Кундуз Таштаналиева, ырчы: “МААНИСИ ЖОК ЫРЛАРДЫН ӨМҮРҮ КЫСКА”

Мукам үндүү ырчы айым Кундуз Таштаналиева 2000-жылдардан бери өнөр жолун аркалап келет. “Камбаркан” тобунун солисти Кундуз айым менен чыгармачылык жолу тууралуу баарлаштык.

“Мугалимдик кесип кылдаттыкты талап кылат”

– Негизи мен мугалим болом деп таптакыр ойлочу эмесмин. Турмуштук зарылчылыктан улам мугалим болуп калдым. Табиятымдан өжөрмүн, бир ишти баштасам, орто жолдо таштабайм. Бир четинен мугалимдик кесипте ушул мүнөзүм кармап келе жатса, экинчи жагынан бул чыгармачылыгымды тереңдетүүгө керек жол экен. Чыгармачылыкта уктап эле калып тынчып калбасаң, тынбай изденесиң да. Ошондуктан экөөнү тең алып кеткенге аракет кылам. Мугалимдик кесипти 2007-жылдан бери аркалап келе жатам. Окууну бүтүп жатканда “сен азыр билимди ооз тийгендей элесиң. Мугалим болсоң дагы өсөсүң, ачыласың” деп профессор агай-эжелерим багыт берип, окуу жайда мугалим болуп калгам. Алгач 2 студенттен баштагам, азыр көбөйүп калдык. Акырындап аракет кылып, жолун таап келе жатам. Педагогика 10 жылдап калыптанат экен. Биздин чөйрө башка багыттарга салыштырмалуу өтө кылдаттыкты талап кылат. Психологияны түшүнүп, этика-эстетика, музыка жагынан канчалык терең болсоң окуучуңдун талантын ачууга ошончолук жакшы. Ошон үчүн мугалимдик кесипти терең изилдеп, изденип эле келе жатам. 2014-жылга чейин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында иштеп, андан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде эмгектенип келе жатам.

“Комуздун үнү мени арбап алды”

– Кичинемде тилим эрте, абдан так чыгыптыр. Тынбай сүйлөп, суроо берип жанымда жүргөн кишинин мээсин кагып алчу экем. 2-класста мектепте комуз ийрими ачылды. Класстын жанынан өтүп бара жатсам эле “Жаштар маршы” күүсү угулду. Ошол класстын жанынан кетким келбейт, комуздун үнүнө арбалып турдум. Үйгө келип эле “ата, мага комуз таап бериңиз” дедим. Мени ээрчитип алып агасынын үйүнө комуз сураганы барды. Бир кылы үзүлгөн комузду алып келип оңдоп берген. Ийримге барган күнү эле “Жаштар маршынын” эки кайрыгын үйрөнүп алгам. Кичинекей кезимде Роза Амановадан ушунчалык таасирленчүмүн. Анын сахнага чыкканы, кооз кийимдери, мукамдуу ырдаганы, баары тартып турар эле. Кийин профессионалдуу музыкага аралашканда Мыскал Өмүрканованы тааныдым. Устатым “табиятынан сейрек кездешкен үн, үндү аябай жакшы чогултат” деп ошол кишинин ырларын угузчу.

“Атам сенин наның өнөр жолунда дечү”

– Мени өнөр жолуна ыктаткан биринчи устатым атам деп айта алам. Ал чыгармачылык жолдо жүрбөгөнү менен, көрөгөчтүк жайы бар эле. Кичинекейимде эле шыгымды байкаган окшойт. “Кызым, сенин жолуң, наның ушул жакта” деп калчу. Балага ата-эненин таасири чоң дейт го. Эгер атам музыкага багыттабаса, балким, бул жолду аркалабай калышым мүмкүн эле да. Атам мени Бишкекке алып келип залкарлардын колуна тапшырды. Эстебес Турсуналиев атабыздан эки жыл таалим алдым. Агай ошол учурда бир күнү Италия, бир күнү Франция, жок эле дегенде Казакстанда жүрчү. Ал мугалимдик кесипти токтоткондо, мыкты педагог, профессор Улукмырза Полотов агайга өттүм. Ага чейин классынын сыртынан карап суктанып жүрөр элем. Ошентип Улукмырза агай менен иштешип калдым. Азыркыга чейин эле агайдан кеңеш алып турам. Ырдоо боюнча устатым десем болот.

“2-курсумда “Камбаркан” тобуна келгем”

– Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы курсунда 2-курста окуп жүргөнд устатым Улукмырза Полотов “сенин аракетиң аябай күч экен, өзүңдү сынап көр” деп мени филармонияга “Камбаркан” тобуна алып келди. “Камбарканда” бир жылдай сыноодо жүрдүм, анан топко расмий түрдө кабыл алышты. 2004-жылдан бери “Камбаркан” тобунун курамындамын. Ал жактан Нурак Абдрахманов, Бакыт Шатенов, Саламат Садыкова, Дилшат Кангелдиева, Улан Качкыналиев өңдүү таланттарга аралашып, жуурулушуп жүрүп өстүм. Алардын таасиринде жазган обондорум дагы бар. Ушул кишилерди деле устат деп айтсам болот. Устатчылык бул түгөнбөгөн тема, күнү-түнү сүйлөшсөң дагы жарашат.

“Концертти ойлоп таптакыр уктай албай калгам”

– Баса белгилеп айтып кетчү инсан – дрижёр, Кыргыз Эл артисти Эсенгул Жумабаев. Ал киши менин чыгармачылыгыма тереңден карады. Мага “Камбарканга” ондон ашык чыгармага партитура жыздырып, репертуар боюнча багыт көрсөтүп, тушоо кесүү концертимди өткөргөн. Түгөлбай Казаков деген эмне деген залкар, мен болсо студентмин. Эсенгул агай кадырын салып “Таластан өзүңдүн карындашың келип, олуттуу өнөр жолуна аттанды, батабызды берип тушоосун кесип берели” деп Түгөлбай агайды концертиме конок катары чакырган. 2005-жылы филармониянын кичи залында тушоо кесүү концертимди бергем. Концертти ойлоп таптакыр уктай албай калгам. Ошол убак аябай таасир калтырган.

“Обонду унутуп калбайын деп түнү бою кайталап чыккам”

– Мени кыргыз элине тааныткан “Сакта” деген чыгарма тушоо кесүү концертимдин алдында жаралган. Сөзү Шайлообек Дүйшеевге таандык. Концерттин репертуары даяр болуп калган кезде Эсенгул Жумабаев ушул текстти көтөрүп келиптир, окуп чыгып сөзүнө аябай таасирлендим. Маршруттук таксиде кетип баратып баягы текстке обон чыгарып бараттым. Жатаканага жетип эле кечке ошол обонду кайталап, комузга салып чертип отурдум. Ал кезде азыркыдай жаздыра калганга телефон жок болчу да. Унутуп калбайын деп түнү бою комузда ойноп кайталап чыккам. Эртеси күнү келип эле агайга угузсам, “оо, жакшы, муну концертиңе кошолу” деди. Ошентип концертимде ырдап чыккам. Азыр эл жактырып, оозго алынып калган 7-8 обонум бар. Калганы процессте жүргөн кези. Негизи жакшы нерсе аз болот. Мааниси жок ырлардын өмүрү ар дайым кыска. Сөзү да, обону да, өзүмдүкү деп байма-бай чыгара бергендер элдин табитин бузуп, керек болсо чарчатат деген сөздү айткым келет. Азыр иргелбей жатпайбы. Биздин улуттук баалуулуктарды сактоо үчүн тиешелүү органдар күрөшүш керек болчу. Бирок андай нерсе жок да.

“Белди бекем бууп кайрадан чыгармачылыкка кириштим”

– Көптөн бери эле жүрөгүмдүн түпкүрүндө жеке концерт берсем деген нерсе бар. 2005-жылы берген алгачкы концертимдин кумары менен 2007, 2009, 2013-жылдары жеке концертимди бергем. Анан атам өтүп кетти. Ошону менен менин тоом кулады. Атам мени кайсы жактан болбосун колдоп, жөлөп турчу да. Бул учур оңой болгон жок, ошондо жан дүйнөм солгундап чыгармачылыгымда тыныгуу болуп калды. Чыгыш акылмандарынын “бала ата-энесинен үч жылда түңүлөт” деген сөзү бар экен. Чын эле барып-барып турмуштун чындыгы көзүңө көрүнө баштайт экен. Кайрадан белди бекем бууп, “Кудай сага ушундай шык бергенден кийин өнөр казынасына салымыңды кош” деп өзүмдү алдыга сүрөп иштеп жатам. Апам, бир туугандарым ар дайым колдоп турушат. Азыр изденүүдө жүрөм, буюрган күнү концерт берем.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан