Театр жана кино актёру Атай Өмүрбеков апта каарманыбыз. Ачык мүнөз, тамашакөй актёрдун кызыктуу маеги алдыңыздарда. Суроолорубузга Атай мырза тамашалуу да, олуттуу да жоопторду узатты.
– Атай мырза, куш келипсиз! Учурда фурор жаратып жаткан “Разбой” тасмасы тууралуу кеп баштасак. Тасмага кантип тартылып калдыңыз?
– Бар болгула! Фильмди мен элге мынчалык сиңип кетет деп ойлогон эмесмин. Казакстанда да, бизде да жакшы көрүлүп жатат деп уктум. Тасманы Максат Жумаев деген жигит тартты. Ал “Бажарики” киносунун 1-2-бөлүгүндө продюсер катары иштеген, көптөн бери тааныйм. Ошол досум сунуштап калды. Башында мага терс каармандын ролун сунушташты эле, “терс каармандын образын ойной берип тажап кеттим” деп баш тарттым. Бирок “мен сураган сумманы берсеңер ойноп берем” дедим. Анан минтип баатырдын ролун ойноп бербедимби.
– Көбүнчө терс каармандын ролун сунушташабы сизге?
– Ооба, кебетем ушундай болуп калыптыр да. Ошондой ролдор жарашат экен.
– Маектен тышкары сүйлөшүп жатканда “жылдыз болуп жатам” деп калбадыңызбы. Чын эле тасмадан кийин жылдыз болдуңузбу?
– Өзүмдү мурун эле жылдыз сезчүмүн, силер деле жылдыз деп чакырып жатпайсыңарбы. Тамаша, жылдыз болуш башка да. Белгилүүлүктү көтөрө билиш керек. Ошол эле Атаймын, көп болсо 2000-3000 киши көбүрөөк таанып калды, болгону ошол. Башында көчөдөн таанып калгандар “эй, Пустой дом” дешчү, андан кийин “эй, Бажарики” деп калышты. Азыр атым “Разбой” болуп калды.
– Милиция кызматкери болуу сизге жакшы жарашат экен. Актёр болбогонуңузда милицияда иштешиңиз мүмкүн беле?
– Жок, ага деген ушундай бир туруктуу психика керек. Милициянын жумушу оңой эмес, чыдамак эмес болушум керек.
– Бир топ тасмада роль жараттыңыз. Алардын ичинен сизге эң көп жакканы кайсы образ?
– Өзүмдү экрандан көрүп “ушул ролду жакшы ойногом” дегидей ролум жок. Келечек алдыда, буюрса, жакшы ролдорду жаратып, жакшы тасмаларга тартылып, кыргыз искусствосуна кызмат кылам.
– Мурда артисттер “театрга эл келбейт” деп өкүнүү менен айтышчу, азыр театрга барган элдин агымы күчөдү. Бул көрүнүш сиздерге дем-күч берип, мурдагыдан да катуу иштөөгө түртүп жатса керек?
– Ооба, бизди сүйүндүргөнү – өз күйөрмандарыбыз, дайыма көрүп турган көрүүчүлөрүбүз бар. Ар бир актёр, актрисанын жеке күйөрмандары да болот, спектаклге келерде “бүгүн ким ойнойт?” деп сурашат. Ушулардан бери сурап, кызыга башташты, бул жакшы нерсе.
– Атайын билим алып, театрда иштеп жаткан актёрлор менен сырттан келген актёрлордун айырмасы кайсы учурда байкалат же байкалбайбы?
– Кээде окубай, курска эле барып койсом болмок экен деп ойлоп кетем. Бирок диплом алып, кесипкөй актёр болгондон кийин аны далилдеш керек. 5 жыл жөн окуган жокпуз да. Бизге бул кесипти үйрөткөн мугалимдерди уят кылууга акыбыз жок. Мисалы, мен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыковдон билим алдым, аны уят кылбашым керек. Анткени ал мени 5 жыл окутту, өзү билгенди мага үйрөттү. Айырмачылыктар болот, албетте. Бирок окубай эле актёр болуп жүргөн чыныгы таланттуу балдар бар. Талант жана эмгек керек. Талантың болсо эмгек кылсаң жетиштүү, актёрлукка сөзсүз эле билим алып келиш керек дебейм. Билим алганда пайдубал түптөйсүң. Пайдубал курулса акырындан иштеп баштайсың, ошонусу менен жакшы.
– Кыргыз режиссёрлорунан кимге суктанасыз, кимисин мыкты деп эсептейсиз?
– Мен баалаган режиссёрлор – Актан Арым Кубат жана Геннадий Базаров.
– Кыялдарыңыз, жакын арадагы пландарыңыз кандай?
– Жылдыз болуп, атым КМШ өлкөлөрүнө чейин тарап, долбоордон долбоорго чуркап, аябай байып, байыгандан кийин жапжаш аял алып, 2 кабат үй салып, Түркиядан үй алып, жип унаа тээп, жыргап жашаш керек болуп жатат (күлүп).
– КМШ менен эле чектелесизби?
– КМШ, андан кийин Европа, андан кийин океандын ары жагын багындырсам дейм, буюрса.
– Жеке жашооңузда абал кандай?
– Сонун. Баары ордунда.
– Кандай кыздар жагат деп сурасам болобу?
– Адамдардагы жөнөкөйлүктү баалайм, анан шайыр мүнөз адамдар өзүнө тартат. Ошондой эле, албетте, сулуулук, бул кыздарга тиешелүү. Бирок сулуулук биринчи орунда эмес, башкысы – ыйманы.
– Жакшы. Балаңыз жакшы жүрөбү?
– Жакшы, шүгүр. Балам Москвада, апасынын колунда, учурда 2-класста окуйт. Жайында мага келип турат.
– Баланы тарбиялоодо атанын орду башка да, бул жагы кандай болууда?
– Өзүм каалагандай тарбия бере албайм, анткени экөөбүз чогуу жашабайбыз. Мага келген сайын колумдан келишинче аракет кылам. Баланы тарбиялагандан мурун, өзүңдү тарбияла деген кеп жакшы айтылган. Сен кандай болсоң, балаң деле ошондой болот. Адам өзүн өзгөртсө, анан дүйнө өзгөрөт дейт го. Балам менден да жакшы адам болсун деп аракет кылам.
– Чыгармачылыкка кызыгуусу барбы?
– Музыкага кызыгат. Андыктан ага пианино алып берейин деп жатам. 1-2 музыкалык аспапты үйрөнүп алса өзүнө жакшы болмок.
– Буга чейинки маектериңизде “эмоцияга бат алдырам, кызуу кандуумун” деген экенсиз. Убакыттын өтүшү менен бул сапаттар деле өзгөрсө керек?
– Азыр деле ушундаймын. Бирок азыр өзүмдү сырттан караганды үйрөнүп калдым окшойт. Сырттан карасаң көрүнөт тура. Эмоцияга алдырбай, өзүңдү байкап, ушул эмоция мага керекпи деп анализ жасап, өзүңдү ооздуктаганга, жакшы жакка өзгөргөнгө аракет кылып калат экенсиң.
– Дагы бир жолу “чылым чегүүнү таштасам чоң эрдик кылган болот элем” дегенсиз. Байкашымча, андай эрдик кыла элек экенсиз?
– Үйдө жүргөндө көп чекпейм. Көчөгө чыктымбы, балээ башталат. Андай эрдик кыла элекмин. Ал эрдик эч нерсе эмес, үйлөнсөм, ошол чоң эрдик болмок.
– Бул эрдикти жакын арада жасашыңыз мүмкүнбү?
– Өзүм деле билбейм. Театрда “кыйын суроо бердиң, Толгонай” деген тамашалуу сөзүбүз бар, анын сыңарындай, айта албайм. Албетте, үйлөнүп, балалуу болгум келет.
– Баары сонун болсун жашооңузда. Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова