СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы "Zagreb Open" эл аралык мелдешине катышат

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы 1-5-февраль аралыгы Хорватиянын борбору Загребде өтө турган "Zagreb Open" эл аралык турнирине катышат.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде 3-февралда, ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта 4-февраль күнү күрөшөт.

Көк бөрүдө Экинчи лига түзүлөт

Быйыл көк бөрү турнирлеринде Жогорку лига жана Биринчи лигадан тышкары Экинчи лига дагы болушу күтүлүүдө. Ага ар бир облустан экиден квота берилип жатат. Экинчи лиганын финалист эки командасы Биринчи лигага өтөт. Өз кезегинде Биринчи лигадагы акыркы орунду алган эки команда Экинчи лигага түшөт.

Кыргыз футзалчы кыздары Тажикстан курамасына утулуп калды

Футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курамасы Ташкентте өтүп жаткан "CAFA WOMEN’S FUTSAL CHAMPIONSHIP" турниринин алкагында Тажикстанга утулуп калды.

Беттеш 30-январда болуп, анда Кыргыз курамасы 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Кыргыз курамасынан голдорду Айжан Боронбекова менен Кенжебүбү Ырысбек кызы киргизишти.

Муну менен кыргыз футзалчы кыздары аталган турнирде төртүнчү орунду ээледи. Алар буга чейин Иранга 5:0 жана Өзбекстанга 6:1 эсебинде жеңилишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан