АЖЫЛЫК САПАРДЫН ЧЫГЫМЫ ТЕКШЕРИЛИШИ МҮМКҮН

Ажылык сапарды уюштуруу боюнча муфтияттын ишин текшерүүгө Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүшү мүмкүн. Комиссия түзүүнү парламенттин 2-февралдагы жыйынында депутат Фархат Исмаилов сунуштап чыкты. Депутат Кыргызстанда ажылык зыяраттын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат болуп жатканын белгилейт.

– Авиабилеттер Орусияда 500 доллар, ал эми биздин жарандарга 1,5 миң доллардан сатып жатышат. Көрсө, жарандарды Сауд Арабиясына ташуу менен жыл сайын ооганстандык компания алектенет экен. Жарандар 1,9 миң доллар төлөшүп жакшы мейманканаларда жашашат. Ажылыкты уюштуруу иштерин жана чыгымын текшерүүнү сунуштайм,- деди Исмаилов.

Башка депутаттар да “ажылыктын баасы кымбаттап кетти” дегенди колдошту.

Айта кетсек, 2023-жылкы ажылык зыярат үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6000 квота бөлгөнү маалымдалган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан