Садыр Жапаров: “Унааларды милдеттүү камсыздандырууга эл даяр эмес”

Өлкөдө автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүү мөөнөтү кайрадан артка жылдырылды. Президент Садыр Жапаров бул мыйзам чийки экенин, эл дагы даяр эместигин 1-февралда маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде белгиледи.

– Бул долбоорду жеке компанияларга бергенге болбойт, мамлекет өзү колго алышы керек. Эл жеке жактарга ишенбейт, кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнөт. Бул долбоорду жеке көзөмөлүмө алып, жакшылап иштеп чыгып, эл өз каалоосу менен киргидей кылабыз. Негизи, жакшы эле долбоор, болгону адилеттүү иштегидей болушу керек,- деп билдирди Садыр Жапаров.

Автоунааларды милдеттүү камсыздандырууну караган мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, бирок мыйзамды толук түрдө күчүнө киргизүү улам артка жылдырылып келе жаткан. Себеби – коомчулук камсыздандыруучу жеке компанияларга ишенбейт. 2023-жылдын апрель айынан тарта унаасын камсыздандырбагандарга 3000 сомдон айып салынары эскертилип, коомчулукта кайрадан нааразычылыктар күчөй баштаган эле. Кайрадан белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Айта кетсек, учурда республикада иштеп жаткан камсыздандыруу компанияларынын дээрлик баары жеке менчикте.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан