УЛУТТУК БАНКТЫН БАШКАРУУСУНУН ЭКС-МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн Улуттук банкынын башкаруусунун мурдагы мүчөсү Тимур Жусупов кармалганын билдирди. Маалыматка таянсак, экс-чиновник “Керемет Банк” (мурдагы “Росинбанк”) ААКсын мекеме өзүн актабай калган учурда 8 миллиард сомдон ашык суммада мыйзамсыз инвестициялаган, мамлекеттик казынага болжол менен 4,5 миллиард сом зыян келтирген деп шектелип жатат.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жусупов тергөөдө аныкталган далилдердин негизинде кармалганын белгилейт УКМКнын маалымат кызматы. Кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта келтирилген зыяндын так суммасын чыгаруу, аталган кылмышка катыштыгы бар башка жарандарды аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жатканы кошумчаланды.

Тимур Жусупов 2013-жылы Улуттук банктын башкаруусунун мүчөсү болуп дайындалып, 2020-жылы ал кызматтан бошотулган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан