келип, үйдө балаңыз менен ойноодон баш тарттыңыз дейли. Бул үчүн балаңыз таарынып сизди бир чапса, аны сүйрөп барып бөлмөсүнө камап коюу туура эмес. Минте берсеңиз, балаңызды ачуулуу кылып аласыз. Кыйкыргандын ордуна, аны кучактап “эмне үчүн мындай кылдың?” деп катуу айтыңыз. “Сен мени капа кылдың, сага таарынганым үчүн сени менен ойнобойм эми” деңиз. Ачууңуз келгенин сөз менен билдириңиз, эмоциясы тарай баштаганда апасын же байкесин уруу жакшы эмес экенин айтып түшүндүрүңүз. Бала менен чоң адамдардай сүйлөшүш керек, түшүнбөсө кайра-кайра кайталоодон тажабаңыз.

Баланын сезимдери менен эсептешиңиз

Баланын сезимдери менен эсептешүү эмоционалдык байланыштын бир шарты болуп эсептелет. Сиз коркунуч жок экенин гана эмес, баланы угуп, түшүнүп, кабыл алганыңызды көрсөтүшүңүз керек. Сиз балаңызды өзүн жакшы алып жүргөн убакта гана эмес, бардык учурда жакшы көрөсүз, туурабы? Ошону бала сезиши керек. Ачууланып жатса “сен ачууланып жатасың, туурабы?”, “сен өзүңдү жалгыз сезип жатасыңбы, мен байкап турам, сага кыйын болуп жатат” деп анын абалын түшүнүп турганыңызды айтыңыз. Ошондо бала аны түшүнгөн адам сиз экениңизди сезип ичиндеги бугу, сыры менен бөлүшөт. Бул нерсе аларга тынчтанууга, аң-сезимдүү ой жүгүртүүгө жардам берет.

Күч колдонуп жазалоону унутуңуз

Агрессия көрсөтүү, уруп-чабуу сыяктуу тарбиялоо чараларынан баш тартыңыз. Балаңызды жазалап бурчка тургузуп, караңгы бөлмөгө камап, чыбык менен чапкылоо анын жүрүм-турумун өзгөртүшүнө жардам бербейт. Кичине кезинде бала чоңдордун реакциясы жөнүндө гана ойлоно алат. Эң жакын адамдарынан корккон бала психикалык карама-каршылыктарга кептелет. Мээсинин бир бөлүгү аны коркуткан ата-энесинен качууга шашса, экинчи бөлүгү коргонууга, жардам издөөгө умтулуп туңгуюкка түшөт. Психологдор “зомбулукту көрүп чоңойгон бала кийин өзү да зомбулук көрсөтөт” деп бекер айтышпайт. Анткени баланын мээсинде күч менен тарбиялоо кадимки көрүнүш деген программа калыптанып калат. “Тарбия деген ушундай эле болот”, “баланы кез-кезде чаап туруш керек” деген түшүнүктөрдөн арылганда гана балаңызды туура тарбиялоого бет алган болосуз. Балаңыз оор катачылык кетирсе, ага күч колдонбой кырдаалды кантип оңдоону ойлонуңуз. Мисалы, бала оюнчуктарын чачып жиберсе же гүл салган идишти сындырса, баарын өзүнө тазалатыңыз. Урушуп, уруп эмес, сөз менен жеткирип айтыңыз. Мектепте окуу куралын же кийимин унутса классташтарынан же мугалиминен жардам сурасын. Маселесин өзү чечкенге үйрөнүшү керек. Ошондо буюмдарына болгон жоопкерчиликти сезе алат.

Сабырыңызды машыктырыңыз

Ар кандай талаш-тартыш, оор кырдаалда чоң адам экениңизди эске алыңыз. Балдар кыжырданууга, манипуляцияга жана башка айла-амалдарга жакын болушат. Мындай учурларда сабырыңызды машыктырыңыз. Бала өзүнүн дүйнө таанымын гана калыптандырып жатат, ата-эненин милдети – аны тарбиялоо жана сабырдуулук менен туура жолду көрсөтүү. Айрым үй-бүлөлөрдө балага ата-энесинин бир сөзү же кабак-кашы эле жетиштүү. Бул баланын коркконунан кабар бербейт, анын үй-бүлөдөгү эрежелерди билип, кайсы жерден жаза тайып жатканын түшүнгөнүнөн кабар берет. Бала дүйнөнү таанып билиши үчүн көп нерсеге тыюу салбаңыз. Тыюулар баланын өзүнө же чөйрөсүндөгүлөргө зыян алып келсе гана болгону жакшы. Мисалы, 6 жашка чейинки бала эмне үчүн үйдөн алыска кетип ойнобошу керек экенин билиши керек. Анткени сыртта көчөдө унаалар жүргөн чоң жол бар, өмүрүңө коркунуч туулат деп түшүндүрүшүңүз шарт. “Мен көчөгө чыкпа деп айттым, айтканымды аткарасың, анткени апаңмын” деген себептер жарабайт.

“Өзүң күнөөлүүсүң” деп баланы айыптаганды токтотуңуз

Лексиконуңуздан “өзүң күнөөлүүсүң, ошону көрмөксүң” деген сөздөрдү биротоло өчүрүп таштаңыз. Мындай кемсинтүүлөр баланын мээсинин өнүгүшүнө тоскоол гана болот. Бала ата-энесинин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн гана тентектик кылат. Эгер жоош балаңыз бир учурда ашкере тентек болуп, сөз укпай, мектепте мугалимдери анын тарбиясы боюнча даттана баштаса, демек, көйгөй үй-бүлөдө, балага мээрим жетпей же ага толук кандуу көңүл бурулбай калган. Бала кезинде адамдын психологиялык өзөгү калыптанып, башка адамдар менен баарлашуунун пайдубалы түптөлөт. Бала чагында балаңызга такай кыйкырып, ызаланган болсоңуз, келечекте мындай балдар өзүн төмөн баалаган адам болуп чоңоюшат.

Үй-бүлөлүк чечимдерди кабыл алууга аралаштырыңыз

Бала кичине кезинен эле үй-бүлөдө маанилүү экенин түшүнүшү үчүн майда чечимдерге аралаштырыңыз. Мисалы, дүкөнгө барганда андан “кандай нан алалы?” же “бөлмөңдү кандай түскө боёсок болот?” деп кеңеш сураңыз. Бул балада жоопкерчилик сезимин өөрчүтүүгө жардам берет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан