Өмүрбек Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты: «САЯСАТКА БАРУУГА МЕНИ ТУРМУШ МАЖБУРЛАДЫ»

Депутат Өмүрбек Бакировго маектешкени барсам, баягы ызы-чуудан кийин берилген жаңы иш бөлмөсүнө жаңыдан жайгашып жатыптыр. Иш бөлмөсү жок 3 айдан ашык өзү жыйындар залында, жардамчылары коридордо жүргөнүн айтып тамашалады.

– Саламатсызбы, Өмүрбек мырза? Маегибизди сиздин саясатка келген учурдан баштасак, депутаттыкка чейин эмне иш кылчу элеңиз?

– Саламатчылык. Акыркы 30 жылда жаңы төрөлгөн баладан тарта 70теги карыяга чейин саясатчы болуп калбадыкпы. Өлкөдө завод-фабрика, ишканалар жок, эл жумушсуз, анан саясат менен алек болот да. Биздин мамлекеттин өнүгүшүнө, коопсуздугуна, экономикалык жактан өсүүсүнө азыр бешиктеги бала деле кызыкдар. Бирок биз өзгөчө элбиз. Башыбызга кыйын күн түшкөндө бир муштумга бириге алат экенбиз, буга Баткендеги акыркы окуялар мисал. Саясатта да элим-жерим деп күйгөн инсандар көп, ошолордун шары менен 28 жашымда саясатка келгем. Мамлекеттик кызматта бир күн да иштеген эмесмин. Өзүм Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнөн болом. Биздин айылдын 60-70 пайызы Өзбекстан менен чектешет. Суу талаш, жер талаштарды көрүп чоңойгон баламын. Суу көйгөйү өтө курч эле. Мурун биздин айылда Керкидан деген көл бар болчу, кийин ал суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетти. Чек ара маселеси, элдин экономикалык, социалдык жактан артта калганы, мунун баары саясатка келүүмө түрткү болгон. Саясатка келүүмө турмуш мажбурлаган десем болот. Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин аяктагандан кийин жеке ишкерлик менен алектендим, 2008-2010-жылдары “Гарант” ААКсында башкы директорлук кызматты аркалагам. 2010-жылы Ош окуялары болуп кетти, ошондон кийин “Ата Журт” партиясына мүчө болуп, парламентке депутат болуп шайланып келдим.

– “Ата Журт” партиясы менен депутат болсоңуз, демек, сизди саясатка Камчыбек Ташиев алып келген десе болобу?

– Жок, ал киши Жалал-Абад облусунан шайлоого аттанган талапкерлердин куратору болчу. Ош облусуна Ахматбек Келдибеков куратор болуп турган. Ал эми партиянын башкы штабын Садыр Жапаров жетектеген.

– Камчыбек Ташиев менен мамилеңиз кандай эле?

– Ага-инидей эле сый мамиледе болчубуз. Эми саясатта ар кандай болот да, 2012-жылдары алар бир топ саясий сыноолорго тушугушту. Ошондо ар кимибиз өз жолубуз менен кеткенбиз. Мен кийин КСДП партиясынан депутаттыкка аттангам.

– Чек арага жакын, көйгөйлүү айылда өскөм деп калдыңыз. Кемпир-Абаддын Өзбек тарапка берилишине ошол үчүн каршы добуш бердиңизби?

– Ооба. Кургакчылыктын азабын билген адам катары айтсам, биз сууга өтө муктажбыз. Мен Кемпир-Абаддын алмашылганына каршы болгон жокмун, мурунку келишимге ылайык, Өзбек тарап бизге 219 чакырым канал куруп бермек болчу Бүргөндүгө чейин. Келишимде жазылгандан кийин ошол каналды курдурууга кызыкдар болбодуңарбы деп суроо бергем. Ал канал курулса 60 миң гектарга жакын жерибиз суу менен камсыз болмок. Мен жашаган райондон, айылдан ошол канал өтмөк. Жообун уктуңар го, ал каналды куруу азыр максатсыз болуп калган, мүмкүн эмес дешти. Максаттуу эле болчу.

– Учурдагы өлкөнүн өнүгүү багытына көз карашыңыз кандай? Экономика, коопсуздук маселеси боюнча эмнени баса белгилейт элеңиз?

– Экономикалык жактан алсак, эл өзүн-өзү багып жатат. Дыйканчылык кылат, уул-кызы миграцияда жүрөт. Завод-фабрика жок, өндүрүш тармагы начар. Ушундайда өкмөт башчы салыктын түрүн ойлоп таап, элдин жонунан кайыш тилгенди токтотуш керек. Суу кымбаттайт, свет кымбаттайт, жадакалса минип жүргөн унаасына салык салабыз деп чыгышпадыбы. Эптеп оокат кылып жаткан элге бул оор тиет. Айлыктар көтөрүлдү, бирок 7 миллион элдин баары мамлекеттик жумушта иштебейт да. Ал эми коопсуздук маселесине келсек, жылыш бар. Куралдуу күчтөрүбүздү бекемдеп, жаңы аскердик техникаларды алып жатканыбыз кубантат.

– Электр энергиясынын тарифи 23 тыйынга көтөрүлөрү күтүлүүдө. Бул аракет негиздүү элеби сиздин оюңузча?

– Чынында, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде тариф арзан. Бирок Өзбекстанда жаратылыш газы 3 сом 50 тыйын, Казакстанда 6 сом. Бизде 18 сом 55 тыйын, айырмасын карагыла. Электр энергиясы өзүбүздөн чыккандан кийин өз элибизге арзан болуш керек да. Свет кымбаттаса газды арзандатып, же газ кымбаттаса светти арзан кылып бериш керек мамлекет. Анан тарифти 1 сом менен токтотуш керек, андан көтөрсө элге эле кыйын. Мисалы, Өзбекстанда эл электр энергиясын жарыктандырууга эле колдонбосо, үйлөрүн газ менен жылытышат, анткени газ арзан. Биз дагы бир жагынан болбосо, экинчи жагынан элге жеңилдик беришибиз керек.

– Орусиянын жарандыгын алган мекендештерибиздин абалы парламентте да көтөрүлүп жатат. Аскердик мобилизация, чек арадан чыгарбоо... Ушул маселеде өлкө мекендештерге жардам бере алабы?

– Орусиянын жарандыгын алган мекендештерге юридикалык жактан жардам берүү дээрлик мүмкүн эмес. Орусиянын өз мыйзамдары бар, өлкө жетекчиси кандай чечим чыгарса, жарандары аны аткарууга милдеттүү.

– Шайлоочулар эмнеге өздөрү шайлаган депутатка нааразы боло беришет? Убадалар аткарылбай калган үчүнбү?

– Биринчи себеби, шайлоодо бир эле округдан 5 адам ат салышса, анын бирөө эле өтөт да. Кээде 15, кээде 100 добуш айырмачылыгы менен атаандашын жеңип алгандар бар. Калган атаандаштары, албетте, башкы талапкерди сындашат, сөз кылышат. Экинчи себеби, айрым депутаттар чындап эле шайлоодо берген убадаларын аткарбай, жеке бизнесине тиешелүү маселелерди чечүү менен убара болуп калышат. Кээде өкмөт башчыга, министрлерге жеке маселесин чечкени кирип, элдин маселесин унутуп калгандар бар. Мына ушундай көрүнүштөр элде нааразычылык жаратат.

– Депутаттык мандатты пайдаланып жеке маселеңизди чечип көргөн эмессизби?

– Жок, эч качан. Ишенбесеңер өкмөт мүчөлөрүнө кирип “Бакиров жеке маселесин чечүү үчүн бир нерсе суранды беле?” деп сурап көргүлө. Мен дайыма элдин кызыкчылыгы, көйгөйү, маселеси үчүн иштеп жүрөм. Элдин колдоосу жок болсо 3 жолу депутат болуп шайланбайт элем. Шайлоодо добуш сатып алуу болсо эл бир жолу, эки жолу шайлайт, үчүнчүсүндө “кой, муну билебиз” деп шайлабай коймок.

– Кеп нугун чакан мамлекетиңизге бурсак. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып бересизби?

– Мен дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам көп жыл фельдшер болуп иштеп, кийин дыйканчылык менен алектенди. Тилекке каршы, ата-энемдин көзү өтүп кеткен. 6 бир тууганбыз, мен эркектердин улуусумун. 24 жашымда үйлөнгөм, 5 балам бар. Улуу балам 11-классты бүттү, калгандары кичинекей.

– Токол маселеси боюнча тамаша аралаш суроо бергим келип турат. Шартыңыз болсо токол алат белеңиз?

– Негизи экинчи аял алууга биз туткан дин тыюу салбайт. Кудай өзү уруксат берип жаткан соң башкасынан уруксат сураштын кереги жок го дейм. Кыздарыбыздын чет элдиктерге турмушка чыгып кордолуп, тагдыры талкаланып жатканын көрүп жатабыз. Ошол кыздар өзүбүздүн жигиттерге 2-3-аял болуп күйөөгө тийсе эмне үчүн болбосун? Экинчи аял алууга көз карашым түз, каршы эмесмин. Эгер парламентке ушундай мыйзам сунушталса, колдоп бермекмин.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан