Банан – күнүмдүк турмушта көп колдонулган жемиштердин бири. Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстандагы соода борборлорунун биринин филиалдарында күнүнө 10 тонна банан сатылат.
Түштүк Америка чөлкөмүндө жайгашкан Эквадор дүйнөгө банан экспортоочу негизги өлкөлөрдүн бири. Ал жактан атайын контейнерлерге жүктөлгөн банан Орусиянын Санкт-Петербург порту аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Эквадордон Орусияга контейнер жүктөгөн кемелер 26-28 күндө жетет, ал эми Орусиядан Кыргызстанга оор жүк ташуучу унаалар менен 10 күндө жеткирилет.
Айта кетсек, жакшы быша элек (жашыл түстүү) бананды тийиштүү температурада 90 күнгө чейин сактаса болот.