БИР БҮРКҮМ. ПИЯЗДЫ ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ...

  • Жалал-Абад облусунда 28-январда каракчылыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды.
  • 2023-жылы Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсүнүн суммасын 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
  • Ош-Ноокат жолун оңдоо быйыл жаз айларында башталары маалымдалды.
  • Мирланбек Токтомушев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды.
  • Мектепке 1-класска окуучуларды электрондук каттоо апрель айында башталат.
  • Улуттук банк: Өлкөдө накталай доллар жетиштүү.
  • Министрлер кабинети: 2023-жылы Кыргыз жерине 50гө жакын чакан ГЭС куруу пландалууда.
  • Жарандык активист Орозайым Нарматова 31-январда үй камагына чыгарылды.
  • 30-январга карата Токтогул суу сактагычында9 миллиард 463 миллион метр куб суу калганы кабарланды.
  • Өлкөдө 2022-жыл боюнча салык декларациясын кабыл алуу башталганы кабарланды.
  • Бишкекте 31-январда МАИ кызматкерлеринен качкан айдоочу унаасы менен кырсыкка кабылып, 3 адам каза тапты.
  • ИИМ: Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган видеокамералар орнотула баштайт.
  • Кыргызстандан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
  • Нурбек Кадыров Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
  • Өзбекстанда кылмыш кылып, Ош шаарында жашынып жүргөн Кытай жараны кармалганы маалымдалды.
  • Президент Садыр Жапаров жакынкы айларда Пакистанга расмий иш сапары менен барат.
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
  • “Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөнүн Соода өнөр жай палатасына мүчө болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан