АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Эненин кучагы кандай кудуреттүү! Айдай апасынын кучагынан чыккысы келбей турду. Алакандай айылда жашаган карапайым бул аялда анын бардык жыргалчылыгы жаткандай эле. Эне алакандары менен кызынын жүзүн сылай берди. Анда ушунчалык мээрим жаткан эле. Демек, Айдай ойлогондой деле боору таш аял эмес экен да. Өзүн таштаганга кантип чыдады экен? Кемпир кызын үйгө киргизип, небереси экөө чай берди.

– Күндүз баары жумушта, бул неберем экөөбүз эле калабыз.

– Канча балаңыз бар?- деди Илим сөзгө аралашып.

– Менин 5 балам бар. Үч кыз, эки эркек. Баары, шүгүр, орун-очок алып калышты. Баары Айдай эжеси менен сыймыктанып, "биздин эжебиз" деп жүрүшөт. Бирок мен аларга өзү келмейинче таанышканы барбагыла дегем. Балдарым баштуу, сөздү угушат,- деп койду кемпир сыймыктана. Бир азга ойлонуп калды.

– Аттиң, көзүм көрбөй калбадыбы, сени көрсөм деп жүрдүм эле.

– Эч нерсе эмес, көзүңүздү өзүм дарылатам. Эми биздин көп убактыбыз бар, апа,- деди Айдай. Ушунча жыл экөө эки башка жашабагандай дароо жакын болуп кеткенине Айдай өзү да таң калып турду. Кайра эле кемпирди кучактап эркелегиси келет, маңдайында отурган Илимден тартынып жатты. Экөөнүн сөздөрү болсо керек деп ойлоп Илим сыртка чыгып кетти. Үнсүз отуруп калышты.

– Билем, атаң тууралуу сураган жатасың, кызым. Мен сага баарын айтып берем.

– Ооба, атам тууралуу, мени эмнеге чоң атама таштап кеткениңер тууралуу айтып беришиңизди сурайын деп отургам.

– Сенин атаң укмуш таланттуу жигит болчу. Шаарда окучу, музыкант болом деп тырышып жүргөн экен. Бирок ата-энеси каршы чыгыптыр. Көзгө басар жалгыз бала болсо маңдайына келип үйлөнүп жашашын каалашыптыр. Бирок атаң моюн толгоп болбой калаада жүрө бергенде атасы куда түшүп менин атама келет. Мен 16 жашта элем. Менин да бийик максаттарым бар болчу. Окуп доктур болом деп жүргөн элем. Бирок ал кезде ата-энеге каршы чыкмак кайда. Ошентип таптакыр эки башка адамды үйлөндүрүп коюшту. Жашап кетишет дешти, бирок атаң такыр эле мени менен жашай турган ою болгон жок. Мени көргүсү да келген жок. Шаарда жактырган адамы калганын сен боюмда болуп калгандан кийин билдим. Жаш болсом да намысыма катуу тийди. Жалдырап турмушка чыгып алгансып дайыма мага сыртын сала бергени жанымды ачытты. Мен да муздай баштадым. Көңүл муздак болсо эч нерсе кыла албайт экенсиң. Мен сени төрөгөндө маркум чоң энең кайтыш болуп калды. Аябай жакшы адам эле, колумду бекем кармап алып уулун жалгыз калтырбашымды суранды. Кайсы бир күнү ал дагы мага мээримин салат деп ойлоду. Бирок андай болгон жок. Апасы каза болгондон кийин Москвага кетем деп баштады. Сага үч ай болгондо үйдөн жашыруун чыгып кетти. Күттүм, күттүм, бирок кайра кайрылбады. Ал арада мага азыркы күйөөмдүн көңүлү түшүп калды. Мээримге, сүйүүгө көкүрөгүм толбой ызам кайнап жүргөндө мага бирөөнүн жакшы мамилеси майдай жакты. Ал мага кызым менен үйлөнө албашын айтып, сени чоң атаңа ташташымды айтты. Жашмын, сүйүү көзүмдү тумандатып турса эмне кылмакмын. Сени таштадым. Бирок бир айылда болгондон кийин кайра кайрылам, көз алдымда болот деп ойлогом. Андай болбоду. Баш кошкондон кийин эле мени тоого мал бакканы алып кетти. Мына ошол жерден гана мен сүйүү деп билген нерсем башка экенин билдим. Закир, экинчи күйөөм, аябай зөөкүр чыкты. Башымдан таяк кетпеди. Сени алмак тургай, көргөнгө тыюу салды. Анын мээримсиз жүрөгүн жылытам, айыктырып алам деген аракетим ишке ашпады. Өмүрүм анын таягы менен, жаштыгым көз жаш менен өтүп кетти. Арты-артынан төрт балалуу болдум. Байланып калдым. Тагдырым ушундай болду, кызым. Бирок сени такыр эсимден чыгарбадым. Эне кантип наристесин унутсун? Көкүрөгүмдөгү бир жара болдуң. Кээде гана тоого каттагандардан сенин сүрөттөрүңдү суратып алчумун. Аны жүрөк тушума катып алып эч ким көрбөгөн жерде ыйлачумун. Бирок сени көрөм десем, берки төрт баламды көрбөй калат элем. Закир ушунчалык коркутчу, айтканын да жасай турган көктүгү бар эле. Кийин сен чоңоюп келин болгонуңда айылга биротоло көчүп келдик. Бирок мен сага бара албадым. Барганда эмне дейт элем? “Мен энеңмин, сен дагы меникиндей оор турмушка кабылыпсың” демек белем? Бирок сенин качып кеткениңди билгенимде ичимден “өх” дедим. Ал сени бир күнү өлтүрүп койбосо экен деп коркчумун. Анан кетип калдың. Өз жолуңду таптың. Элдин кызы болдуң.

– Апа, кантип эле мени бир көргөнгө болбойт эле? Жашыруун келсеңиз, бир айласын тапсаңыз болбойт беле?

– Мени берки балдарымдан ажыратып коймок. Өзүм үчүн коркподум, кызым, зөөкүр атасы балдарын да аячу эмес. Менин көзүм мындай болсо эле кимиси колуна илинсе уруп жатып калчу. Аларды атасына таштап кете албайт элем. Мени кечир!

Айдай таң кала берди. Психологиядан энесинин программасы менен бала жашап калат дегенди көп окуган эле. Көрсө, өзү да апасынын кайсы бир учурдагы тагдыр жолун кайталап калган тура.

– Азыр баары жакшыбы, апа?- деди көз жашын сүртүп.

– Ооба, жакшы эмей анан. Балдарым атасына окшобой жакшы чыкты. Баары тартиптүү, мээримдүү балдар. Сени тааныштырам баары менен. Бир туугандарың бар мындан ары.

– Абышкаңыз?

– Ал он жыл мурун каза болду. Минтип көзүмдү челейтип салбадыбы. Ошондон кийин эле өзү дагы жол кырсыгына кабылып каза болду. Менден ал акыркы өчүн алып тынды окшойт. Караңгылыктын туткунунда калганыма 10 жыл болду. Балдарым бардык жерге көрсөтүп көрүштү. Болбойт экен. Минтип кара түндү башыма кийип отуруп калдым. Бирок балдарым, неберелерим жардам берет. Көзүмдү эле карап турушат, айланайындар. Келиним да жакшы чыкты. Мектепте балам экөө тең мугалим. Тиги неберем улуусу. Кичүүсү мектепте. Сен айтчы, кызым. Уулуң чоңоюп калгандыр, аны алып келген жоксуңбу?

Айдайдын жарасына тийди ушул сөз. Буркурап ыйлап алды. Кемпир эмнегедир такып сураган жок. Тизесинде ыйлап жаткан кызынын жүзүн, чачын сылап отура берди.

Айдай ушул жерден өзүн тапкандай болду. Иниси менен таанышты. Аябай жакшы жигит экен, тез эле тил табышып кетишти. Бир күн апасынын жанында болду. Эртеси жолго камданып жаткан. Эртең менен апасы анын колуна сүрөт берди.

– Ким бул?

– Атаң экөөбүздүн жалгыз сүрөтүбүз. Сага эч ким көрсөтпөсө керек. Сага сактадым. Ушул сүрөттү берип колунан бир кармап туруп өлсөм арманым жок дечү элем. Ал күндү да көрсөттү Жараткан. Эми кете берсем арманым жок.

– Сизди жаңы таптым, апа. Кайда кетесиз?- деди Айдай апасын кучактап өөп жатып. Колундагы сүрөттү тиктеп турду. Атасына чын эле окшош экен өзү. Чоң атасы атасына таарынып бардык сүрөттөрүн өрттөп салган экен, көргөнү ушул. Чүкөдөй болуп карыган апасын аяп кетти. Көп нерсе көрсө да мээримин жоготпой сактап калганын кара. Колунан өөп, кайра-кайра кучактап жатып машинага түштү. Ак чачы жоолугунан чыгып, кол булгалап коштошкон эрбейген кемпирдин карааны алыста кала берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
temirov76
2023-02-09 12:51:00
Мунун мурунку сериалдарын кантип таап окуса болот?
0
Luiina
2023-02-10 04:56:00
temirov76 Жан дуйно болумунон
0
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан