Алынган акча электр энергиясын бөлүштүрүү түйүндөрүн модернизациялоо, көмөк чордондорду куруу жана жаңылоо, акылдуу эсептегичтерди жайылтуу, энергетика тармагын реформалоо сыяктуу иштерге жумшалат деп пландалууда.
Депутаттар энергетика тармагын оңдоого деп мурда карызга алынган акчалардын дайыны чыкпай жатканын, ал эми тармактын абалы оор бойдон экенин, муну быйылкы катуу суук ырастаганын айтышты. Айта кетсек, 1991-жылдан бери Кыргызстан энергетика тармагына кредит алуу боюнча 42 макулдашууга кол койгон, суммасы 2 миллиард 152 миллион доллар. Бүгүнкү күнгө чейин бул каражаттын 1 миллиард 435 миллион долларга жакыны алынып, иштетилген.
Депутат Адахат Мадумаров “энергетика тармагына алынган кредиттер туура иштетилгенде "Камбар-Ата-2ге" окшогон 15-20 ГЭС куруп койсо болот эле” дейт.
Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргыздын энергетика тармагында 16 миң кызматкер иштейт. Айрым депутаттар “16 миңдин 4 миңи чиновниктер, кызматкерлердин санын кыскартыш керек” деп да чыгышты.
Буга чейин өлкөнүн энергетика тармагы үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар, Швейцария өкмөтүнөн 8 миллион доллар алынары маалымдалган.